Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас» эпосун угуу декадасына арналган иш-чара өттү.
Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды жайылтуу, мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө жана маданий мурасты өнүктүрүү.
Аталган жыйынга Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын артисти Сапарбек Зулпуев, жаш манасчы Жасмина Максутова, ошондой эле башкармалыктын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын коногу С.Зулпуев «Манас» эпосунан үзүндү аткарды. Анын таасирдүү аткаруусу кыргыз элинин улуу мурасынын тереңдигин жана маанисин айкын көрсөттү. Аны менен бирге жаш манасчы Жасмина Максутова «Манас» эпосун айтуу чеберчилиги көп кылымдык оозеки мурасты жаш муундун арасында сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыкты үлгүсү болду.
«Манас» эпосун улуттук өзгөчөлүктүн негизги элементи катары сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген бул иш-чара жылуу маанайда өттү. Жалал-Абад облустук башкармалыгы улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө, мамлекеттик тилди колдоого жана өлкөнүн бай маданий мурасын сактоого өбөлгө түзгөн мындай маданий-агартуу иш-чараларын улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


