KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун сот приставдары дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак тапшырышты

09 сентября 2025

Талас облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарындагы «Динамо» коомдук бирикмесинин базасында дене-тарбия даярдыгы боюнча сынак тапшырышты.


Сынактын жүрүшүндө сот приставдары төмөнкү көнүгүүлөрдү аткарышты:



  • 3000 метрге чуркоо;

  • 100 метрге чуркоо;

  • турникке тартылуу;

  • жерден түртүнүү (отжимание).


Нормативдер белгиленген мөөнөттөргө жана кызматкерлердин жаш курактык категорияларына ылайык кабыл алынды.


Иш-чара Талас облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Анарбеков Калыс Анарбекович тарабынан «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык уюштурулду.


Мындай сынактар сот приставдарынын тартибин бекемдеп, кесиптик жана физикалык даярдыгын жогорулатууга багытталган.