KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунда улуттук баалуулуктарды даңазалаган маданий иш-чара өткөрүлдү

30 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында маданий иш-чара уюштурулду.


Жаратылышта уюштурулган иш-чара кызматкерлер арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу, кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын жана руханий мурастарын урматтоо максатын көздөдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Башкармалыктын кызматкерлери кыргыз элинин байыркы салттарынын бири болгон тушоо кесүү жөрөлгөсүн көрсөтүп, анын тарыхый мааниси, максаты жана өткөрүлүү тартиби тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жаштарга бул салттын тарбиялык мааниси түшүндүрүлүп, улуттук каада-салттарды сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.


Мындан тышкары, катышуучулар арасында кыргыз элинин улуттук оюндары уюштурулуп, анын ичинде упай, беш таш оюндары өткөрүлдү. Ар бир оюндун тарыхый мааниси жана маданий мазмуну тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.


Маданий иш-чарада кыргыз маданияты, улуттук мурастар жана салттуу баалуулуктар кеңири чагылдырылды.


Мындай саамалыктар сот тутумундагы кызматкерлердин мекенчилдик сезимин жогорулатууга, улуттук маданиятты урматтоого жана муундан-муунга өтүп келе жаткан салттарды жайылтууга багытталат.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолунун алкагында уюштурулду.