KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын жана Ош облустарында Юристтер күнү салтанаттуу белгиленди

01 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын жана Ош облустук башкармалыктарында Юристтер күнүнө карата ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө сот тутумунун өнүгүшүнө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарууга кошкон салымы үчүн Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлерине, Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдарына, ошондой эле облустук башкармалыктардын бир катар кызматкерлерине ведомстволук медалдар, Ардак грамоталар жана Алкыш баракчалары тапшырылды.


Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев өз сөзүндө ар бир кызматкердин сот тутумунун натыйжалуу иштешине кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, алардын кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана өз ишине берилгендигин жогору баалай турганын айтты. Ошондой эле кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, ишинде ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана мындан ары да сот тутумунун кадыр-баркын көтөрүүгө татыктуу салым кошо беришин каалады.


Иш-чаралар салтанаттуу жана жылуу маанайда өтүп, кызматкерлерге кесиптик майрамга карата жакшы маанай тартуулап, жагымдуу таасир калтырды.