Бүгүн, 2026-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин төрагалыгы алдында облустук соттордун, Бишкек шаардык сотунун төрагаларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда кеңейтилген жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зарема Конгантиева, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Аида Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова жана Шералы Камчыбеков, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, ошондой эле анын орун басарлары Аида Осмонбекова жана Канатбек Осмонов катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Медербек Сатыев соттордун техникалык жабдылышынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, Административдик-процесстик жана Жарандык процесстик кодекстерине киргизилген, сот отурумдарынын жүрүшүн милдеттүү түрдө аудио жана видео жаздырууну караган өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга судьялар корпусунун даярдыгы тууралуу маалыматты укту. Кеңешменин катышуучулары процессуалдык мыйзамдардагы аталган өзгөртүүлөрдү практикалык колдонууга байланышкан сунуштарын билдиришти. Сот департаментинин өкүлдөрү сотторду керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер жөнүндө баяндап, кошумча уюштуруу жана ресурстук чечимди талап кылган көйгөйлүү маселелерди белгилешти.
Ошондой эле бул чаралар жакынкы келечекте сот отурумдарын онлайн режиминде көрсөтүүнү камсыздоого өбөлгө түзүп, сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатууга жана жарандардын укуктук маданиятын жогуралатууга салым кошору белгиленди. Былтыр жылдын соңунда Жогорку сот тарабынан ишке ашырылган пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын айрым сотторунан реалдуу сот отурумдары көрсөтүлгөнү айтылды. Учурда региондордогу сот отурумдарын көрсөтүү маселеси иштелип чыгууда. Бул чара калктын укуктук маданиятын жогорулатууга жана сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоого багытталган.
Кеңешмеде жер-жерлердеги сот органдарында жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштерине да өзгөчө көңүл бурулду. Сот департаментке региондордогу белгиленген объектилер боюнча документтерди кыска мөөнөттө иретке келтирип, аларды өз балансына алуу тапшырылды. Ушуга байланыштуу Жогорку соттун төрагасы Сот департаменттин айрым облустук башкармалыктарында протоколдук тапшырмаларды кечиктирүү жана аткарбоо фактылары боюнча кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
Кеңешменин жыйынтыгында Медербек Сатыев республика боюнча сот отурумдарынын залдарындагы техникалык жабдууларга инвентаризация жүргүзүп, алардын абалы тууралуу кыска мөөнөттө маалымат берүүнү тапшырды. Ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу жана сот тутумунун кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.


