Бүгүн, 2026-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жамааты кезектеги ишембиликке катышты.
Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ленин районунда жайгашкан А. Чортеков көчөсүндө — И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки бөлүнүп берилген аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар аймакты таштандылардан тазалап, тиричилик калдыктарын жыйнап, жер тилкесин талаптагыдай санитардык абалга келтиришти.
Мындан тышкары, ушундай эле ишембиликтер Сот департаментинин Жалал-Абад жана Нарын облустук башкармалыктарында да өткөрүлдү.
Анын жүрүшүндө кызматкерлер аймактарды таштандылардан тазалап, административдик имараттардын айланасын иретке келтиришти, ошондой эле арыктарды тиричилик калдыктарынан жана куураган жалбырактардан тазалашты.
Жарыяланган эки айлыктын алкагында 2026-жылдын 16-майына чейин ар аптанын соңунда кезектеги ишембиликтерди өткөрүү пландалууда.


