KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы

15 ноября 2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ


2021-жылдын 15-ноябры № 133


Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө


БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН СТАТУСУ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ


1-глава. Жалпы жоболор


1-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту (мындан ары — Конституциялык сот) конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

  2. Конституциялык сот бардык башка ачык бийликке көз карандысыз жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына(мындан ары — Конституция) гана баш иет.

  3. Конституциялык сотКонституциянынүстөмдүгүн жана түз таасирин, конституциялык түзүлүштүн негиздеринин туруктуулугун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин камсыз кылат.


2-берене. Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери


Көз карандысыздык, коллегиялуулук, ачык-айкындык, атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулугу Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери болуп саналат.


3-берене. Конституциялык сот жөнүндө мыйзамдар



  1. Конституциялык сотту уюштуруу, анын компетенциясы, курамы, түзүлүшү, төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо жана бошотуу тартибиКонституцияжана ушул конституциялык Мыйзам менен аныкталат.

  2. Конституциялык соттун компетенциясына кирген маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууКонституцияда, ушул конституциялык Мыйзамда жана Конституциялык соттун регламентинде (мындан ары — Регламент) белгиленген конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде жүзөгө ашырылат.

  3. Конституциялык соттун судьяларынын статусу, көз карандысыздыгынын кепилдиктери, жоопкерчиликке тартуу, кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу тартиби конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар менен аныкталат.


4-берене. Конституциялык соттун ыйгарым укуктары



  1. Конституциялык сот:


1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;


2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;


3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет;


4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечет;


5) Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;


6) Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары — Президент) каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.



  1. Конституциялык сот өзүнүн ички иштеринин маселелери боюнча Регламент кабыл алат, Конституциялык соттун аппараты жөнүндө жобону, чыгымдардын сметасынын чектеринде анын түзүмүн жана штаттык санын бекитет.

  2. Конституциялык сот жыл сайын өзү кабыл алган актылардын аткарылышына талдоо жүргүзөт жана жалпыга маалымдоо үчүн жарыялайт.


2-глава. Конституциялык соттун курамы жана анын ишин уюштуруу


5-берене. Конституциялык соттун курамы



  1. Конституциялык сот тогуз судьядан: Конституциялык соттун төрагасынан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турат.

  2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.


Конституциялык соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары — Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.


6-берене. Конституциялык соттун төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо тартиби



  1. Конституциялык соттун төрагасы Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушунун макулдугу менен Конституциялык соттун судьяларынын арасынан 5 жылдык мөөнөткө Президент тарабынан дайындалат.

  2. Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча 5 жылдык мөөнөткө Президент тарабынан дайындалат.


7-берене. Конституциялык соттун төрагасын, төраганын орун басарын кызмат ордунан бошотуу үчүн негиздер



  1. Конституциялык соттун төрагасы, төраганын орун басары өздөрүнүн кызмат орундарынан алар дайындалган мөөнөт бүткөндө же болбосо өз каалоосу боюнча бошотулат.


Конституциялык соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары алар судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Конституциялык соттун судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.



  1. Конституциялык соттун иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына, же болбосо кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу, Конституциялык соттун жаңы төрагасы дайындалганга чейин төраганын милдеттерин Конституциялык соттун төрагасынын орун басары аткарат.


Конституциялык соттун төрагасы, төраганын орун басары жок учурда Конституциялык соттун төрагасынын милдеттерин Конституциялык соттун судьяларынын чогулушу ушул милдеттерди жүктөгөн Конституциялык соттун судьясы убактылуу аткарат.


8-берене. Конституциялык соттун төрагасы


Конституциялык соттун төрагасы Конституциялык соттун судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге:


1) иштерди жана башка маселелерди Конституциялык соттун жыйналышында кароого даярдоону жетектейт;


2) Конституциялык соттун жыйналыштарын чакырат, каралууга тийиш болгон маселелерди талкууга чыгарат, жыйналыштарга төрагалык кылат;


3) Конституциялык соттун кызыкчылыгын коргойт жана анын атынан чыгат;


4) келип түшкөн кайрылууларды Конституциялык соттун судьяларына бөлүштүрөт;


5) Конституциялык сотко анын Регламентин бекитүүгө сунуштайт;


6) жыйналышты өткөрүүнү, анын катышуучуларынын жана катышып жаткандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт;


7) Конституциялык соттун аппаратына жалпы жетекчилик кылат, аппараттын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, ошондой эле Конституциялык соттун аппараты жөнүндө жобону жана анын түзүмүн Конституциялык соттун бекитүүсүнө сунуштайт;


8) Конституциялык соттун чечимдеринин, корутундуларынын, токтомдорунун, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана жыйналыштардын протоколдоруна кол коёт;


9) ушул конституциялык Мыйзамга жана Регламентке ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


Конституциялык соттун төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.


9-берене. Конституциялык соттун төрагасынын орун басары


Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Конституциялык соттун судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге, Конституциялык соттун төрагасы жок учурда анын милдеттерин аткарат.


II БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮ


3-глава. Конституциялык сот өндүрүшүнүн принциптери


10-берене. Көз карандысыздык



  1. Конституциялык сот көз карандысыз жанаКонституциягабаш иет, өз ишинде ушул конституциялык Мыйзамды жана Регламентти жетекчиликке алат.

  2. Конституциялык соттун чечимдериКонституцияганегизделет жана кандай гана кызыкчылыктар болбосун судьялардын алардан эркин болгон укуктук позициясын билдирет.

  3. Конституциялык соттун судьялары актыларды өздөрүнүн эркин билдирүү эркиндигине сырттан таасир болбой турган шарттарда кабыл алат.

  4. Конституциялык соттун ишине кандай гана болбосун кийлигишүүгө жол берилбейт жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.


11-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу



  1. Конституциялык сотто иштерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.


Конституциялык сот өз ишин анын курамында Конституциялык соттун судьяларынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда үч судьядан турган коллегиялар тарабынан жүзөгө ашырат.


Коллегиялардын курамы жана аны түзүү тартиби Регламент менен аныкталат.



  1. Судья кызмат ордунан четтетилген же болбосо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте кызматтан өзү баш тарткандыгы же андан баш тартуу тууралуу маселе канааттандырарлык чечилген учурларды копшогондо, Конституциялык соттун жыйналышына катышуудан четтетилиши  мүмкүн эмес.


12-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачык-айкындыгы



  1. Конституциялык сотто иштерди кароо ачык жүргүзүлөт. Ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда гана жабык жыйналыштарды өткөрүүгө жол берилет. Жыйналыштар жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү болгон соттук жыйналыштар залында өткөрүлөт.

  2. Конституциялык сот катышуучуларга өз жыйналыштарынын убактысы жана орду жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт жана соттук жыйналыштар жөнүндө маалыматты Конституциялык соттун имаратында, ошондой эле Конституциялык соттун расмий сайтында жыйналыш башталганга чейин он күн мурда жайгаштырат.

  3. Конституциялык соттун чечимдери ачык-айкын жарыяланат.


13-берене. Териштирүүнүн ачык-айкындыгы


Ушул конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Конституциялык соттун жыйналыштарында териштирүү ачык жүргүзүлөт.


14-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили



  1. Конституциялык сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Сот өндүрүшү анын катышуучуларынын өтүнүчү боюнча расмий тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.

  2. Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына башка тилде түшүндүрмө берүү жана котормочунун кызматтарын пайдалануу укугу камсыз кылынат.


15-берене. Иштин түздөн-түз каралышы



  1. Конституциялык сот ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түздөн-түз карабастан анын маңызы боюнча чечим же корутунду кабын алууга укуксуз.

  2. Конституциялык соттун судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартып жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат.

  3. Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурларды кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон баш тартууга укуксуз.

  4. Эгерде кворумду камсыз кылуу үчүн жаңы судьянын катышуусу зарыл болсо, анын жыйналышка киришүүсү соттук териштирүү башталгандан тартып иш боюнча өндүрүштү кайтадан баштоого алып келет.

  5. Судьянын ишти андан ары кароого катышуусунун мүмкүн эместиги, судьялардын кворуму болгондо, өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бирок кеткен судьянын судьялардын кеңешмесине жана чечимдерди же корутундуларды кабыл алууга катышуусуна жол бербейт.

  6. Конституциялык соттун кеңешмесинин убагында жыйналышка катышып жаткан судьялардын эч кимиси добуш берүүдөн карманууга укуксуз; чечим же корутунду жарыяланганга чейин ар бир судья иш боюнча өзүнүн позициясын жеке өзү билдирүүгө милдеттүү.


16-берене. Тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу


Тараптар Конституциялык соттун жыйналышында атаандаштык негизинде өздөрүнүн позицияларын коргоо боюнча бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат.


4-глава. Иштерди чечүү чектери


17-берене. Ишти чечүү чектери



  1. Конституциялык сот укук маселелерин гана белгилейт жана чечет.

  2. Конституциялык сот талаш туудурган ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү менен, анынКонституциягаылайыктуулугун төмөнкүлөр боюнча белгилейт:


1) ченемдердин мазмуну боюнча;


2) ченемдик укуктук актынын формасы боюнча;


3) кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартиби боюнча.



  1. Конституциялык сотКонституциягаөзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берүү менен, анын төмөнкүлөргө шайкештигин белгилейт:


1) адамдын жана жарандын фундаменталдуу укуктарына жана эркиндиктерине, аларды чектөөлөргө жол берилишине;


2) демократиялык, укуктук, светтик мамлекеттин принциптерине;


3) Конституциянын 116-беренесинде каралган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ага киргизүү тартибине.



  1. Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Мындай учурда Конституциялык соттун кайрылууда баяндалган жүйөлөргө жана пикирлерге байланышы жок.


18-берене. Ишти чечүү чектеринин өзгөчөлүктөрү


Бири Конституциялык сотко, ал эми башкалары — мамлекеттик бийликтин башка органдарына караштуу болгон өз ара байланыштагы бир нече талаптар бириктирилген учурда, Конституциялык соттун компетенциясына кирген маселелер боюнча талаптар гана каралууга тийиш.


5-глава. Конституциялык сотко кайрылуу субъекттери


19-берене. Конституциялык сотко кайрылуу субъекттери



  1. Конституциялык сотко кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:


1) жеке же юридикалык жакка (жактарга), эгерде ал мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулуп жатат деп эсептесе;


2) Президентке;


3) Жогорку Кеңешке;


4) Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторго;


5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары — Министрлер Кабинети);


6) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары — Жогорку сот);


7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;


8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;


9) Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына);


10) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына).



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-9-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары Конституциялык сотко кайрылууларды сунуштама, башка адамдар — өтүнүч, ал эми судья (судьялар) суроо-талап түрүндө беришет.


20-берене. Конституциянын ченемдерин расмий чечмелөө жөнүндө кайрылуу укугу


Конституциянын ченемдерин расмий чечмелөө жөнүндө кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн, Конституциянык сотко сунуштама түрүндө кайрылуу беришкен субъекттер ээ.


21-берене. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө кайрылуу укугу


Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер ээ.


22-берене. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугу


Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-5-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ.


23-берене. Мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы компетенция жөнүндө талашты чечүү тууралуу кайрылуу укугу


Мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы компетенция жөнүндө талашты чечүү тууралуу кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-7-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ, алар өздөрүнүн компетенциясына тиешелүү болгон бөлүгүндө гана сунуштама киргизе алышат.


24-берене. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугу


Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-5, 9-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ.


25-берене. Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугу


Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна ушул конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-5, 8-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттер ээ.


6-глава. Конституциялык сотко кайрылуу


26-берене. Конституциялык сотто ишти кароонун себептери жана негиздери



  1. Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч, суроо-талап жана даттануу түрүндөгү, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген кайрылуу Конституциялык сотто ишти кароого себеп болуп саналат.

  2. Конституциягаөзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу мыйзамдын долбоорун кабыл алуу, Жогорку Кеңеш тарабынан Президентке каршы айып коюу же мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде белгилүү болгон аныксыздык же компетенция жөнүндө талаштарда ыйгарым укуктардын таандыктыгы жөнүндө карама-каршылык, ушуга тете эле конкреттүү иш жүзүндөгү жана укуктук кырдаалдарга байланыштуу укук чыгаруу жана/же укук колдонуу процессинде Конституциянын жоболорун түшүнүүдөгү аныксыздык (ачык эместик, бирдей эместик) — ишти кароого негиз болуп саналат.


27-берене. Кайрылууга коюлуучу жалпы талаптар



  1. Конституциялык сотко кайрылуу жазуу жүзүндө берилет жана ыйгарым укук берилген адам (укук берилген адамдар) тарабынан кол коюлат.

  2. Кайрылууга карата жалпы талаптар, зарыл документтердин тизмеги, аларды каттоо тартиби Регламент менен белгиленет.

  3. Кайрылуулар, ошондой эле аларга тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилет.

  4. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) Конституциялык соттун аталышы;


2) кайрылуучунун аталышы, дареги жана ага тиешелүү болгон башка зарыл маалыматтар;


3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүк учурларын кошпогондо, кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана ыйгарым укуктары жөнүндө башка маалыматтар;


4) конституциялуулугу текшерилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аты, дареги;


5) Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын Конституциялык сотко кайрылуу укугун берген ченемдери;


6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана тарап баяндаган фактыларды ырастоочу далилдер;


7) талаш туудурган ченемдик актынын так аталышы, номери, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактар жана башка реквизиттери;


8) ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн, кайрылууну кароого болгон конкреттүү негиздер;


9) кайрылуучунун коюлган маселе боюнча позициясы жана анын Конституциянын тиешелүү ченемдерине шилтеме жасалган укуктук негиздемеси;


10) Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч, суроо-талап коюуга байланыштуу кайрылган талап;


11) тиркелген документтердин тизмеги.


28-берене. Кайрылууга тиркелүүчү документтер


Кайрылууга төмөнкүлөр тиркелет:


1) кайрылуучу тарапта жалпысынан же айрым бөлүгүнүн конституциялуулугу талаш туудуруп жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;


2) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо, ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документ.


Зарыл болгон учурда кайрылууга Конституциялык соттун жыйналышына чакырылууга тийиш болгон адамдардын тизмеси, алардын даректери, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелиши мүмкүн.


29-берене. Конституциялык сотко келип түшкөн кайрылууларды каттоо


Конституциялык сотко келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө алар келип түшкөн күнү катталууга тийиш.


7-глава. Кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуу, иштерди кароого даярдоо жана Конституциялык сотто иштерди кароо


30-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу



  1. Келип түшкөн кайрылуу Конституциялык соттун төрагасы тарабынан кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселе катталган учурдан тартып отуз күндүн ичинде чечүү үчүн Конституциялык соттун үч судьядан турган коллегиясына берилет.

  2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерүү коллегиянын судьяларынын бирине тапшырылат. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же болбосо аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү аныктама коллегия тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.


Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган учурда, кайрылууну текшерүү тапшырылган, мындан ары судья-баяндамачы деп аталуучу судья ишти жыйналышка даярдайт, аны кабыл алуудан баш тарткан учурда судьялардын коллегиясынын тиешелүү аныктамасынын көчүрмөсү тиркелген материалдары менен арыз ээсине жөнөтүлөт.



  1. Коллегия төмөнкү учурларда кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат:


1) эгерде кайрылуу формасы жана мазмуну боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;


2) эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;


3) эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктары жок өкүлү тарабынан берилсе, же болбосо ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган адам өкүл болуп саналса;


4) эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык сотко караштуу болбосо;


5) эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу мурда текшерилсе жана өзүнүн күчүн сактаган акт болсо;


6) эгерде кайталап берилген кайрылууда талаш туудуруп жаткан ченемдик укуктук актыга тиешелүү болгон жаңы аргументтер жана жүйөлөр жок болсо.



  1. Конституциялуулугу талаш туудуруп жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготуусу кайрылууну Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабын алуудан баш тартууга алып келет.

  2. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама тараптар жагынан үч айдын ичинде Конституциялык сотко даттанылышы мүмкүн.


Бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча Конституциялык сот тарабынан өзүнчө токтом кабыл алынат.



  1. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу Конституциялык сот тарабынан иш каралып бүткөнгө чейин талашылып жаткан эл аралык келишимдердин күчүнө кирүү процессинин токтотулуп турушуна алып келет.


31-берене. Конституциялык сотто маселелерди кароонун мөөнөттөрү


Конституциялык сот өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап чыгат жана ал өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарат.


Конституцияны чечмелөө жөнүндө, ошондой эле судьянын (судьялардын) суроо-талабына байланышкан иштер боюнча Конституциялык соттун актысы эки айдын ичинде чыгууга тийиш.


Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо тууралуу корутунду берүү жөнүндө иштер боюнча Конституциялык соттун актысы бир айдын ичинде чыгууга тийиш.


32-берене. Ишти кароого даярдоо



  1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья-баяндамачы Регламентке ылайык эки айлык мөөнөттө ишти кароого даярдык жүргүзөт.


Мындан тышкары, судья-баяндамачы:


1) ар башка жактардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндүрүшүнө бириктирүү жөнүндө, же болбосо бир кайрылууда билдирилген караштуу болбогон талаптарды бөлүү жөнүндө маселени чечет;


2) ишти Конституциялык соттун жыйналышында кароого дайындоо жөнүндө аныктаманы чыгарат, жыйналыштын катышуучуларына кабарлайт жана зарыл болгон адамдардын катышуусун камсыз кылат.



  1. Билдирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына, же болбосо алардын өтө маанилүүлүгүнө байланыштуу, ишти кароого даярдоо бир нече судьяга тапшырылышы мүмкүн.


33-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары


Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары болуп тараптар, алардын өкүлдөрү, үчүнчү жактар, күбөлөр, эксперттер, котормочулар саналат.


34-берене. Тараптар жана алардын өкүлдөрү



  1. Конституциялык сот өндүрүшүндө тараптар болуп төмөнкүлөр таанылат:


1) кайрылуучу тарап — сунуштамалары жана өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган жактар же органдар;


2) жоопкер-тарап — ченемдик укуктук актыны чыгарган, ага кол койгон орган же кызмат адамдары, же конституциялуулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун, эл аралык келишимди ратификациялоону, бекитүүнү же Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө киргизүүнүн башка ыкмасын демилгелеген субъекттер.



  1. Тараптар өз ишин жеке өздөрү же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу жүргүзө алышат. Тараптардын ар биринин үчтөн ашык эмес өкүлү болушу мүмкүн.


Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте таризделет.



  1. Суроо-талабы Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабыл алынган судья (судьялар) тарап катары таанылбайт, жыйналышка чакырылбайт.

  2. Тараптар бирдей процесстик укуктарды пайдаланат.


Тараптар жана алардын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмөлөрдү чыгарууга, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди изилдөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.


Тараптар ошондой эле өтүнүчтөрүн билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө, билдирилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.


Кайрылуучу тарап талаптардын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу,


Жоопкер-тарап аларды толугу менен же жарым-жартылай таанууга же аларга каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.


Соттук териштирүүдө жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча тараптар ишти соттук териштирүү башталганга чейин жазуу жүзүндө өзүнүн түшүндүрмөлөрүн, өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана каршы пикирлерин беришет.



  1. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө укуктуу.


Тараптар өз укуктарын ак ниет пайдаланууга милдеттүү. Сотко атайын жалган маалыматтарды билдирүү Конституциялык сотту сыйлабагандык катары бааланат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.


Тараптар жана алардын өкүлдөрү Конституциялык соттун чакыруусу боюнча келүүгө, түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.


35-берене. Күбөлөр


Талашылып жаткан ченемдик укуктук акт боюнча ченем жаратуу процессинин жагдайларын изилдөө зарылчылыгы болгон учурда мындай жагдайлар жөнүндө маалыматтарга ээ жактар күбө катары чакырылышы мүмкүн.


36-берене. Эксперт


Конституциялык соттун жыйналышына каралып жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимге ээ болгон адам эксперт катары чакырылышы мүмкүн.


Эксперт тарабынан корутунду берилүүгө тийиш болгон маселелер судья-баяндамачы же болбосо Конституциялык сот тарабынан аныкталат.


37-берене. Конституциялык соттун жыйналышына үчүнчү жактардын катышуусу


Судья-баяндамачынын, соттун демилгеси же болбосо тараптардын өтүнүчү боюнча Конституциялык сот тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн түшүндүрмөлөрүн, жүйөлөрүн жана пикирлерин берүүгө милдеттүү болгон жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эл аралын уюмдар тартылышы мүмкүн. Мында Конституциялык сот алардын жүйөлөрү жана пикирлери менен байланыштуу эмес.


38-берене. Иштерди жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча кароо



  1. Жазуу жүзүндөгү процесс — ушул берененин 2-бөлүгүндө аныкталган иштердин категориялары боюнча, соттук процесстин катышуучулары жок учурда өткөрүлүүчү Конституциялык соттун сот жыйналышы.

  2. Жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча кароо иштердин төмөнкү категориялары боюнча жүргүзүлөт:


1) Конституцияны расмий чечмелөө жөнүндө;


2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу;


3) судьянын (судьялардын) суроо-талабы боюнча;


4) кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу же кабыл алуу жөнүндө судьялар коллегиясынын аныктамасына даттанууларды кароо тууралуу.



  1. Ушул беренеде аталган иштер, оозеки соттук териштирүү зарылдыгы Конституциялык соттун жеке демилгеси боюнча же конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү боюнча таанылган учурларды кошпогондо, жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.

  2. Иштерди конституциялык сот өндүрүшүнүн жазуу жүзүндөгү формасын пайдалануу менен кароо тартиби Регламент менен аныкталат.


39-берене. Судьядан (судьялардан) баш тартуу



  1. Тараптар Конституциялык соттун судьясынан конституциялык сот өндүрүшүнүн бардык этабында баш тартууну төмөнкү учурларда билдирүүгө укуктуу:


1) эгерде ишти чечүүдө судьянын объективдүүлүгү сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен жакын туугандык байланыштарынан улам күмөн жаратышы мүмкүн болсо;


2) эгерде адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка олуттуу жагдайлар болсо.


Ушул эле негиздер боюнча судья (судьялар) өзүнүн баш тарткандыгын билдирүүгө милдеттүү.



  1. Конституциялык сот тараптардын өтүнүчү боюнча, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, судьяны уккандан кийин судьядан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгарат жана андан баш тартуу жөнүндө маселе чечилүүгө тийиш.


Ушуну менен бирге, эгерде ишти кароо үчүн кворумдун бузулушуна алып келсе, анда судьядан (судьялардан) баш тартууга (өздөрү баш тартуусуна) жол берилбейт жана ал жөнүндө Конституциялык сот аныктама чыгарат.


40-берене. Ачык жыйналыштар


Ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Конституциялык соттун жыйналыштары ачык өтөт.


Катышып жаткандар жыйналыштын жүрүшүн өздөрү ээлеген орундарынан белгилеп жаза алышат. Ошол эле учурда, жыйналышты киного жана сүрөткө тартууга, видеого жазууга радиодон жана теледен түз берүүгө Конституциялык соттун уруксаты менен жол берилет. Эгерде айрым адамдар жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибине кийлигишүүгө жол берсе, төрагалык кылуучу эскертүү бергенден кийин аларды жыйналыштар залынан чыгарып жибере алат.


41-берене. Жабык жыйналыштар


Конституциялык сот мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жеке турмушундагы сырдын сакталышы жана коомдук адеп-ахлакты коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жабык жыйналышты дайындайт.


Ишти жабык жыйналышта угуунун зарылдыгы жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгарылып, ал жыйналыш башталаар алдында жалпыга жарыяланат.


Жабык жыйналышка Конституциялык соттун судьялары, тараптар жана алардын өкүлдөрү катышат. Сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын катышуу мүмкүндүгү Конституциялык сот тарабынан аныкталат. Конституциялык соттун аппаратынын жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибин түздөн-түз камсыз кылуучу кызматкерлеринин катышуусу судьялар менен макулдашуу боюнча төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.


42-берене. Жыйналышты кийинкиге жылдыруу



  1. Конституциялык соттун жыйналышы төмөнкү учурларда кийинкиге жылдырылышы мүмкүн:


1) кворумдун жоктугуна байланыштуу;


2) катышуусу милдеттүү деп таанылган жана алардын жоктугу ишти туура чечүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тараптар же тараптардын бири, күбө же эксперт келбей калганда;


3) эгерде Конституциялык сот каралып жаткан ишти жетиштүү даярдалган эмес деп тапса;


4) талап кылынган материалдар өз убагында берилбегендигине байланыштуу, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;


5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого тоскоолдук кылган башка жагдайлар болгондо, эгерде бул жагдайларды сот жыйналышынын жүрүшүндө жоюуга мүмкүн болбосо.



