KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Мыйзам

07 июля 2017

I БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ


1-глава. Негизги жоболор


1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү



  1. Ушул Мыйзамдын максаты аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.

  2. Ушул Мыйзам аткаруу документтерин аткарууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.

  3. Ушул Мыйзам аткаруу өндүрүшүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин, аткаруу документтерин ыктыярдуу жана мажбурлап аткартуунун шартын жана тартибин аныктайт, ошондой эле сот аткаруучулардын укуктук статусун жана алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.


2-берене Аткаруу өндүрүшүнүн милдеттери жана принциптери



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн милдети жеке жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү болуп саналат.

  2. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:


1) аткаруу документтерин аткаруунун мыйзамдуулугу жана милдеттүүлүгү;


2) аткаруу иш-аракеттерин өз убагында жасоо;


3) диспозитивдүүлүк;


4) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын процесстик теңдиги;


5) сот аткаруучунун көз карандысыздыгы;


6) карызкордун — жеке жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиричилиги үчүн зарыл болгон мүлктүн минимумунун кол тийгистиги.


3-берене. Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдар


Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жана алардын ишинин укуктук негизи тууралуу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.


II БӨЛҮМ. СОТ АТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШИНИН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ


2-глава. Сот аткаруучунун ишин уюштуруу, тартиби жана укуктук статусу


4-берене. Сот аткаруучу



  1. Мамлекеттик кызматта турган жана аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы сот аткаруучу болуп саналат.


Сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына гана баш ийүү менен, үчүнчү жактардын эркине көз карандысыз, аткаруу документтерин аткарууну өз алдынча жүзөгө ашырат.


Сот аткаруучулар бирдиктүү статуска ээ болушат. Ушул Мыйзамда сот аткаруучулардын айрым категорияларына укуктук абалдын өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.



  1. Сот аткаруучу аткаруу боюнча коюучу мыйзамдуу талаптар бардык органдар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү.

  2. Сот аткаруучу өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга, аткаруу документтерин реалдуу, толук, өз убагында жана натыйжалуу аткарылышына бардык чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кысымга алынышына жол бербөөгө милдеттүү.

  3. Сот аткаруучулар кызматтык милдеттерин аткарууда форма кийим кийишет, айырмалоо белгилери, эмблемасы болот, алардын үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

  4. Сот аткаруучуларга атайын класстык чендер ыйгарылат, аларды ыйгаруунун жана алардан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

  5. Сот аткаруучуларга мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.

  6. Сот аткаруучуларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (мындан ары — Башкы сот аткаруучу) тарабынан бекитилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү кызматтык ырастамалар берилет.

  7. Сот аткаруучунун конкреттүү аткаруу өндүрүшү боюнча материалдары кол тийгис болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун макулдугусуз ага эч кимдин жеткиликтүүлүк укугу жок.

  8. Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына жеткиликтүүлүк алган адам кызматтык сырды сактоого милдеттүү.


5-берене. Сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу



  1. Сот аткаруучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө турушат.

  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо, анын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан бекитилет.


6-берене. Сот аткаруучунун кызмат ордуна талапкерге карата коюлуучу талаптар



  1. Жыйырма бир жашка чыккан, жогорку юридикалык билими бар, соттуулугу жок, өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары боюнча, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны сот аткаруучу боло алат.

  2. Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн жетекчиси улук сот аткаруучу болуп саналат. Сот аткаруучуларга коюлган талаптарга жооп берген жана сот аткаруучу болуп үч жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны улук сот аткаруучу боло алат.

  3. Кызмат ордуна киришип жатканда сот аткаруучу салтанаттуу жагдайда төмөнкүдөй мазмунда ант берет:


«Мен, ………, сот аткаруучунун кызматына киришип жатып: өзүмдүн ыйгарым укуктарымды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кесиптик сырды сактоого, өзүмдүн кесиптик милдеттеримди калыс, ак ниет жана кынтыксыз аткарууга, ишенимге жана сыйга татыктуу болууга, кесиптин кадыр-баркынын жогорулашына өбөлгө түзүүгө ант берем».



  1. Сот аткаруучу кызмат ордуна антка кол койгон учурдан тартып киришет.


7-берене. Сот аткаруучуларын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби



  1. Башкы сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

  2. Башкы сот аткаруучунун конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Башкы сот аткаруучунун сунушу боюнча кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан дайындалуучу орун басарлары болот.

  3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери (мындан ары — областтардын башкы сот аткаруучулары) кызмат ордуна конкурстун натыйжалары боюнча Башкы сот аткаруучу тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

  4. Сот аткаруучулар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык Башкы сот аткаруучу жана областтардын башкы сот аткаруучулары тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.


