KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

15 ноября 2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2021-жылдын 15-ноябры № 139


Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө



1-глава. Жалпы жоболор



1-берене. Жөнгө салуу предмети




  1. Ушул Мыйзам соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттукөз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин, аны уюштурууну жана укуктук статусун белгилейт.

  2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иштартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.

  3. Эгерде ушул мыйзамда башкача каралбаса, ушул мыйзам менен жөнгөсалууга кирген маселелерди башка мыйзамга киргизүүгө жол берилбейт.



2- берене. Соттук өз алдынча башкаруу




  1. Соттукөз алдынча башкаруу — соттук өз алдынча башкаруу органдары аркылуу сот бийлигинин саясатын түзүү жана милдеттерин ишке ашыруу аркылуу судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүн уюштуруу ыкмасы.

  2. Соттукөз алдынча башкаруу сот бийлигинин көз карандысыздыгы, коллегиялуулук, судьялардын статусунун бирдиктүүлүгү, ачык-айкындуулук, ушул Мыйзам жана соттук өз алдынча башкаруу органдары белгилеген милдеттерди ишке ашырууда судьялар коомдоштугунун уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин сот бийлиги тарабынан өз алдынча жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу принциптерине негизделет.



3-берене. Судьялар коомдоштугу




  1. Судьялар коомдоштугу Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынан турат. Судьялар алар судьянын антын берген учурдан тартып жана отставкага кетүүгө байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган учурду кошпогондо, судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурга чейин судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү болуп саналат.

  2. Отставкада жүргөн судьяөзүнүн судьялар коомдоштугуна таандыктыгын сактап калат жана анын макулдугу менен отставка токтотулганга чейин судьялар коомдоштугунун органдарындагы ишке тартылышы мүмкүн.



4-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдары




  1. Соттук өз алдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушулМыйзамдабелгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.

  2. Төменкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат:


1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары — судьялардын курултайы);


2) Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңеши (мындан ары – Судьялар кеңеши);


3) соттордун судьяларынын чогулушу (мындан ары — судьялардын чогулушу).



  1. Соттукөз алдынча башкаруу органдарын түзүү жана иш тартиби жана алардын өз ара мамилелери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайында аныкталат.

  2. Соттукөз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта жана судьялардын көз карандысыздыгы жана сот иштерине кийлигишпөө принциптерин милдеттүү түрдө сактоо менен жүзөгө ашырышат.

  3. Судьялардын курултайынын, Судьялар кеңешинин иши жана судьялардын чогулушу алардын регламенттери менен жөнгөсалынат.

  4. Соттукөз алдынча башкаруу органдары сот адилеттигин аткаруу боюнча иштерге кийлигише албайт.



5-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жана кайрылуулары




  1. Талкуулануучу маселелер боюнча соттук өз алдынча башкаруу органдары чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кайрылууларды кабыл алууга укуктуу.

  2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан каралууга тийиш.



6-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери



Төмөнкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:


1) сот тутумун жана сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;


2) судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;


3) сот ишин уюштуруучулук, кадрдык жана ресурстук камсыз кылууга катышуу;


4) сот тутумунун бюджетин түзүүнү жана аткарууну контролдоо;


5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү;


6) судьяларды, сот аппаратарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары – Сот департаменти), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;


7) сот бийлигинин кадыр-баркын жогорулатуу, мыйзамдарда жана Судьялар этикасынын кодексинде коюлган судьялардын жүрүм-турум кынтыксыздыгы талаптарынын судьялар тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;


8) судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо;


9) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоону жүзөгө ашыруу.



7-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруучулук, финансылык жана материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу




  1. Соттукөз алдынча башкаруу органдарынын иши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, ошондой эле соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Сот департаментине жүктөлөт.

  2. Соттукөз алдынча башкаруу органдарынын иши республикалык бюджеттен каржыланат.

  3. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары — Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде (мындан ары — Министрлер Кабинети) бюджет маселелери боюнчасоттук өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгат.



2-глава. Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы



8-берене. Судьялардын курултайы




  1. Судьялардын курултайы соттукөз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

  2. Судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал курултайды өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун белгилейт.Судьялардын кезексиз курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

  3. Судьялардын курултайы, эгерде анын ишине Кыргыз Республикасынын судьяларынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.

  4. Судьялардын курултайына Судьялар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жокто — Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары төрагалык кылат.

  5. Эгерде курултай тарабынан чечимдерди кабыл алуунун башкача тартиби белгиленбесе, курултайдын чечими катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.



9-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары




  1. Судьялардын курултайы:


1) Судьялардын съездинин Регламентин, Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу башка актыларды бекитет;


2) сот бийлигинин саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коёт;


3) Судьянын ар-намыс кодексин бекитет;


4) судьялар коомдоштугунун атынан мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерге, коммерциялык эмес уюмдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кайрылууларды кабыл алат;


5) Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;


6) Судьялар кеңешинин резервин шайлайт;


7) Судьялар кеңешинин төрагасынын отчетун угат;


8) судьялар коомдоштугунун башка маселелерин чечет.



  1. Судьялар курултайынын чечимдери судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.



3-глава. Кыргыз Республикасынын судьялар кеңеши жана соттордун судьяларынын чогулушу



10-берене. Судьялар кеңешин түзүү




  1. Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү соттук өз алдынча башкаруунун шайланган органы болуп саналат.


Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берет.



  1. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардынсанынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

  2. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган региондук жана гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүнүн ичинен, үч жылдык мөөнөткөшайлануучу 15 мүчөдөн турган курамда түзүлөт.

  3. Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары — Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары — Жогорку сот), областык соттордун, Бишкек шаардык сотунун судьяларынын чогулуштары тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет.


Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын съезди Судьялар кеңешинин ишинде укук улантуучулукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алат.



  1. Судьялар кеңешине Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, ошондой эле алардын орун басарлары жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү кире алышпайт.

  2. Жергиликтүү соттордун жетекчилери жана алардын орун басарлары Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орун басары боло алышпайт.

  3. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын демилгеси боюнча, судьянын ыйгарым укуктары токтотулган же ал тартиптик жорук жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнетүнөн мурда токтотуу жөнүндөчечим тиешелүүлүгүнө жараша судьялардын курултайы тарабынан, ал эми судьялардын курултайларынын аралыгындагы мезгилде — Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат.

  4. Судьялар кеңешинин резерви судьялардын курултайы тарабынан 15 мүчөдөн кем эмес курамда шайланат. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, анын ордун гендердик жана региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен кезектүүлүккө ылайык Судьялар кеңешинин резервинде турган судья ээлейт.

  5. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда анын ыйгарым укуктары судьялардын кезектеги курултайыөткөрүлгөнгө чейин сакталат.



11-берене. Судьялар кеңешинин жетекчилиги




  1. Судьялар кеңешиөз курамынан Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.


Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт.



  1. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аяктаганда токтотулат.


Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.



  1. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат, ал эми Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары да жок болгон учурда өзүнүн чечими менен төраганын милдеттерин убактылуу аткарууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.



12-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары




  1. Судьялар кеңеши:


1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;


2) соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;


3) судьялардын курултайын чакырат;


4) сот реформасын практикалык ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;


5) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын изилдейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;


6) соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон мыйзамдардын, башка ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлоруна корутунду берет;


7) башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;


8) башка мамлекеттердин судьялар коомдоштугунун органдары, эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;


9) мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан анын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;


10) судьялардын, соттордун аппараттарынын жана Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырат;


11) тиешелүү бөлүктө сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча Сот департаментинин отчетун угат;


12) Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилеринин алардын иштери жөнүндө жылдык отчетторун угат;


13) Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамына эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;


14) Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;


15) Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды түзөт жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;


16) Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары — Президент) Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;


17) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисин шайлайт;


18) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын ичинен Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасын дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет;


19) судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;


20) судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Президентке киргизет;


21) судьянын кынтыктуу жүрүм-туруму жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү түрдө текшерүүнү жүргүзөт;


22) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоону жүзөгө ашырат;


23) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо критерийлерин белгилейт жана бекитет;


24) судьяларды соттук тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди карайт;


25) судьяны соттук тартипте салынуучу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;


26) Сот департаментинин директорун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорун кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;


27) сот адилеттигин ишке ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, жогору турган соттордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин судьянын ишине кийлигишүү фактылары, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу судья тарабынан берилген маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (мындан ары — Башкы прокуратура), ал эми мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кийлигишкенде — тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;


28) судьяларга ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдарды кошпогондо) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет;


29) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүнүчтөн экисинен кем эмес курамында коллегиялуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

  2. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар андан ары тиешелүү соттук инстанцияларга, укук коргоо органдарына же мамлекеттик органдарга жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен арыз ээсине кайтарылат. Бир эле адамдан ошол эле маселе боюнча кайрадан келип түшкөн, жаңы жагдайларды камтыбаган кайрылуулар каралбастан арыз ээсине кайтарылат.



13-берене. Судьялар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары




  1. Судьялар кеңешинин төрагасы:


1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишин жетектейт;


2) Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;


3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коёт;


4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;


5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.



  1. Судьялар кеңешинде аткарылуучу иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешининтөрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча тиешелүү соттогу негизги иштеген жери боюнча иш- милдети азайтылат.



14-берене. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу




  1. Судьялар кеңешинин катчылыгынын иш-милдеттери Сот департаментинин түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.

  2. Судьялар кеңешинин региондордон келген мүчөлөрүнө Министрлер Кабинетитарабынан аныкталуучу тартипте иш сапар чыгымдары төлөнүп берилет.

  3. Судьялар кедешинин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгөашырылат.


Судьялар кеңешинин ишин материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.



15) берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары




  1. Судьялардын чогулушу Конституциялык соттогу, Жогорку соттогу жана жергиликтүү соттордогу соттукөз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат.

  2. Судьялардын чогулушу зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.

  3. Судьялардын чогулушу:


1) судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт жана алар боюнча Судьялар кеңешине сунуштарды киргизет;


2) соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуштарды киргизет;


3) судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуштарды киргизет;


4) Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын түзүү үчүн соттордун судьяларынын ичинен талапкерлерди сунуштайт.



  1. Судьялардын чогулушу ага соттун судьяларынын жалпы курамынынүчтөн экисинен кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.


Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.



4-глава. Судьялар кеңешинин тартип комиссиясында судьялардын жоопкерчиликтери жөнүндө маселелерди кароо тартиби



16-берене. Судьялар кеңешинин тартип комиссиясын түзүү жана анын курамы



  1. Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы (мындан ары — Тартип комиссиясы) тогуз мүчөдөн турат жана Судьялар кеңеши тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.

  2. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминдеүчтөн экиси жыйналышка катышса укук ченемдүү болуп эсептелет.

  3. Тартип комиссиясынын курамына Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Сот адилеттиги иштери боюнча ксңештин мүчөлөрү кире албайт.



17-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү




  1. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайланган учурдан тартып үч жылга созулат.


2 Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын жаңы мүчөсү тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Судьялар кеңеши тарабынан бир айдан кеч эмес мөөнөттө, гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен шайланууга тийиш.



18-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер




  1. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат:


1) арыз берүү;


2) судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу;


3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;


4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу же башка мамлекеттин жарандыгын алуу;


5) соттун айыптоочу өкүмү, же болбосо кылмыштык куугунтуктоону реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтомдун мыйзамдуу күчүнө кириши;


6) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;


7) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;


8) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө кириши;


9) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу жүйөсүз себептер менен келбей коюусу;


10) тартиптик материал боюнча купуя маалыматтын ачыкка чыгуусу.



  1. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Судьялар кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат.


Эскертүү. Ушул Мыйзамда жүйөлүү себептер деп төмөнкүлөр эсептелет: тиешелүү ырастоочу документтери бар болгондо дарыланууда, өргүүдө, кызматтык иш сапарда же окууда болуу.



19-берене. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы



Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышында:


1) Судьялар кеңешинин төрагасы Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн тааныштырат;


2) Тартип комиссиясынын укук ченемдүү курамынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу Тартип комиссиясынын төрагасы, төрагасынын орун басары бир жылдык мөенөткө шайланат.



20-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары




  1. Тартипкомиссиясынын төрагасы:


1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;


2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Тартип комиссиясынын атынан чыгат;


3) жыйналышты чакырат, Тартип комиссиясынын жыйналыштарында кароого киргизилүүчү маселелерди аныктайт;


4) Тартип комиссиясынын жыйналыштарында төрагалык кылат;


5) Тартип комиссиясынын ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;


6) Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалымдайт;


7) Сот департаментинин директоруна Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылуучу бөлүмдүн иши жөнүндө маалымдайт.



  1. Тартип комиссиясынын төрагасы жок болгон мезгилде анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.



21- берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары




  1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:


1) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына катышат;


2) даттанууларды жана сунуштарды (мындан ары — кайрылуу) алдын ала кароону жүзөгө ашырат;


3) Тартип комиссиясынын кароосуна берилген материалдар менен таанышат;


4) кызматтык иликтөө жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;


5) каралуучу маселе боюнча жүйөлүү жана негиздүү далилдерди келтирет;


6) чечимдерди кабыл алууга катышат;


7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коёт;


8) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;


2) тартиптик материалда камтылган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого;


3) эгерде ал ага карата чечим кабыл алынып жаткан адамдын жакын тууганы болсо, Тартип комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзү катышуудан баш тартууну билдирүүгө.



22-берене. Тартип комиссиясынын катчысы




  1. Тартип комиссиясынын катчысынын иш-милдеттери Тартип комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан жүзөгөашырылат.

  2. Тартип комиссиясынын катчысы;


1) Тартип комиссиясында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;


2) Тартип комиссиясынын жыйналышын даярдоону камсыз кылат;


3) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө, кайрылуу менен кайрылган адамга жана ага карата кайрылуу берилген судьяга Тартип комиссиясынын жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт;


4) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө Тартип комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибин жеткирүүнү камсыз кылат;


5) Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу жүргүзөт;


6) кызыкдар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн таркатууну камсыз кылат;


7) Тартип комиссиясынын төрагасынын буйругу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



23-берене. Тартип комиссиясынын судьялардын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди кароо боюнча ыйгарым укуктары



Тартип комиссиясы:


1) судьялардын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди карайт;


2) судьялардын тартиптик жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча Судьялар кеңешине төмөнкүлөр жөнүндө корутунду киргизет:


а) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу жөнүндө;


б) тартиптик жорук жасагандыгы үчүн судьяга тартиптик жаза чараларын салуу жөнүндө;


в) судьяны соттук тартипте салынуучу жазык жана башка жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;


г) судья жазык жоопкерчилигине тартылган (айыпталуучу катары тартылган) учурда аны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө;


д) кынтыксыздык талаптарын бузган учурда Конституциялык соттун судьясын, Жогорку соттун судьясын жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө.



24-берене. Судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата Судьялар кеңешине кайрылуунун субъекттери




  1. Судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар менен Судьялар кеңешине төмөнкүлөр кайрыла алышат:


1) жеке жана юридикалык жактар;


2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары;


3) Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары.



  1. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Судьялар кеңешине Башкы прокурор кайрылат.


Судьяны соттук тартипте салынуучу башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылышат.



  1. Кайрылуулар Тартип комиссиясынын катчылыгына берилет. Кайрылуулар кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен катталат жана Судьялар кеңешинин төрагасына берилет.

  2. Судьялар кеңешинин төрагасы кайрылууну текшерүү үчүн Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине берет.



25-берене. Судьялар кеңешине кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата коюлуучу жалпы талаптар




  1. Кайрылуу Судьялар кеңешине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу берилет.

  2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуулары Судьялар кеңешине даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуулары сунуштама түрүндө жол-жоболоштурулат.

  3. Кайрылуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:


1) кайрылуунун авторунун фамилиясын, атын, атасынын атын, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын жана алардын кызмат адамдарынын аты-жөнүн, алардын даректерин, болсо -телефон номерин;


2) ага карата кайрылуу берилген судьянын фамилиясын;


3) кайрылууда сыпатталган иш-аракеттер жасалган күнүн жана ордун;


4) тартиптик жоруктун (сот тартибинде жазага тартылуучу кылмыштын, кылмыш-жаза жоругунун, башка укук бузуулардын) жагдайларынын кыскача сыпатталышын;


5) судья тарабынан тартиптик жорук (сот тартибинде жазага тартылуучу кылмышты, башка укук бузууну) жасалгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү далилдерди — алар болгондо;


6) кайрылуунун күнүн жана автордун кол тамгасын.



  1. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылуу, анын ичинде электрондук санариптик колтамганы да камтууга тийиш.



26-берене. Кайрылууну кайтарып берүү




  1. Судьялар кеңеши кайрылууну төмөнкү учурларда маңызы боюнча карабастан, кайтарып берет:


1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 25-беренеси менен каралган талаптарга ылайык келбесе;


2) кайрылуу кайра чакыртып алынса;


3) эгерде анда сот актысы даттанылса;


4) эгерде анда камтылган талап Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарына кирбесе;


5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.



  1. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу Тартип комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарып берилет.

  2. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү, кемчиликтер четтетилгенден кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

  3. Ушул берененин l-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылгандан кийин кайрадан кайрылган учурда, бул кайрылуу каралууга тийиш эмес.



27-берене. Судьяга карата кызматтык иликтөө




  1. Кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиз болбогон учурда, Тартип комиссиясынын мүчөсү төраганын тапшырмасы боюнча ага материал келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен кызматтык иликтөө жүргүзөт. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер менен жок болгон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.

  2. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү судьянын аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун болушу же жок экендиги жөнүндө маалымкатты Тартип комиссиясынын кароосуна берет.

  3. Кызматтык иликтөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:


1) ага карата кайрылуу берилген судьяны сурамжылоону жана андан түшүндүрмөлөрдү жана башка далилдерди талап кылууну;


2) эгерде кайрылуу конкреттүү ишти кароодо судьянын жол берилген аракеттерине (аракетсиздигине) карата берилсе, судья караган иштин материалдарын изилдөөнү;


3) кайрылууну берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча кайсы болбосун башка аракеттерди.



  1. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Судьялар кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:


1) тиешелүү документтердин, анын ичинде соттук иштердеги документтердин көчүрмөлөрүн суратууга;


2) ага карата кайрылуу берилген судья иштеген соттун төрагасынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан башка зарыл маалыматтарды суратууга;


3) зарыл болгон учурда кайрылуу берген адамдан жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле кайрылууда келтирилген жагдайларга байланыштуу башка кошумча далилдерди талап кылууга, күбөлөрдү сурамжылоого.



28-берене. Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү



Кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, Судьялар кеңеши тарабынан кайрылуу каралган же судья жүйөлүү себептер боюнча ишке келбеген убакьтты эсептебегенде, судья кайрылуу катталган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен, бирок тартиптик жорук жасалган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.



29-берене. Кайрылууну Тартип комиссиясынын жыйналышында кароо тартиби




  1. Кайрылуу Тартип комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен каралат. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себеп боюнча келбеген мезгил бул мөөнөткө кирбейт.

  2. Ага карата кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароо жөнүндө өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналышы ачык өткөрүлөт.

  3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкат менен тааныштыруусунан башталат.

  4. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.

  5. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам жыйналыштын өтүүчү күнү жана орду тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.

  6. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгөжана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.

  7. Судьянын аракеттеринен кылмыштын белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартиптик материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.



30-берене. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу




  1. Тартип комиссиясынын жыйналышында судьяга карата кайрылууну жана тартиптик материалды кароодо жыйналыштын протоколу жүргүзүлөт.


Протоколдо Тартип комиссиясынын курамы, жыйналышты өткөрүү күнү, кайрылууну, өтүнүчтү кароого катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтар жана аларды кароонун жыйынтыктары, жыйналышка катышуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү, ошондой эле кабыл алынган корутунду көрсөтүлөт.



  1. Судьялар кеңешинин жыйналышынын протоколуна Тартип комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт.

  2. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу тартиптик материалга тиркелет.



31-берене. Кайрылуу жана тартиптик материал боюнча Тартип комиссиясынын корутундусу




  1. Кайрылууну жана судьяга карата тартиптик материалды кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы тарабынан корутунду түзүлөт.

  2. Корутунду Тартип комиссиясы тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  3. Тартип комиссиясынын корутундусу кеңешүү бөлмөсүндөкабыл алынат.


Корутундуга карата өзгөчө пикири бар Тартип комиссиясынын мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат.