  1. Конституциялык соттун жыйналышын кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Сот жыйналышын кийинкиге жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынганда, Конституциялык сот жыйналыш жылдырылып жаткан датаны дайындайт.


43-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу



  1. Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде ишти кароо мүмкүн болбогон учурларда, Конституциялык сот ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөткө токтото турууга укуктуу. Мындайда аны кароонун мөөнөтү да токтотулат.


Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда кайрадан улантылат. Конституциялык соттун иши боюнча өндүрүштү токтото туруу башка иштердин каралышына тоскоолдук кылбайт.



  1. Ишти кароо ал токтотулган учурдан тартып кайра улантылат, ал эми мурда угулган эксперттер, адистер жана күбөлөр зарыл болгон учурларда гана экинчи ирет чакыртылат. Өндүрүш кайра улантылганда, Конституциялык сот аныктама чыгарат жана бул жөнүндө ишке катышып жаткан адамдарга кабарлайт.


Эгерде Конституциялык соттун жыйналышы судьялардын башка курамында кайра улантылса, ишти кароо кайра башынан башталат.


44-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу



  1. Конституциялык сот иш боюнча өндүрүштү төмөнкү учурларда кыскартат:


1) арыз ээси талаптардан баш тартканда, Конституциялык сот тарабынан маңызы боюнча чечим кабыл алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып салганда;


2) эгерде ишти даярдоо же кароо процессинде ал Конституциялык сотко караштуу эмес экендиги аныкталса. Мындайда иш караштуу болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;


3) эгерде конституциялуулугу талаш туудуруп жаткан акт ишти даярдоо же кароо процессинде жокко чыгарылса же күчүн жоготсо, буга ушул актынын колдонулушу менен жеке жана юридикалык жактардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулган учурлар кошулбайт.



  1. Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө маселени чечүү Конституциялык сот тарабынан сот жыйналышына катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.


Конституциялык соттун иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө аныктамасы тараптарды ошол эле талап жана ошол эле негиздер боюнча Конституциялык сотко кайтадан кайрылуу мүмкүндүгүнөн ажыратат.


45-берене. Иштерди кароонун тартиби


Конституциялык сотто иштерди кароо оозеки же жазуу жүзүндө, ошондой эле, айрым учурларда Регламентке ылайык, онлайн режиминде жүргүзүлөт.


46-берене. Конституциялык соттун жыйналышынын протоколу


Конституциялык соттун жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт.


47-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу



  1. Конституциялык соттун, жыйналыштын катышуучуларынын ар-намысын коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылуу максатында, төмөнкү формалардын биринде жасалган бузуунун ар бир учуру үчүн Конституциялык соттун адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберүүсүнө же жоопкерчиликке тартуусуна жол берилет:


1) соттун процесстик ишине кийлигишүү, судьяга таасир этүү;


2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык соттун талаптарын жүйөлүү себептерсиз аткарбай коюу же өз убагында аткарбоо;


3) Конституциялык сотко жүйөлүү себептерсиз келбей коюу же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбей коюу;


4) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузуу, Конституциялык соттун судьяларына баш ийбөө, Конституциялык сотто кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин тоотпоо;


5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз эркинче бузуу;


6) мазактоочу сөздөрдү колдонуу.



  1. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн бузуулар сот жыйналышынын процессинде байкалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы боюнча токтоосуз колдонулат.

  2. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.


8-глава. Конституциялык соттун актылары


48-берене. Конституциялык соттун актыларынын түрлөрү



  1. Конституциялык сот актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат.

  2. Конституциялык сот Конституциянын97-беренесинин2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган ыйгарым укуктар боюнча кайрылууларды кароонун натыйжасында чечим, көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүнүн 3, 5, 6-пункттары менен корутунду кабыл алат.

  3. Конституциялык соттун чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык соттун төрагалык кылуучусу, судьялары тарабынан кол коюлат.

  4. Конституциялык соттун башка актылары токтом, өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.


49-берене. Конституциялык соттун актыларын кабыл алуу тартиби



  1. Конституциялык соттун актылары кеңешүүчү бөлмөдө судьяларды сурамжылоо жолу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

  2. Кеңешменин жүрүшүндө судьялар каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн позициясын эркин билдире алышат жана башка судьялардан өз позицияларын тактоону өтүнө алышат. Чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жана сөздөрүнүн узактыгы чектелиши мүмкүн эмес.

  3. Конституциялык соттун кеңешмесине Конституциялык соттун ушул ишти карап жаткан судьялары гана катышат. Башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.

  4. Судья добуш берүүдө калыс болууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу бардык учурларда акыркы болуп добуш берет.

  5. Кеңешменин протоколунда добушка коюлган маселелер жана добуш берүүнүн жыйынтыктары милдеттүү түрдө жазылат. Протокол баяндамачы-судья тарабынан жүргүзүлөт, ага бардык катышкан судьялар кол коёт жана жарыяланбоого тийиш.