8-берене. Сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары



  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:


1) өзүнүн карамагында турган сот аткаруучуларынын кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;


2) сот аткаруучулар кызматынын адистештирилген бөлүмдөрүн түзөт.



  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот аткаруучуларынын ишин контролдоону жана координациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.


9-берене. Башкы сот аткаруучунун ыйгарым укуктары



  1. Башкы сот аткаруучу:


1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, областтардын башкы сот аткаруучуларынын, улук сот аткаруучуларынын жана сот аткаруучуларынын иштерин жетектөөнү жүзөгө ашырат, алардын ишин уюштурат жана контролдойт, алардын отчетторун угат, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;


2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин, уюмдардын иштерине катышат;


3) белгиленген компетенциясынын чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат;


4) сот аткаруучуларынан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылат;


5) аткаруу өндүрүшү боюнча, аткаруу иш-аракеттеринин тигил же бул өндүрүшү жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берет;


6) областтын башкы сот аткаруучусунун, улук сот аткаруучусунун же сот аткаруучусунун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) жокко чыгарат жана жаңыларын чыгарат;


7) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берилген учурда областтын башкы сот аткаруучусун, улук сот аткаруучусун же сот аткаруучусун аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетет;


8) аткаруу өндүрүшүнө катышат жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин же аткаруу документин толук көлөмдө аткарууну жеке жүргүзөт, бул үчүн Башкы сот аткаруучу өз өндүрүшүнө Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылууга жаткан кандай болбосун аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;


9) аткаруу өндүрүшүнүн милдеттерин камсыз кылуу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын бир сот аткаруучудан же аймактык бөлүмдөн алат жана башка сот аткаруучуга же аймактык бөлүмгө берет;


10) белгиленген тартипте атайын класстык чендерди ыйгарат;


11) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын сот аткаруучуларынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларын кароону жүзөгө ашырат, жарандарды жеке кабыл алууну жүзөгө ашырат;


12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Башкы сот аткаруучу сот аткаруучуларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.


10-берене. Областтын башкы сот аткаруучусунун ыйгарым укуктары


Областтын башкы сот аткаруучусу тиешелүү областтын аймагынын чектеринде:


1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзү башкарган аймактык башкармалыгынын ишин уюштурат жана контролдойт жана сот аткаруучуларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;


2) белгиленген компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, буйруктардын, усулдук сунуштамалардын, Башкы сот аткаруучунун көрсөтмөлөрүнүн жана буйруктарынын аткарылышын уюштурат;


3) мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын учурдагы эсебин тескөөгө укуктуу жана аны жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат;


4) жарандардын жана юридикалык жактардын сот аткаруучуларынын чечимине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларын баш ийүү тартибинде кароону жүзөгө ашырат, жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;


5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын иши жөнүндө статистикалык отчётту түзөт, иш кагаздарын жүргүзүү жана архивди жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;


6) соттук аткаруучулардан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылат;


7) аткаруу өндүрүшү боюнча, аткаруу иш-аракеттеринин тигил же бул өндүрүшү жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берет;


8) улук сот аткаруучунун же сот аткаруучунун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) жокко чыгарат жана жаңыларын чыгарат;


9) Башкы сот аткаруучуга улук сот аткаруучуну же сот аткаруучуну сыйлоо же тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, анын ичинде алар аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзам бузууларга жол берген учурда улук сот аткаруучуну же сот аткаруучуну аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө сунуш киргизет;


10) аткаруу өндүрүшүнө катышат жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин же аткаруу документин толук көлөмдө аткарууну жеке жүргүзөт, бул үчүн областтын башкы сот аткаруучусу өз өндүрүшүнө тиешелүү аймакта аткарылууга жаткан аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;


11) аткаруу өндүрүшүнүн милдеттерин камсыз кылуу үчүн бир сот аткаруучудан же аймактык бөлүмдөн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын алат жана башка сот аткаруучуга же аймактык бөлүмгө берет;


12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


11-берене. Улук сот аткаруучунун ыйгарым укуктары


Улук сот аткаруучуларга ушул Мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн укуктардан жана милдеттерден тышкары ошондой эле төмөнкүлөр жүктөлөт:


1) өзү башкарган аймактык бөлүмдүн ишин уюштуруу жана контролдоо;


2) сот аткаруучуларынын ортосунда аткаруу документтерин бөлүштүрүү;


3) сот аткаруучуларынан баш тартуу жана сот аткаруучуларынын өздөрүнүн баш тартуусу жөнүндө арыздарды кароо;


4) аймактык бөлүмдүн депозиттик эсебин тескөө, мыйзамдарда белгиленген тартипте анын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик;


5) тиешелүү сот аткаруучу аткарышы мүмкүн болбогон учурда тиешелүү аймакта аткарылууга жаткан кандай болбосун аткаруу документтерин өз өндүрүшүнө кабыл алуу;


6) областтын башкы сот аткаруучусуна сот аткаруучуну сыйлоо же тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, анын ичинде алар аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берген учурда сот аткаруучуну аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;


7) жарандардын жана юридикалык жактардын сот аткаруучуларынын аракеттерине карата кайрылууларын баш ийүү тартибинде кароо, аларды кабыл алуу;


8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.


