KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Өрнөктүү өмүрүн сот тармагына кызмат кылууга арнаган Жылдызбек Кудаяров ардактуу эс алууга узатылды

29 мая 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров ардактуу эс алууга узатылды.


Иш-чарада Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев Жылдызбек Кудаяровдун сот тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин жогору баалап, анын кесипкөйлүгүн, өз жумушуна болгон жоопкерчилигин, калыстыгын жана тактыгын жаш кызматкерлерге үлгү экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу «Сот департаментинин ардагери» медалын тапшырды.


Ардактуу эс алууга узатуу салтанатына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Сот департаментинин директорунун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова, ошондой эле мекеменин кызматкерлери жана сот приставдары катышышты.


Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова Жылдызбек Кудаяровду ардактуу эс алууга чыгышы менен куттуктап, 40 жылдан ашык судьялык кесиптеги үзүрлүү эмгегине ыраазычылыгын билдирип, Судьялар кеңешинин атынан көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалын тапшырды.


Андан соң Сот департаментинин директорунун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова, эл аралык кызматташуу жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жамааттын атынан атайын белектерди тапшырышты.


Сот тармагында жарым кылымга жакын талыкпай эмгектенген Жылдызбек Кудаяровдун кесиптик жолу 1983-жылы Ысык-Көл облустук сотунун судьясы болуп иштөөдөн баштап, 2011-жылга чейин бир катар жергиликтүү соттордун судьясы жана төрагасы болгон. 2011-2012-жылдары Сот департаментинин директорунун орун басары кызматын ээлеп, 2012-2017-жылдары Сот департаментинин бир катар бөлүмдөрүн жетектеген. 2017-жылдан бери Сот департаментинин Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.


Жылдызбек Кудаяров көп жылдык үзүрлүү, ак ниет эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга арзыган. 1981-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Ошол эле жылы КРнын Жогорку сотунун Ардак грамотасы ыйгарылган. 2009-жылы РФнын Сот приставдарынын федералдык кызматынын Ардак грамотасы, 2014-жылы РФнын Орлов облусунун Болхов районунун башчысы тарабынан Алкыш жарыяланган, 2023-жылы “КРнын Эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ыйгарылган. 2016-жылы ага мамлекеттик кызматтын жана Сот департаментинин отличниги наамдары ыйгарылып, 2021-жылы Сот тутумунун мыктысы наамына татыктуу болгон. Ошондой эле юстициянын I класстагы кеңешчиси класстык чени жана судьянын II квалификациялык классы ыйгарылган.

Мындан сырткары Жылдызбек Кудаяров Сот приставдар кызматын уюштуруп, негиздеген кызматкерлердин катарында болгон.


Ал эми ардактуу эс алууга узатуу салтанатында кесиптештери Жылдызбек Кудаяровдун кадырлуу эмгек жолу урматка татыктуу экенин белгилешип, ардагерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узак өмүр каалашып, жылуу сөздөрүн арнап, ардактуу эс алууга узатышты.