KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде жана анын облустук башкармалыктарында кызматкер айымдарды Эл аралык аялдар күнү менен куттукташты

06 марта 2026

Жылдын эң жаркын жана назик майрамдарынын бири — 8-март Эл аралык аялдар күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана анын облустук башкармалыктарынын мырзалар жамааты айымдарды салтанаттуу түрдө майрамы менен куттукташты.


Куттуктоо сөздөрүн Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, директордун орун басары Канатбек Осмонов, ошондой эле мекеменин башка мырзалары тартуулашты.


Өз сөздөрүндө алар аялдардын сот адилеттиги тутумундагы маанилүү ордун белгилеп, алардын жогорку кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана сот тутмун өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгилешти. Ошондой эле аялдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып, кызматтык ишмердүүлүктү үй-бүлөлүк турмуш менен айкалыштырып келе жатканы белгиленди. Кызматкер айымдарга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди, бакубат жашоо жана жаз майрамындай жагымдуу маанай кааларын билдиришти.


Расмий бөлүктөн кийин айымдарга гүлдөр, таттуулар жана эстелик белектер тапшырылды.


Өз кезегинде жамааттагы айымдардын атынан Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова жана эл аралык кызматташуу жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева мырзалар жамаатына айтылган жылуу каалоо-тилектери, белектери жана майрамдык маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Ушундай эле майрамдык иш-чаралар Сот департаментинин облустук башкармалыктарында да өткөрүлүп, анда жамааттардын мырзалары айымдарды майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтышып, гүлдөрдү жана белектерди тапшырышты.