KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун Кара-Суу районунун сот приставдары Баткен райондук сотуна күбөлөрдүн келишин камсыз кылышты

25 июня 2026

Ош облусунун Кара-Суу райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн улук сот приставы сот приставдары менен бирге Баткен облусунун Баткен райондук сотунун кылмыш иши боюнча күбөлөрдү мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомун аткарышты.


Сот актысын аткаруунун алкагында сот приставдары тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда өтө турган сот отурумуна катыштыруу максатында күбөлөр Баткен районунун тургундары С.М.Ю., С.М.И., Ы. у А. сот имаратына өз убагында жеткирилди. Бардык процесстик иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлдү.


Ош облусунун Сот приставдар кызматы жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын так сактоо менен, мажбурлап алып келүү иштерин сот актыларынын негизинде гана жүргүзөт.