Ысык-Көл облусунда жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлери үчүн «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча окуу семинары уюштурулду. Иш-чара Ысык-Көл облустук архиви тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен биргеликте өткөрүлдү.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин квалификацияны жогорулатуу жана маалыматтык-санариптик системаларды өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Талгат Мудунов алып барды. Окутууга Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлери жана облустук архивдин адистери активдүү катышышты.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга «Инфодокс» системасынын негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, электрондук документтерди каттоо жана аткарылышын көзөмөлдөө тартиби, архивдештирүү процесстери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү боюнча коюлган талаптар кеңири түшүндүрүлдү. Практикалык суроолор талкууланып, системаны күнүмдүк иш процессинде натыйжалуу колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү сот органдарында электрондук документ жүгүртүүнү өркүндөтүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу жана архив ишмердүүлүгүн санариптештирүү процессин колдоо болуп саналат.
Мындан тышкары, Талас мамлекеттик улуттук университетинде сот органдарынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылары, анын ичинде Талас облусунун Сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүнүн (СПКБ) сот приставдары үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы багыттары боюнча окутуу өткөрүлүүдө.
Программанын алкагында катышуучулар мыйзамдардын актуалдуу маселелерин, кызматтык этиканын негиздерин, коррупцияга каршы механизмдерди, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүн уюштуруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүдө.
Мындай окутуу иш-чаралары мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга, сот жана мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин арттырууга жана санариптик трансформация процесстерин ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөт.


