KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот приставдарынын мобилдүүлүгү жогорулады: кызматтык автоунаалар атайын сигналдар менен жабдылды

09 апреля 2026

Бишкек шаарындагы Сот приставдар кызматынын кызматтык автоунааларына жаркылдоочу маяктар, атайын айырмалоочу жазуулар жана үндүү сигналдар орнотулду.


Бул чара соттун мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомдорун аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылды.


Жаңыланган автоунаалар сот приставдарынын ишин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзүп, тиешелүү даректерге тоскоолдуксуз жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.


Мындан тышкары, жаркылдоочу маяктар жол кыймылынын башка катышуучуларынын көңүлүн буруп, коопсуздукту камсыз кылса, ал эми атайын жазуулар автоунаалардын тиешелүү кызматка таандык экенин айкын көрсөтөт.


Белгилей кетсек, учурда мындай иштер өлкөнүн бардык аймактарында да жүргүзүлүп жатат.


https://youtu.be/JBuyhlyW6gI?si=AHtLTwfwyuzy7juf