12-берене. Сот аткаруучунун укуктары жана милдеттери



  1. Сот аткаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:


1) аткарууга тиешелүү маселелер боюнча токтомдорду чыгарууга;


2) бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;


3) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жана маалымдамаларды коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды таратууга карата мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен талап кылууга. Мында органдар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар аларды сот аткаруучуга токтоосуз берүүгө, ал эми атайын документтерди иштеп чыгуу, даярдоо талап кылынган учурларда, — үч күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү;


4) аткаруу иш-аракетин жасоого негиз болуучу аткаруу документтери түшүнүксүз учурларда сотко, актыны чыгарган башка органга же кызмат адамына түшүндүрмө үчүн кайрылууга;


5) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан маселелер боюнча сотко, анын ичинде аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, узартуу предметине, аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө кайрылууга;


6) жарандарды жана кызмат адамдарын өндүрүшүндө турган аткаруу документтери боюнча чакырууга;


7) менчиктин кандай болбосун формасындагы уюмдарда аткаруу документтеринин аткарылышын жана алар боюнча финансылык документтердин жүргүзүлүшүн текшерүүнү жүзөгө ашырууга;


8) конкреттүү аткаруу иш-аракеттерин жасоо маселеси боюнча тапшырмаларды берүүгө;


9) карызкорго таандык мүлк бар экенин ырастаган маалыматтар болгондо карызкорлор, ошондой эле башка адамдар ээлеп турган же аларга таандык жайларга жана сактагычтарга карызкордун же башка жактардын макулдугу менен кирүүгө. Карызкордун же башка жактардын макулдугу болбогон учурда, сот аткаруучу карызкор же башка жактар ээлеп турган же аларга таандык болгон жайга же сактагычка соттук актынын негизинде кирүүгө укуктуу;


10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөн алынган мүлктү кошпогондо, камоого алынган мүлктү белгиленген тартипте тизмелөөгө, камоого алууга, алып коюуга, сактоого өткөрүп берүүгө жана сатууга;


11) карызкорлордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө баалуу кагаздарын камакка алууга;


12) карызкордун мыйзам боюнча өндүрүүгө чегерилүүчү мүлкүн издеп табуу боюнча чараларды көрүүгө;


13) аткаруу иш-аракеттеринин өндүрүш процессинде зарыл болгон учурларда соттук приставдарга, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына жардам үчүн кайрылууга;


14) ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик каралган фактылар боюнча сунуштарды киргизүүгө, материалдарды тиешелүү органдарга берүүгө;


15) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине убактылуу чектөө коюуга;


15-1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына издөөдө жүргөн карызкордун сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштырууга;


16) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болууга.



  1. Сот аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) аткаруу документинин реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн мыйзамда каралган чараларды көрүүгө;


2) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, мыйзамдын жоопкерчилик жөнүндө жоболорун түшүндүрүүгө жана алардын мыйзамда корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жигердүү жардамдашууга;


3) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана алардын өкүлдөрүнө укуктарын пайдаланууга жана мыйзамда каралган милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүгө;


4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнүчтөрүн кароого жана алар боюнча токтом кабыл алууга;


5) эгер ал жеке өзү аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына тикелей же кыйыр кызыкдар болсо, же анын кынтыксыздыгына тек туудурган башка жагдайлар болсо, өзүнүн иштен баш тартуусу жөнүндө билдирүүгө;


6) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;


7) кесиптик адепти сактоого;


8) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.


(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 1002021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


13-берене. Сот аткаруучунун жоопкерчилиги



  1. Сот аткаруучу өзүнө тапшырылган кызматтык милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарбаса же болбосо талаптагыдай аткарбаса, сот аткаруучу жоруктарды жана укук бузууларды жасаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

  2. Сот аткаруучунун чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) областтын башкы сот аткаруучусуна, Башкы сот аткаруучуга же сотко даттанылышы мүмкүн.

  3. Сот аткаруучу келтирген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулууга жатат.


14-берене. Сот аткаруучунун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу



  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана сот аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

  2. Сот аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык маянадан, класстык чен үчүн үстөктөн, иштеген жылдары үчүн үстөктөн, ошондой эле сыйлыктардан жана башка үстөктөрдөн турат.

