Бүгүн, 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ведомствонун сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн Бишкек шаарынын өзнөчөлөнгөн сот аткаруучулары жана сот приставдары Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев сыйлыктарды тапшырып, кесиптештерин майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди кааларын билдирди. Ошону менен бирге кесиптештерин мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып барууга чакырды.