KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жогорку соттун төрагасы Сот департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты
2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде болуп, күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышышты. Төрага аппарат кызматкерлеринин ишке өз убагында келип жатканын, дресс-коддун сакталышын текшерип, жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы боюнча сурады. Сот департаментинин түзүмдөрүнүн башчылары жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, буга чейин берилген тапшырмалар, аткаруу өндүрүшүнун аткарылышы, материалдык-техникалык жактан камсыздоо, соттордун имараттарын реконструкциялоо жана жаңыларын куруу, ошондой эле санариптештирүү маселелерин көтөрдү. Медербек Сатыев сот аткаруучулардын жана сот приставдардын көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле Сот департаментинин ишмердүүлүгүн тез арада жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.
Канатбек Осмонов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды
2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Сот департаментинин жамаатына директордун жаңы орун басары Осмонов Канатбек Абдиллаевичти тааныштырды. Нурлан Мусаев Сот департаментинин директорунун жаңы орун басарына жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана анын орун басары Джылдыз Рыскулова кесиптешин кызматтан көтөрүлүшү менен куттуктап, ийгиликтерди кааларын билдиришти. Канатбек Осмонов буга чейин Сот департаментинин соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Иш сапары учурунда Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облусунун Сот приставдар кызматынын 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кеңешме өткөрүп, облус боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчетторун укту. Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облусунда жергиликтүү соттордун мажбурлап алып келүү боюнча токтомдорун аткаруу жагы былтыркы жылга салыштырмалуу пайыздык көрсөткүчтөр жогорулаганын белгилеп, жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтөрдү дагы көтөрүү тапшырмасын койду. Мындан сырткары, сот приставдарын форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилерин талапка ылайык сактап, мыйзам талаптарына ылайык ак ниеттүүлүк менен иш алып барууга жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле, Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыевдин катышуусунда 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарын тапшырды. Кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн кызматкерлер Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев Урмат Мелисович

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Биздин ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча Сиздерди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө биз даярбыз. «Жарандардын кайрылуулары» бөлүгүнө кайрылыңыздар.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев У.М.

Видео