  6. Кеңешмеге катышкан судьялар талкуунун мазмунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоого укуксуз.

  7. Конституциялык сот кайрылууда коюлган талаптарды толугу менен же жарым-жартылай канааттандырганда же канааттандыруусуз калтырганда, иш маңызы боюнча чечилди деп эсептелинет.

  8. Конституциялык соттун актысы, эгерде ага жыйналышка катышкан судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добушту ала албаган учурда, төрагалык кылуучу эң көп сандагы добуш алган эки сунушту кайталап добушка коёт.

  9. Эгерде чечимди же корутундуну кабыл алууда добуштар теңме-тең бөлүнүп калса, анда чечим же корутунду талашылып жаткан актынын конституциялуулугунун пайдасына кабыл алынат. Башка актыларды кабыл алууда добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылуучу добуш берген акт кабыл алынды деп эсептелинет.

  10. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш.

  11. Конституциялык соттун чечими жана корутундусу, ушул конституциялык Мыйзамдын38-беренесиндекаралган тартипте кабыл алынган актыларды кошпогондо, аларга кол коюлгандан кийин токтоосуз Конституциялык соттун ачык жыйналышында толук көлөмдө жарыяланат.


Айрым учурларда чечимдин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүн түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн, бирок анын резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйналышта угузулат. Жазуу жүзүндөгү процесс жүргүзүлгөн учурда Конституциялык соттун жыйынтыктоочу актысы жазуу жүзүндөгү процесс жүргүзүлгөн күнү түзүлүп, кол коюлат жана үч жумушчу күндүн ичинде иш боюнча тараптарга жиберилет.


50-берене. Конституциялык соттун судьясынын өзгөчө пикири


Конституциялык соттун актысына макул болбогон, же Конституциялык сот тарабынан каралып жаткан маселенин маңызы боюнча кабыл алынган чечим, токтом же корутунду үчүн добуш берген, бирок кандайдыр бир башка маселе же кабыл алынган актынын жүйөсү боюнча добуш берүүдө азчылыкта калган Конституциялык соттун судьясы өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндап берүүгө укуктуу.


Судьянын өзгөчө пикири иштин материалдарына тиркелет жана актынын өзү жарыяланууга тийиш болгон ошол эле басылмаларда Конституциялык соттун актысы менен бирге жарыяланат.


51-берене. Актыдагы так эместиктерди оңдоо


Конституциялык сот актыны жарыялагандан кийин, анда жол берилген аталыштардагы, белгилөөлөрдөгү так эместиктерди, каталарды жана редакциялык жана техникалык жактан ачык байкалган кемчиликтерди оңдой алат жана ал жөнүндө аныктама чыгарат.


52-берене. Конституциялык соттун актыларынын юридикалык күчү



  1. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же аны кабыл алуудан баш тартуу тууралуу аныктаманы кошпогондо, Конституциялык соттун актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Конституциялык соттун чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан, ал эми башка актылар — кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.


Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн конституциялык эмес деп таануу жөнүндө чечимдин юридикалык күчүн ушул эле ченемдик укуктук актыны же анын ушундай эле мазмундагы бөлүгүн кайра кабыл алуу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес.


Конституциялык соттун ушул конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдери жана корутундулары Конституциялык соттун расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



  1. Конституциялык соттун актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.

  2. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин аныктоо алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле, соттук чечимдерди кошпогондо, мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген, конституциялык эмес деп таанылган башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жокко чыгарат.


Аларды шайкеш келтиргенге же жокко чыгарганга чейин түздөн-түз Конституция жана Конституциялык соттун чечимдери колдонулат.



  1. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын ченемдерине негизделген сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда ошол актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

  2. Конституциялык соттун корутундусу менен конституциялык эмес деп таанылган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдер колдонууга киргизилбейт жана колдонулбайт.


53-берене. Конституциялык соттун актыларын аткаруу



  1. Конституциялык соттун чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында», Конституциялык соттун расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгон учурларда — жана башка басылмаларда жарыяланат.

  2. Эгерде Конституциялык соттун чечими менен ченемдик укуктук акт толугу менен же жарым-жартылайКонституциягакарама-каршы келет деп таанылган, же болбосо Конституциялык соттун чечиминен укуктук жөнгө салуудагы кенемтени четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда:


1) Министрлер Кабинети Конституциялык соттун чечими келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке аталган чечимден келип чыккан конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет.


Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары же мыйзам чыгаруу демилгеси бар башка субъекттер тарабынан демилгелениши мүмкүн.


Аталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга тийиш;


2) Президент, Министрлер Кабинети Конституциялык соттун чечимдери келип түшкөн күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен жаңы ченемдик укуктук актыны кабыл алат же конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук актынын айрым бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизет;


3) мыйзамдарга ылайык ченем жаратуучу ыйгарым укуктарга ээ мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык соттун чечимдери келип түшкөн күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен жаңы ченемдик укуктук актыны кабын алат же конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук актынын айрым бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизет.



