KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда өтүүдө

14 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Сот департаментинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отуруму өтүүдө.


Коллегиянын ишине Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, директордун орун басарлары Джылдыз Рыскулова менен Канатбек Осмонов,  коллегиянын мүчөлөрү, облустук жана структуралык башкармалыктардын, «Адилет сот» жана «Фемида Пансионаты» мекемелеринин башчылары жана бөлүм башчылар катышышты.


«Биздин ишибиздин негизги милдеттери финансы каражаттарын натыйжалуу өздөштүрүү, материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу, ошондой эле сот актыларын өз убагында жана толук аткаруу. Биздин ишибиздин ар бир күнү — бул коомдун адилеттүүлүккө болгон ишенимине салым экенин эстен чыгарбоо керек», — деди Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев.


Сот департментинин ишмердүүлүгүн сынга алган Жогорку соттун төрагасы: “Бүгүн уга турган отчет — жыйынтыктарды чыгарууга гана эмес, биздин ишти андан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга да багытталышы керек. Сиздердин жоопкерчилигиңиздер биздин тутумубуздун иштеши үчүн негиз түзөт жана биз мындан ары да өнүгүүнү, жаңы бийиктиктерге жетүүнү, жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөнү улантабыз деп ишенем”, — деп баса белгиледи Медербек Сатыев.


Иш чараны ачып жатып, «Сот департаментине жүктөлгөн негизги милдеттер жалпыбызга маалым, бирок ошол милдеттер канчалык деңгээлде туура, так аткарылып жатканына баа берүү мезгили келди. Эң башкысы — калкыбызга кызмат кылып, алдыга коюлган милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу. Коомдун өсүп-өнүгүшү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана элдин сот тутумуна болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу үчүн биз талбай, болгон күч-аракетибизди жумшоого милдеттүүбүз», — деди Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев.


Белгилей кестек, Сот департаментинин коллегиясынын курамы  9 мүчөдөн турат. Коллегиянын күн тартибинде Сот департаментинин облустук, структуралык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, «Адилет сот» жана «Фемида Пансионаты» мекемелеринин 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык камсыздалышы, финансылык каржылоосу, алардын  аткарылышы тууралуу маселелер каралууда.