KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Юридикалык жактарды каттоо маселелери талкууланды

16 мая 2023

Бүгүн,  2023-жылдын 16-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулары тарабынан аткаруу документтерин аткаруу үчүн юридикалык жактардын жетекчилери жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берүү маселелери талкууланды.