KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Салык кызматы менен техникалык интеграция маселелери талкууланды

30 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле Сот департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда жумушчу топтун төрагасы, директордун орун басары Канатбек Осмоновдун жетекчилиги алдында жумушчу кеңешме болуп өттү.


Жолугушуунун алкагында автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын ортосундагы техникалык интеграция маселелери талкууланып, келечекте салык кызматы органдарынын билдирүүлөрүн электрондук форматта жөнөтүү мүмкүндүгү каралды.


Ошондой эле, сот аткаруучулардын кызматтык бөлүмдөрү менен салык кызматынын ортосундагы техникалык өз ара аракеттенүүнүн негизги көйгөйлөрү, татаалдыктары жана мындан аркы өнүгүү багыттары тууралуу пикир алмашуу болду.


Белгилей кетсек, 2025-жылдын 12-февралында «Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамына аткаруу документтеринин түрлөрүн салык кызматынын органдарынын билдирүүлөрү менен толуктоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилген.