Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас жана Ысык-Көл облустук башкармалыктарында коррупцияга каршы чараларды күчөтүү жана кызматтык этиканы бекемдөө боюнча протоколдук жыйындар өткөрүлдү.
Иш-чаралар Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиевдин 2025-жылдын 2-декабрындагы жазуу жүзүндөгү тапшырмасынын негизинде уюштурулду.
Талас облустук башкармалыгында өткөн жыйында башкармалыктын башчысы Кубат Манапбаев кызматкерлерге жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин кынтыксыз сактоо, туура жана сылык мамиле кылуу, ошондой эле кесиптик этиканын талаптарын так аткаруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кадрларды камсыздоо секторунун башчысы Айдайкан Кожокулова «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коррупциянын алдын алуунун негизги чараларын түшүндүрүп, коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө тартиби боюнча маалымат берди.
Ошондой эле ушундай эле форматтагы жыйын Ысык-Көл облустук башкармалыгында да өтүп, анда кызматкерлерге кесиптик стандарттарды сактоо, калк менен туура өз ара аракеттенүү жана коррупциялык укук бузууларды алдын алуу боюнча чаралар түшүндүрүлдү. Башкармалыктын жетекчиси кызматкерлердин коррупцияга каршы мыйзамдарды тынымсыз үйрөнүп, терең изилдеп туруусу зарылдыгын, ошондой эле ар бир кызматкер өз милдеттерин чынчылдык, ачык-айкындык жана ак ниеттүүлүк менен аткаруусу маанилүү экенин баса белгиледи.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдарды, кызматтык тартипти жана этикалык нормаларды сактоо аркылуу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды


