KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан студенттер үчүн лекция өткөрүлдү

17 декабря 2024

2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери сот аткаруучулардын, сот приставдарынын жана Сот департаментинин облустук башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында Талас Мамлекеттик Университетинин Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледжинин) 1-2-курстарынын студенттери үчүн лекция өткөрүштү.


Жолугушунун жүрүшүндө Башкармалыктын кызматкерлери студенттерге Сот департаментинин, сот аткаруучулардын жана приставдарынын ишинин уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, кызматкерлерди ишке алуудага квалификациялык талаптар жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле алардын айырмачылыктары тууралуу кеңири маалымат берилди.


Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 08-августундагы №153 сандуу “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” Мыйзамы менен жөнгө салынуучу коррупциянын алдын алуу боюнча темалар козголду.


САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы Искак Курамаев, Башкармалыктын башкы адиси Айдайкан Кожокулова, САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Назарбекова, Башкармалыктын СПК башкы адиси Чынарбек Попоев, САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адистери Махабат Манапабаева жана Темирлан Джолдошев лектор болушуту.

Иш-чаранын соңунда Башкармалыктын кызматкерлери студенттерге кызыгуусу, жигердүү катышкандыгы үчүн ыразычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди кааларын билдиришти.