Бүгүн, 2026-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан 14 жаштагы өспүрүм баладан кабар алышты.
Бала көп жылдан бери оор илдет менен күрөшүп келүүдө. Анын дарылануусуна көмөк көрсөтүү максатында Сот департаментинин жамааты тарабынан апасына акчалай жардам берилди. Мындан тышкары, кызматкерлер дарыланып жаткан бардык балдарга таттуу белектерди таратып, аларга кубаныч жана жагымдуу маанай тартуулоого аракет кылышты.
Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасы Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан облустун Сот приставдар кызмат бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаранын алкагында кызматкерлер Нарын шаарындагы төрт томолой жетим балдар тарбияланып жаткан үй-бүлөгө барып, азык-түлүк, кийим-кече, таттуу белектерди жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматкерлер балдар менен жылуу баарлашып, аларды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бактылуу балалык, жаркын келечек жана окууларына ийгиликтерди кааларын билдиришти.
Ошондой эле, Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери да Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Алар Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланып жаткан «НУР» балдарды калыптандыруу борборуна барып, тарбиялануучуларды майрамы менен куттукташты. Иш-чаранын алкагында мекеменин кызматерлери балдарга акчалай жардам көрсөтүшүп, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, кең келечек кааларын билдиришти.
Мындай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү коомдо боорукерлик, өз ара колдоо жана өсүп келе жаткан муунга кам көрүү сыяктуу баалуулуктардын бекемделишине өбөлгө түзөт.
Балдар — биздин келечегибиз. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка, тиешелүү көңүл бурууга жана коргоолууга татыктуу. Дал ушундай балалык мезгилде адамдын адеп-ахлактык баалуулуктары, турмуштук багыттары жана кыялдары калыптанып, анын келечектеги тагдырына чоң таасирин тийгизет. Ошондуктан ар бир баланын бактылуу, коопсуз жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү.
Жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоонун эл аралык күнү эң байыркы эл аралык майрамдардын бири болуп саналат. Ал 1950-жылдан тартып дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленип келет жана балдардын укуктарын, ден соолугуна кам көрүп, бакубат жашоо тартуулоонун маанилүүлүгүн эске салууга багытталган.


