Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү белгиленгендигин маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде апостиль коюунун наркы аткаруу мөөнөтүнө жараша жана төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 1 340 сом — 2 жумуш күнүнүн ичинде;
- 3 760 сом — 1 жумуш күнүнүн ичинде;
- 8 460 сом — 3 сааттын ичинде.
Эң башкысы:
- Төлөм ар бир документ үчүн өзүнчө жүргүзүлөт.
- Документтерди «Электрондук апостиль» системасы аркылуу (apostille.minjust.gov.kg сайтында) тапшырууга болот.
- Төлөм жүргүзүү үчүн реквизиттер: Кыргыз Республикасынын Борбордук казынасындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин депозиттик эсеби.
- Мамлекеттик алымды төлөө үчүн реквизиттер.
Апостиль сот органдарынан чыккан расмий документтерге (сот актыларына) коюлат.
Депозиттик эсеп: 4402061103016774, алуучу: КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, ИНН: 00405199510158, БИК: 440001 (МКП жана ВКП үчүн — 440206).
Жогоруда аталган КР МК токтому менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот: https://cbd.minjust.gov.kg/7-16578/edition/1005/kg


