KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун сот приставдарына класстык чендер жана Ардак грамоталар тапшырылды

25 июля 2025

Ош облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Руслан Моллоумаров сот приставдарына атайын класстык чендерди тапшырды.


Класстык чендерди ыйгаруу “КР Конституциялык сотунун, КР Жогорку сотунун, КР жергиликтүү сотторунун жана КР ЖС караштуу Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө Жобого” ылайык жүргүзүлдү.


Ош облустук башкармалыгында өткөн салтанатта Сот департаментинин кызматкерлери сыйланды. Облустук башкармалыктын башчысы Мелисбек Топчубаев сыйлыктарды тапшырып, ардагер Колдошбай Шамшиев “Сот департаментинин ардагери” медалы менен сыйланды.


Ошондой эле, кесиптик милдеттерин ак ниет жана жоопкерчилик менен аткарган сот приставдары Сот департаментинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.