KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Сот департаментинин сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү
2024-жылдын 7-мартында сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө жана 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Сот департаментинин борбордук аппаратынын бир катар кызматкерлери мекеменин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты. Сот департаментинин директору  Урмат Кожомбердиев  кош майрамдар менен куттуктап, кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Ошону менен бирге мекеменин бардык айым кызматкерлерин татыктуу эмгеги, акылмандыгы жана сабырдуулугу, мээримдүүлүк менен үй-бүлөгө кылган аяр мамилени кесипкөйлүк жана активдүү жашоо позициясы менен айкалыштыра алгандыгы үчүн таазим этип, ыраазычылык билдирди.
8-март майрамын утурлай ардагер сот аткаруучуларга сыйлыктар тапшырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата айым сот аткаруучулардын катышуусунда салтанаттуу иш чара болуп өттү. Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев сот тутумунда 25 жылдан ашык иштеген ардагер айым сот аткаруучуларды майрамы менен куттуктап, аларды ведомствонун баалуу белектери менен сыйлады. Аларга бекем ден-соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгиликтерди каалап, үзүрлүү эмгеги, акылмандыгы жана чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Салтанаттуу иш чарага директордун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова, эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева, мамлекеттик кызмат жана кадр иштерин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жанара Иманалиева жана башка кызматкерлер катышышты. Иш чара Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Сот департаментинин директору кесиптештерин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
Урматтуу кесиптештер, судьялар, сот системасынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Биздин кесип жоопкерчиликти, калыстыкты жана кызматка берилгендикти талап кылат. Мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы, коомдо саясий туруктуулуктун бекемделиши, адамдардын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы ак ниеттүү эмгегибизден көз каранды. Сот адилеттигине кызмат кылуунун ардактуу жана татаал миссиясы кызматкерлерден жоопкерчиликти, акылмандыкты, мол тажрыйбаны, көп кырдуу компетенттүүлүктү жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, адилеттүүлүктү талап кылат эмеспи. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм. Жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер мындан ары да биздин коомдогу укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө боло берсин.   Урматтоо менен, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Кыргыз Республикасынын Урмат Кожомбердиев

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев Урмат Мелисович

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Биздин ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча Сиздерди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө биз даярбыз. «Жарандардын кайрылуулары» бөлүгүнө кайрылыңыздар.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев У.М.

Видео