KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумундагы маалыматтык технологиялар

22 июня 2017

«2014-2017-жылдарга  Кыргыз Республикасындагы сот тутумун өнүктүрүү»  Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагындагы  маалыматтык  коопсуздукту камсыз кылуу жана  Маалыматтык тутумдагы иштелме менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу  Сот департаментине караштуу  маалыматтык технологиялар боюнча мекеме “Адилет сот” иш жүргүзөт:


Мамлекеттик программанын максаты болуп: сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу, юридикалык жактардын, жарандардын, мамлекеттин  юридикалык кызыкчылыктарын  жана укуктарын соттук жактан коргоо жактан өркүндөтүү.


Максаттуу программаны ишке ашыруу алкагында комплекстүү иш-чараларды кийинки багытта аткаруу каралган:



  • сот тутумунун ишмердүүлүгүнө заманбап маалыматтык технологияларды жайылтуу;

  • сот имараттарын коопсуздукту камсыздоо тутуму жана техникалык каражаттар менен жабдуу, ошондой эле судьяларды сот имараттарынан тышкары ыкчам коркунучту билдирүүчү жабдыктар менен камсыздоо;

  • соттук актылардын аткарылыш тутумуна заманбап технологияларды жайылтуу.


“Адилет сот” Мекемесинин негизги милдеттери жана максаттары


Мекеменин негизги максаттары болуп:



  • Программалык-аппарат каражаттарын колдонууну камсыздоо;

  • Кыргыз Республикасынын сот тутумунда колдонулган маалыматтык тутумга программалык жана пайдалануучулук колдоо;

  • Соттук маалыматтарды сактоо (соттук иштердин архивин кошкондо);

  • Соттук статистикалык маалыматтардын жана маалыматтык ресурстардын  алакалашуусу.


 


 


 


 


 Мекеменин негизги милдеттери  болуп: 



  • КР Сот тутумунда маалыматтык тутумду коштоо жана өнүктүрүү, түзүү;

  • Программалык камсыздоо, телекоммуникация жана байланыш каражаттары, эсептөө техникаларын натыйжалуу колдонууну камсыздоо;

  • Сот тутумундагы локалдык тармактык мекемелердин иш жөндөмдүүлүгүн  колдоо  жана өнүктүрүү;

  • Соттук компьютердик тармактын иш жөндөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү;

  • Сот тутумундагы маалыматтык сервердик мекемелерди   колдоо жана өнүктүрүү;

  • Сот тутумундагы кызматкерлердин программалык жана эсептөө техникалык каражаттарды керектөөсүн  камсыздоо жана анализдөө;

  • Сот тутумундагы мекемелерди программалык камсыздоо жана эсептөө техникалык каражаттар менен тейлөө жана коштоо, орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу;

  • Сот тутумундагы банк, базалык маалыматтарды,  ресурстардын сакталышын жана санкцияланбаган кирүүдөн коргоону камсыздоо жана уюштурууга катышуу.


Мекеменин ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат менен http://e-sot.kq/. сайты аркылуу таанышсаңыздар болот.