  1. Конституциялык соттун актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарылышына тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык соттун ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


54-берене. Конституциялык соттун жекече аныктамалары



  1. Сот жыйналышында мыйзамдуулук бузулган, ошондой эле Конституциялык соттун актылары аткарылбаган учурлар аныкталганда, ал жекече аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, ал эми алар өздөрү тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.

  2. Конституциялык соттун талаптары аткарылбаган учурда, күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга тийиш. Ушуну менен бирге, бул жагдай тиешелүү кызмат адамдарын Конституциялык соттун жекече аныктамасын аткаруу милдетинен бошотпойт.


III БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР


55-берене. Конституциялык соттун ишин финансылык камсыздоо



  1. Конституциялык соттун иштин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан камсыз кылынат.

  2. Конституциялык сот кезектеги финансылык жылга карата өзүнүн бюджетинин долбоорун өз алдынча түзөт, ал Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине сунушталат жана белгиленген тартипте республикалык бюджетке киргизилет.

  3. Конституциялык сот бюджетте Конституциялык сотту каржылоо үчүн каралган акча каражаттарын өз алдынча тескейт.

  4. Тиешелүү жылга карата республикалык бюджетти түзүүдө бардык сот системасынын, ага кошуп Конституциялык соттун бюджетинин да чыгашалар бөлүгүнүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылы бекитилген көрсөткүчтөрдөн төмөн болушу мүмкүн.


56-берене. Конституциялык соттун аппараты



  1. Конституциялык соттун иши анын аппараты тарабынан камсыз кылынат.

  2. Конституциялык соттун аппаратына Конституциялык соттун төрагасы кызмат ордуна дайындоочу жана бошотуучу аппарат жетекчиси түздөн-түз жетекчилик кылат.


Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат, алар мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө, ошондой эле эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык, аппарат жетекчиси тарабынан кызмат орундарына дайындалат жана бошотулат.



  1. Конституциялык соттун аппараты:


1) Конституциялык соттун ишин кадрдык, уюштуруучулук, илимий-талдоочулук, маалыматтык-билдирүү, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздайт;


2) конституциялык сот өндүрүшү менен байланышпаган маселелер боюнча келгендерди кабыл алат;


3) Конституциялык соттун дарегине келген кайрылууларды алдын алган тартипте жана Конституциялык соттун судьялары тарабынан иликтөөнү талап кылган маселелерди козгобогон учурларда карайт;


4) судьяларга иштерди жана башка маселелерди жыйналыштарда жана кеңешмелерде кароого даярдоодо көмөк көрсөтөт;


5) Конституциялык соттун актыларынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин изилдейт жана жалпылайт;


6) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде башка иштерди жүзөгө ашырат.


57-берене. Конституциялык соттун расмий басылмасы


«Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы» Конституциялык соттун расмий басылмасы болуп саналат.


58-берене. Конституциялык соттун сот бийлигинин символдору


Конституциялык соттун жыйналыштар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Конституциянын басылмасы турат.


Конституциялык соттун судьялары жыйналыштарды сүрөттөлүшү жана үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү мантиячан өткөрүшөт.


59-берене. Конституциялык соттун мөөрү


Конституциялык соттун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.


60-берене. Конституциялык соттун жайгашкан орду


Конституциялык соттун туруктуу жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын борбору — Бишкек шаары болуп саналат.


Конституциялык соттун жыйналыштары анын туруктуу жайгашкан ордунда өткөрүлөт. Конституциялык сот өзү зарыл деп тапкан учурда жыйналышты башка жерде да өткөрө алат.


IV БӨЛҮМ. ӨТКӨӨЛ ЖОБОЛОР


61-берене. Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип түшкөн кайрылууларды кароонун тартиби


Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип түшкөн кайрылуулар Конституциялык сот тарабынан Конституциянын 97-беренесинде белгиленген анын ыйгарым укуктарынын чегинде каралат жана чечилет.


62-берене. Конституциялык соттун укугун улантуу



  1. Конституциялык сот Жогорку соттун Конституциялык палатасынын укук улантуучусу болуп саналат. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин белгиленген Жогорку соттун Конституциялык палатасынын көз карандысыздыгынын материалдык кепилдиктери, анын ичинде Жогорку Соттун Конституциялык палатасы мурда ээлеген өзүнчө имарат Конституциялык соттун карамагында калат.

  2. Конституциялык соттун ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо Министрлер Кабинети тарабынан, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мүлкүнүн базасында, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2021-жылга бекитилген бюджетинин чегинде жүзөгө ашырылат.

  3. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 5-майындагыКонституциясыкүчүнө киргенге чейин кабыл алган чечимдери мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.


63-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүүсү



  1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:


1) 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 532-ст.);


2) 2012-жылдын 26-майындагы № 66 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2290-ст.);


3) 2013-жылдын 26-июнундагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 643-ст.);


4) 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 738-ст.).






















Президент Кыргызской Республики С.Жапаров
 


2021-жылдын 30-сентябрында


Кыргыз Республикасынын

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши


тарабынан кабыл алынган