Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында Юристтер күнүнө арналган сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында өз кызматтык милдеттерин жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк менен аткарып, кесипкөйлүгүн, чынчылдыгын жана ишке берилгендигин көрсөтүп келген мыкты кызматкерлер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлык ээлерине Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары тапшырылды. Аталган сыйлыктар сот тутумунун натыйжалуу иштешин камсыздоого жана мыйзамдуулук менен адилеттүүлүк принциптерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.
Кесиптештерине куттуктоо сөзү менен Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурсултан Сагынбаев кайрылып, алардын үзүрлүү, сапаттуу жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал кызматкерлердин ишмердүүлүгү укуктук тартипти чыңдоого жана сот тутумун өнүктүрүүгө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Мындай иш-чаралар кызматкерлерди шыктандырып, мекеме ичиндеги командалык рухту бекемдөөгө, жарандардын укуктарын коргоо жана сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууга кошкон салымын баалоого багытталган.