Жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында Талас облусунун Айтматов райондук сот приставдар кызматтык бөлүмүнүн кызматкерлери сот приставдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтык видеоматериал даярдашты.
Бөлүмдүн улук сот приставы Алмаз Алымов кызматтын негизги багыттары, сот приставдарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын соттордун имараттарында, залдарында жана жайларында укук тартибин камсыз кылуудагы жана сактоодогу маанилүү ролу тууралуу айтып берди.
Сот отурумунун катышуучуларын милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан учурларда колдонулуучу мажбурлап алып келүү чараларына өзгөчө көңүл бурулду.