Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында “Мамлекеттүүлүк, улуттук идеология, укуктук аң-сезим жана улуттук дем – уңгужол” темасында лекция өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, лекцияны С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары өткөрүштү.
Лекцияда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” идеологиясынын мазмуну жана негизги багыттары кеңири түшүндүрүлүп, катышуучуларга улуттук аң-сезимди калыптандыруу, укуктук маданиятты жогорулатуу жана жарандардын мамлекеттин өнүгүүсүнө жигердүү катышуусунун мааниси тууралуу илимий негизделген маалыматтар берилди.
Ошондой эле Жарлыктын негизги принциптери — улуттук баалуулуктарды сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, жарандык жоопкерчилик жана мекенге берилгендик менен кызмат кылуу сыяктуу түшүнүктөргө кенен токтолуп, бул баалуулуктар туруктуу өнүгүүнүн маанилүү негиздери экендиги баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда ачык талкуу уюштурулуп, катышуучулар улуттук идеологиянын алкагындагы мамлекеттик стратегиялык багыттар тууралуу ойлору менен бөлүшүп, пикир алмашуулар жүрдү.
Бул иш-чара Сот департаментинин кызматкерлеринин укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана улуттук идеологияны жайылтуу багытында маанилүү кадам катары бааланууда.