Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан,карызкор Исмайлова Зарипакан Чынкожоевнага таандык күрөөгө,коюлган идент. коду 3-10-05-1004-0368 сандуу жалпы пайдалуу аянты 84,2 кв.м., жашоо аянты 59,3 кв.м.,жер участогунун аянты-897,0 кв. м. болгон Жалал-Абад шаары ,Тайгараев а/а Жээнбеков айылы Сагындыков Назарали кочосундо жайгашкан №40-үйү ачык соода-сатыкка (тоорукка) коюлат.
Турак-жайдын баштапкы (старттык) баасы 600 000 (алты жүз миң) сомду түзөт.
Ачык соода-сатык (тоорук) 2023-жылдын 20-ноябрында саат 11:00 дө мүлк жайгашкан даректе жүргүзүлөт.
Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;
2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төөлөгө.
Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.
Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.
Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.
Сатып алуучу протоколго кол коюудан качканда же андан алынуучу бардык сумманы белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө шертпулдун суммасы ага кайтарылып берилбейт жана аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт. Эгерде аукциондун жеңүүчүсү аукционго катышууга укуктуу эмес экени белгиленген учурда шертпул аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт.
Өндүрүп алуучу жана карызкор тооруктарды өткөрүү жөнүндө кошумча кабарларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында өздөрүнүн эсебинен жарыялоого укуктуу.
Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн депозиттик эсеби “РСК Банк” аркылуу ИНН:00501199510013 БИК:440001, төлөм коду:14511900 э/счет 4408012100000241.
Аукциондун уюштуруучусу Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаручусу Исмаилов А.А.
Байланыш тел: 0553 85 08 08.


