Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги мекеменин жамаатына Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы башчысы Нурланов Шергазы Нурлановичти тааныштырды.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун 2026-жылдын 21-майындагы буйругуна ылайык ишке ашырылды.
Шергазы Нурланов 2013–2017-жылдары милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин академиясында «Укук коргоо иши» адистиги боюнча билим алган. 2026-жылдын мартында Ош мамлекеттик университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2017-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгында баштаган. 2023-жылдан 2026-жылдын майына чейин Ош облусунун Ош аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүндө сот приставы кызматын аркалап келген.


