KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде бюджеттин аткарылышы, сот имараттарын оңдоп-түзөө жана санариптик документ жүгүртүүнү өнүктүрүү маселелери каралды

30 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна карашту Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиевдин жетекчилиги алдында Сот департаментинде кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.


Жыйынга директордун орун басарлары Канат Осмонов жана Аида Осмонбекова, облустук башкармалыктардын жетекчилери, борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле «Фемида» пансионатынын жетекчиси катышты.


Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин директору облустук башкармалыктардын башчыларынын отчетторун угуп, өзгөчө көңүлдү жергиликтүү соттордун имараттарындагы курулуш жана капиталдык ремонттук иштердин жүрүшүнө, ошондой эле бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдаланууга буруду. Берилген отчеттор негизинен маалыматтык мүнөздө болуп, жасалган иштин анализин камтыбай тургандыгы белгиленди. Мындан ары ар бир башкармалыктын ишинин натыйжалуулугун объективдүү баалоого мүмкүндүк берген аналитикалык жана салыштырмалуу көрсөткүчтөрдү берүү зарылдыгы баса белгиленди.


Мындан тышкары, жыйында аткаруу жана кызматтык дисциплина маселелери, белгиленген талаптардын жана тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүнүн так сакталуусу, жетекчилердин өз ыйгарым укуктарындагы бөлүмдөрдүн ишин уюштуруудагы жеке жоопкерчилиги, ошондой эле бюджеттик каражаттарды рационалдуу жана максаттуу колдонуу маселелери каралды.


Алынган эскертүүлөр жана сунуштарды эске алуу менен облустук башкармалыктардын отчеттору эске алуу үчүн кабыл алынды. Жыйындын жыйынтыгында анык тапшырмалар берилди, алар аныкталган кемчиликтерди жоюуга, аткаруу дисциплинасын күчөтүүгө жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.


Ошондой эле борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана бөлүм башчыларынын отчеттору угулду. Ар бир багыт боюнча көйгөйлөрдү жоюуга жана кызматтык дисциплинаны так сактоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди. Директор мындан ары башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун чыныгы натыйжалар аркылуу чагылдырган аналитикалык отчетторду даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.


Электрондук документ жүгүртүү системасынын иштешине жана өркүндөтүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Документ жүгүртүү алкагында берилген тапшырмаларды аткаруунун белгиленген мөөнөттөрүн сактабагандык үчүн жооптуу кызмат адамдарына тартиптик жаза чаралары колдонулаары баса белгиленди.