Сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Эмильбек Ачыкеевдин жетекчилиги алдында жумушчу топ Баткен облусундагы шаардык жана райондук сотторго кызматтык иш сапар менен барды.
Жумушчу топтун курамына башкармалыктын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бусалима Шорохова жана башкы адис Инабат Сайитбурканова кирди.
Сапардын алкагында аймактагы сот мекемелеринин материалдык-техникалык базасынын абалына комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө иш бөлмөлөрүнүн шарттары, имараттардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, сот залдарынын, көзөмөл пункттарынын жана коомдук тартипти камсыздоо системаларынын иштеши каралды. Айрыкча коопсуздук маселелерине жана сот процессине катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сапардын алкагында башкармалыктын башчысы сот аппаратынын кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдары менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда эмгек шарттары, кызматтык тартипти сактоо жана кызматтык милдеттерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Жүргүзүлгөн мониторинг жана иш жолугушуулар Баткен облусундагы соттордун ишин уюштуруунун деңгээлин жогорулатууга, ички тартипти чыңдоого жана заманбап материалдык-техникалык камсыздоону камсыз кылууга багытталган.