KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде Юристтер күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды

26 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 26-июнунда Юристтер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.


Иш-чарага Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, директордун орун басары Аида Осмонбекова, борбордук аппараттын бөлүм башчылары жана кызматкерлери, Бишкек шаарынын сот приставдары, ошондой эле жергиликтүү соттордун кызматкерлери катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев кесиптештерин Юристтер күнү менен куттуктап, алардын сот тутумун чыңдоого кошуп жаткан салымын жогору бааларын белгиледи.  «Мамлекеттин өнүгүүсү, мыйзамдуулуктун бекемделиши жана элдин бакубат жашоосу сиздердин жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер менен тыгыз байланыштуу. Ак ниеттүү кызматыңыздар жана адилеттүүлүккө болгон берилгендигиңиздер коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат.


Элибиздин ишенимин актап, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн мындан ары да ак дилден кызмат кыла беришиңиздерге тилектешмин», — деди Бакыт Курманалиев.


Андан кийин кесиптик жетишкендиктери, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарган жана сот тутумунун өнүгүшүнө кошкан салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Сот департаментинин медалдары, Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары ыйгарылды.


Андан соң куттуктоо сөзүн Аида Осмонбекова сүйлөп жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда июндун соңку жекшембисинде Юристтердин күнү белгиленет.