Бул тууралуу бүгүн, 2026-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда өткөн Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Коллегияда маалым болду.
Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Канатбек Осмоновдун маалыматына ылайык, 2025-жылы сот актыларын аткаруу багытында 5 408 сот актысы келип түшүп, алардын 78 пайызы аткарылган.
Өткөн жылы сот отурумуна катышуучуларды мажбурлап алып келүү боюнча орточо аткаруу көрсөткүчү 80 пайызды түзүп, айрым аймактарда бул көрсөткүч андан да жогору болгон. Тактап айтканда, Талас облусунда – 87 пайыз, Нарын жана Ысык-Көл облустарында – 83 пайыз, Чүй облусунда – 81 пайыз, Бишкек шаарында – 80 пайыз аткарылган.
Мындан тышкары, сот приставдары сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү боюнча мажбурлап аткарууга көмөк көрсөтүү багытында 289 өтүнүчтү карап чыгып, алардын бардыгы боюнча өз убагында жардам көрсөтүшкөн.
Ошондой эле учурда бекитилген 449 штаттык бирдиктин ичинен 421 сот приставы иш алып барып, бул жалпы көрсөткүчтүн 93 пайызын түзөрү белгиленди. Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында кадрдык камсыздоо 100 пайызга жеткен.
Канатбек Осмоновдун айтымында, 2025-жылы сот приставдары республика боюнча 76 486 сот отурумуна катышып, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышкан. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 5 445 сот отурумга көп. Мындан сырткары, 72 соттун 71 административдик имараты сот приставдары тарабынан туруктуу күзөткө алынган. Ал эми Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имаратын күзөткө алуу маселесин 2026-жылдын экинчи кварталына чейин чечүү пландалууда.
Башкы сот приставы сот приставдар кызматын материалдык-техникалык жактан камсыздоо багытында 2025-жылы бир катар маанилүү иштер аткарылганын да белгиледи. Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган 55 кызматтык автоунаа сатып алынып, бардык аймактык бөлүмдөргө бөлүштүрүлгөн. Учурда унааларга атайын айырмалоочу белгилерди жана үн сигналдарын орнотуу, ошондой эле GPS трекер системасы менен жабдуу иштери жүргүзүлүүдө.
«Сот приставдары төрт мезгилге ылайык формалык кийимдер, дубинка, кол кишен жана башка атайын каражаттар менен толук камсыздалып, мыйзам талаптарына ылайык ок атуучу куралдарды сатып алуу маселеси тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыгууда.
Кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу максатында сот приставдары жылына эки жолу белгиленген нормативдерди тапшырып, үзгүлтүксүз дене тарбиялык даярдыктан өтүшүүдө», — деп белгиледи Канатбек Осмонов.
Иш-чарага катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев коллегия куру сандарды гана айтуу менен чектелбестен, ишти жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө багытталышы керектигин белгиледи.
Сот департаментинин жалпы ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү боюнча өткөн жылга карата Сот департаментинин директорунун орун басарларынын маалыматтарын угуп, мекеменин жалпы ишмердүүлүгүн төрага сынга алды.
Өзгөчө көңүлдү сот приставдарынын сот имараттарын толук күзөткө алууну, курал-жарак кармоочу атайын жайлар боюнча берилген тапшырмалар кечеңдеп жатканын баса белгиледи. Мындан улам Коллегиянын жыйынтыгы менен тийиштүү иш алып барбаган жетекчилерге катуу чара көрүү керек экендигин Коллегия мүчөлөрүнө тапшырды.
Коллегиянын отурумуна Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, директордун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова, ошондой эле коллегиянын мүчөлөрү, Сот департаментинин облустук жана структуралык башкармалыктарынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана жооптуу кызматкерлери катышууда.


