KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кесип жөнүндө кеңири: студенттер Сот департаментинин кызматкерлери менен жолугушту

19 февраля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2–3-курсунун студенттери үчүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти: кечээ жана бүгүн» аталышындагы конок лекция өткөрүштү.


Иш-чаранын максаты студенттерди Сот департаментинин ишмердүүлүгү жана негизги милдеттери, анын өлкөнүн сот тутумундагы орду, ошондой эле сот адилеттиги жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштыруу болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Сот департаментинин тарыхы жана өнүгүү этаптары, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле сот приставдар кызматынын иши — алардын укуктары, милдеттери жана ыйгарым укуктары тууралуу кеңири маалымат берилди.


Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан реформаларга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, аткаруу өндүрүшү тутумунда 2025-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 1-июлуна чейин апробациялык режим киргизилип, анын алкагында сот актыларын жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилгени белгиленди.


Лекцияны:



  • Сагыналиева Назира Беккуловна — маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы;

  • Жамакеев Асанаалы Беккулович — сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана контролдоо башкармалыгынын башкы адиси өткөрүштү.


Студенттер талкууга активдүү катышып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук аспектилери, ошондой эле сот тутумундагы кесиптик иштин өзгөчөлүктөрү боюнча көптөгөн суроолорду узатышып, кеңири жоопторун алышты.


И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты Сот департаментинин кызматкерлерине жемиштүү кызматташтык жана келечектеги адистердин кесиптик калыптанышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.