  1. Корутундуга Тартип комиссиясынын төрагасы жана тартип комиссиясынын кайрылууну, судьяга карата тартиптик материалды кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.


Корутунду судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн тартиптик материал менен бирге Судьялар кеңешине берилет.



  1. Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу маалымат Судьялар кеңешинин веб-сайтына (веб-баракчага) жарыяланат.



32-берене. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө Судьялар кеңешинин чечими




  1. Конституциялык соттун судьясын, Жогорку соттун судьясын жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңеши аны судьянын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү үчүн Президентке сунуш киргизет.

  2. Жергиликтүү соттун судьясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңеши аны судьянын кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту Президентке киргизет.



33-берене. Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу



Судьялар кеңеши судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуудан төмөнкү учурларда баш тартат:


1) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуунун ушул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган мөөнөтү өтүп кеткенде;


2) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздер болбогондо.



34-берене. Судьялар кеңешинин чечиминин мазмуну



Судьялар кеңешинин чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:


1) Судьялар кеңешинин курамы;


2) кайрылууну, тартиптик материалды кароо күнү;


3) тартиптик жоопкерчиликке тартылган судьянын фамилиясы, аты жана кызмат орду;


4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;


5) иштин кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлары;


6) кабыл алынган чечимдин негиздери;


7) судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу, же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;


8) тартиптик жоопкерчиликке тартылган учурда, судьяга салынуучу тартиптик жазанын түрү;


9) судьяны соттук тартипте салынуучу жазык же башка жоопкерчиликке тартууга жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;


10) чечимди даттануу тартиби, эгерде ал даттанууга тийиш болсо.



35-берене. Чечимди даттануунун тартиби



Судьялар кеңешинин судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө судьяга тартиптик жаза салуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде аныкталган учурларда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.


36-берене. Судьялар кеңешинин чечимин аткаруу



  1. Судьялар кеңешинин чечими ал жарыяланган учурдан тартып үч күнөткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

  2. Судьялар кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрү ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин беш жумушчу күндүн ичинде судьянын өздүк делосуна тиркөөүчүн судья иштеп жаткан сотко, Сот департаментине жана ага карата чечим кабыл алынган судьяга жөнөтүлөт.

  3. Кайрылуу берген адамга кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет. Анын арызы боюнча ага Судьялар кеңешинин чечиминин көчүрмөсү берилет.

  4. Судьялар кеңешинин судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушу Судьялар кеңешинин чечимин даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Президентке жөнетүлөт. Судьялар кеңешинин чечими сотко даттанылган учурда, сунуш сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жөнөтүлөт.

  5. Судьялар кеңешинин судьяны кылмыш-жаза жоопксрчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен Башкы прокурорго жөнөтүлөт.

  6. Судьялар кецешинин судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндон тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен Президентке жөнөтүлог.

  7. Судьялар кецешинин судьяны сот тартибинде салынуучу башка жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.



37-берене. Судьядан тартиптик жазаны алып салуу тартиби




  1. Эскертүү, сын-пикир же сөгүш судьядан судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок тартиптик жаза колдонулган мөөнөттүн жарымынан эрте эмес Судьялар кеңеши тарабынан алып салынышы мүмкүн.

  2. Тартиптик жазасы бар судья же судья иштеген соттун төрагасы Судьялар кеңешине тартиптик жазасьш алып салуу жөнүндө сунуш менен кайрыла алат.

  3. Судьялар кецешинин тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө чечими судьянын өздүк делосуна гиркөө үчүн судья иштеп жаткан сотко, Сот деиартаментине жана судьяга жонотүлөт.



5-глава. Корутунду жоболор



38-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби




  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндон тартып күчүно кирет.

  2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмонкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:


1) «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.);


2) «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 533-ст.);


3) «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 538-ст.);


4) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү согтор жөнүндө», «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 883-ст.);


5) «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28 июлундагы № 147 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2017-ж.. № 7-8, 749-ст.);


6) «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы,

2017-ж., № 7-8, 751-ст.).










Кыргыз Республикасынын


Президенти

 


С.Н. Жапаров










2021-жылдын 30-сентябрында 


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган