KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде жана анын аймактык бөлүмдөрүндө ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземдери өткөрүлдү

05 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде жана анын аймактык бөлүмдөрүндө 5-март — Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземдери өткөрүлдү.


Иш-чаралардын жүрүшүндө кесиптик жетишкендиктери, кызматтык милдеттерин ак ниет жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгы, ошондой эле сот тутумунун натыйжалуу иштешин камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ведомствонун бир катар кызматкерлери Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.


Сот департаментинин борбордук аппаратында сыйлыктарды кызматкерлерге Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев тапшырды. Ал жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, сот тутумунун ийгиликтүү ишмердүүлүгү көп жагынан ар бир кызматкердин кесипкөйлүгүнө, жоопкерчилигине жана өз ишине болгон берилгендигине байланыштуу экенин белгиледи. Ошону менен бирге кызматкерлерге үлгүлүү эмгеги жана мекенчилдик сезими менен өтөгөн ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.


Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Сот департаментинин директорунун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова да куттуктоо сөздөрүн айтып, кызматкерлерге мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана бакубатчылык кааларын билдиришти.


Ушундай эле майрамдык иш-чаралар Баткен облустук сотунда, Сот департаментинин Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарында өткөрүлүп, анда жергиликтүү соттордун, облустук башкармалыктардын кызматкерлерине жана Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдарына ведомстволук сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.