KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун багыттарын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

01 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин маанисине, аны сот тутумунда кеңири колдонуу маселелерине, доктринанын идеяларын жайылтууга, ошондой эле кызматкерлер арасында руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чарада Сот департаментинин кызматкерлери уңгужолунун идеологиясынын негизги багыттарын чагылдырган баяндамалары менен кезектешип чыгып сүйлөштү.


Алар төмөнкү темаларга кеңири токтолушту:


• тарбия, илим, билим берүү жана маданият;


• айлана-чөйрөнү коргоо;


• экономика;


• мамлекеттик тилди өнүктүрүү;


• социалдык мамилелер;


• дене тарбия жана спорт;


• дин;


• кыргыз жери;


• кыргыз эли.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Мамытова «Манастын жети осуяты» темасында баяндама жасап, алардын коомдун руханий-адеп-ахлактык негизи катары маанисин белгиледи.


Өз сөзүндө ал ар бир осуятты ырааттуу ачып берип, алардын мазмунуна жана азыркы коом үчүн маанисине кеңири токтолду.


Атап айтканда, төмөнкү негизги принциптер каралды:


• элдин журттун биримдиги жана ынтымагы;


• улуттар аралык ынтымак жана достук;


• улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;


• эмгек жана билим;


• гуманизм жана айкөлдүк, кечиримдүүлүк;


• табият менен таттуу мамиледе болуу;


• кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана аны көздүн карегиндей сактоо.


Бул баалуулуктар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун сактап, кызматкерлердин кесиптик этикасын жана жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда маанилүү багыт болуп кызмат кылаары белгиленди.


Иш-чаранын катышуучулары активдүү суроолорду берип, пикир алмашып, талкууларга катышышты. Талкуулар жандуу жана кызыгуу менен өтүп, катышуучулардын темага болгон жогорку деңгээлдеги кызыгуусун көрсөттү.


Тегерек стол форматындагы жолугушуу маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш сектору тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.


Иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды жайылтуу, мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө жана маданий мурастарды өнүктүрүү болуп саналат.