KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Өзгөн райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы эрдиги үчүн ИИМдин медалы менен сыйланды

26 июня 2026

Өзгөн райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Кочкорбаев Нурланбек Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланды.


Сыйлык Ош облусунун сот приставдар кызматынын улук сот приставы Руслан Моллоумаровдун Ош облустук ИИМнин башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жазган сунушунун негизинде Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары милициянын полковниги Анарбек Мусаев Ош облусунун Өзгөн райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Нурланбек Кочкорбаевге кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн эрдиги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыйгарылды.


Белгилей кетсек, 2026-жылдын 22-апрелинде Өзгөн райондук сотунун имаратынын аймагында сот отуруму аяктагандан кийин жарандардын ортосунда массалык мушташ чыгып, кырдаал кооптуу нукка бурулган. Окуянын жүрүшүндө жарандардын бири бычак колдонууга аракет кылып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган.


Ушул шартта сот приставы Нурланбек Кочкорбаев ыкчам жана чечкиндүү аракеттерди көрүп, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз кызматтык милдетин жогорку деңгээлде аткарган. Ал укук коргоо органдары келгенге чейин кырдаалды көзөмөлгө алып, бычак көтөргөн жаранды токтотууга көмөк көрсөтүп, арачыга түшкөн.


Натыйжада, оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүн болуп, жабырлануучуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн.


Ош облустук сот приставдар кызматынын жамааты аталган кызматкерди алган сыйлыгы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди кааларын билдирет