KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктарында «Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна багытталган иш-чаралар өткөрүлдү

01 декабря 2025

Сот департаментинин облустук башкармалыктарында «Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чараларда мамлекеттик тилдин маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, сот тутумунда мамлекеттик тилдин колдонулушун өнүктүрүү, уңгужолдун идеяларын жайылтуу жана кызматкерлер арасында руханий баалуулуктарды чыңдоо маселелери белгиленди.


Мамлекеттик тилдин сот тутумундагы ролу кеңири талкууланып, катышуучулар мамлекеттик тилдин сот тармагында колдонулушун мындан ары өркүндөтүү боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты.


Ошону менен бирге уңгужолдун алкагында «Манас угуу» декадасына арналган атайын иш-чаралар уюштурулуп, ага манас таануучулар, манас айтуучулар жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты. Аталган иш-чаралар мамлекеттик кызматкерлердин руханий-адептик пайдубалын чыңдоого, укуктук маданиятын жогорулатууга, тарыхый мураска, улуттук салттарга, маданий өзгөчөлүккө, ошондой эле адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу моралдык принциптерге болгон урматты калыптандырууга багытталды.


Жогоруда белгиленген иш-чаралар уңгужолдун максатын жана маңызын терең түшүндүрүүгө, руханий маданиятты өнүктүрүүгө, жоопкерчиликтүү жарандык коомду калыптандырууга жана сот органдарынын ишин улуттук баалуулуктарга шайкеш өркүндөтүүгө кызмат кылууда.


Эске сала кетсек, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы №308 буйругуна ылайык «Манас» угуу декадасы жарыяланган.