Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустук башкармалыктарында коррупциянын алдын алуу жана кызматтык этиканы сактоо боюнча чараларды күчөтүүгө арналган протоколдук жыйындар болуп өттү.
Жыйналыштын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Улугбек Токтосунов коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык коррупциянын алдын алуу боюнча негизги чараларды, ошондой эле коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана иликтөө тартибин түшүндүрдү. Андан соң кызматкерлерге жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, сылык жана туура мамиле кылуу жана кесиптик этикалык нормаларды бекем сактоо зарылдыгын эске салды.
Ушандай эле иш-чаралар Сот департаментинин Баткен, Нарын жана Талас облустук башкармалыктарында болуп өттү.
Талас облустук башкармалыгынын башкы адиси Айдайкан Кожокулова жана Талас облусунун улук сот аткаруучусу Калыс Анарбеков кеңешмелердин жүрүшүндө кызматкерлер арасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле кызматтык этиканын нормаларын, кызматтык форманы жана расмий-иштиктүү кийим стилин бекем сактоо зарылдыгы баса белгиленди.
Мындан тышкары, Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорундагы сот приставдар кызматынын райондук бөлүмдөрүндө коррупцияга каршы күрөшүү темасында жыйындар өткөрүлдү. Жыйындардын жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууланды. Ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигине, кесиптик этиканы сактоого жана жумушта ачык-айкындуулук принциптерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды, кызматтык тартипти жана этикалык нормаларды так сактоо аркылуу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.


