KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту

09 апреля 2026

2026-жылдын 8-апрелинде «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери кыргыз элинин залкар жазуучусу, классиги Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту. Аталган музей — белгилүү прозаик өмүрүн кечирип, муундан муунга руханий мурас болуп келе жаткан чыгармаларын жараткан ордо болуп саналат.


Музей Чоң-Арык айылындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, жазуучу өмүрүнүн акыркы 20 жылын өткөргөн үйдө жайгашкан. Мемориалдык музей 2014-жылдын 12-декабрында жазуучунун жубайы Мария Урматова жана балдары Ширин менен Эльдар Айтматовдордун демилгеси менен ачылган.


Үй-музейи жети бөлмөдөн турат. Аталган бөлмөлөрдө жазуучу жашоо-тиричилигинде өзү колдонгон  жеке буюмдары жана эң башкысы — кол жазмалары сакталган.


Сот департаментинин кызматкерлери жазуучунун иш бөлмөсүндө, эс алуу бөлмөсүндө, китепканасында, ошондой эле толугу менен фотоархивге арналган атайын бөлмөдө болушту. Аталган бөлмөлөрдө Чыңгыз Айтматовдун бала кезиндеги сүрөттөрү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана белгилүү инсандардын — көрүнүктүү өлкөлөрдүн лидерлери, дүйнөлүк жылдыздар, жазуучулар, актёрлор, режиссерлор жана сүрөтчүлөр менен түшкөн сүрөттөрү илинген. Бардык экспозициялар жазуучунун көзү тирүүсүндө кандай абалда болсо, ошол калыбында сакталган, бул музейдин меймандарына анын чыгармачылыгы, күнүмдүк жашоосу жана атмосферасы менен терең таанышууга мүмкүнчүлүк берет.


Музейдин экспозициясында Чыңгыз Айтматовдун жазмаларын чагылдырган жана анын чыгармачылыгынын терең маанисин көрсөткөн көптөгөн сүрөттөр илинген. Көркөм сүрөттөр музейдин келүүчүлөрүнө белгилүү образдарды жана сюжеттерди жаңы көз караш менен көрүүгө көмөк берип, адабий чыгармаларды визуалдык искусство аркылуу жандандырат. Советтик кыргыз киносунун көрүнүктүү сүрөтчүсү, актеру Сүймөнкул Чокморовдун түп нускадагы картиналары сыймыктуу орунду ээлеп, экспозицияга өзгөчө баалуулук берип, кыргыз маданий мурасынын байлыгын көрсөтөт.


Үй-музейге баруу меймандарга терең таасир калтырат. Бул жерде Чыңгыз Айтматовдун руху менен тирүү байланыш сезилет — анын өмүр баяны, ой-пикирлери, чыгармачылыгы ар бир буюмдун бөлүгүндө жашоо сүртүмдөрү туюлат. Жазуучунун үйүндөгү жылуулук жана тынч атмосфера терең ой жүгүртүүгө түрткү берип, улуттук мурастын баалуулугун туюп, сыймыктануу сезимин жаратып, билим алууга жана руханий өнүгүүгө умтулуусун шыктандырат.


Жазуучунун үй-музейи — Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактап, аны жайылтууга өбөлгө болгон маанилүү аянтча катары кызматын улантып, жаңы муундарды шыктандырып келет. Аталагн ордо ар бир инсан өмүрүндө бир ирет бара турган мейкиндик.