  3. Өргүү берүү, пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле үстөктөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

  4. Сот аткаруучулар кызматтык максаттарда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө (таксини жана жеке автотранспортту кошпогондо) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү транспорт уюмдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте сатып алынуучу жол кире документтери менен камсыз кылынат.

  5. Менчик транспортун кызматтык максатта пайдаланган сот аткаруучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.


15-берене. Сот аткаруучунун ишинин социалдык кепилдиктери



  1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга жатат:


1) сот аткаруучунун өмүрү жана ден соолугу;


2) сот аткаруучунун башка адамдардын мүлкүнө зыян келтиргендик үчүн жоопкерчилиги.


Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.



  1. Турак жайга же аны жакшыртууга муктаж сот аткаруучуга кызматтык турак жай же турак жайды ижарага алганына байланыштуу сарптоо компенсациясы берилет же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан финансылык каражат бөлүнүп берилет.


Кызматтык турак жай сот аткаруучу өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган жер боюнча бөлүнүп берилет. Кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү сот аткаруучунун үй бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө туура келген турак аянтынын 20 чарчы метринен кем болбоого тийиш.



  1. Сот аткаруучу кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же болбосо бошонгондон кийин сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде алган жаракаттын, травманын, оорунун кесепетинен өлгөн учурда курман болгондун (өлгөндүн) үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөр жүргүзүлөт.


III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ


3-глава. Мажбурлап аткартуу органдары, аткаруу документтеринин түрлөрү


16-берене. Мажбурлап аткартуу органдары



  1. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сот аткаруучуларына жүктөлөт.

  2. Сот аткаруучулардын статусу, укугу жана милдеттери ушул Мыйзамда аныкталат.


17-берене. Аткаруу документтеринин түрлөрү



  1. Аткаруу документтери төмөнкүлөр болуп саналат:


1) соттук актылардын негизинде, анын ичинде мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндө соттордун өкүмдөрү боюнча берилүүчү аткаруу барактары (мындан ары — аткаруу барактары);


2) соттук буйруктар;


3) доону камсыз кылуу, зыяндын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоо тартибинде чыгарылган, анын ичинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттун аныктамалары жана судьянын токтомдору;


4) алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуулар;


5) нотариустардын аткаруу жазуулары;


6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан чыгарылган, анын ичинде электрондук документ түрүндө таризделип, юридикалык күчү укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол коюусу менен ырасталган токтомдор;


7) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирлик органдарынын чечимдеринин негизинде берилген ырастамалар;


8) аткаруу жыйымы түрүндө акчалай мажбурлап өндүрүп алуу, жаза салуу жөнүндө, аткаруу боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомдору;


9) мыйзамда каралган учурларда башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын актылары.



  1. Аткаруу документинин түп нускасы жоголгон учурда сот же аткаруу документин берген же жоголгон аткаруу документин берүүгө негиз болгон актыны чыгарган башка орган, кызмат адамы же башка ыйгарым укуктуу адам түп нусканын күчүнө ээ болгон жупнусканы бере алат.


Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт, буга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


18-берене. Аткаруу документтерине карата коюлуучу талаптар



  1. Сот аткаруучунун токтомун, соттук буйрукту, укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтомду жана алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашууну кошпогондо, аткаруу документинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) аткаруу документин берген соттун же башка органдын аталышы, кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөндөрү;


2) аткаруу документин берүүгө негиз болгон иштин же материалдын аталышы жана алардын номерлери;


3) аткарууга жаткан акт кабыл алынган күн, ай, жыл (мындан ары — дата);


4) өндүрүп алуучунун — юридикалык жактын жана карызкордун — юридикалык жактын аталышы, алардын юридикалык даректери, алар бар болгондо банктык маалым даректери;


5) өндүрүп алуучу — жеке жактын жана карызкор — жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (турган) жери жана/же иштеген жери, эгерде ал белгилүү болсо, карызкор — жеке жактын ИЖНи, карызкор — юридикалык жактын — ИСНи, эгерде алар белгилүү болсо, карызкор-жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосунун датасы жана орду;


6) карызкорго акча каражаттарын жана башка мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү же болбосо өндүрүп алуучунун пайдасына белгилүү иш-аракеттерди жүргүзүү же белгилүү иш-аракеттерди жасоодон кармануу боюнча милдеттерди жүктөө жөнүндө талапты камтыган соттук актынын же башка органдын актысынын резолюциялык бөлүгү;


7) соттук акт же башка органдын актысы күчүнө кирген дата;


8) аткаруу документи берилген дата;


9) «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген башка талаптар.



  1. Алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча аткаруу барактарында багууга алимент чегерилген баланын аты жана туулган датасы, башка жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты жана алимент өндүрүп алынууга жаткан дата көрсөтүлөт.

  2. Аткаруу барагына же соттук акт болуп саналган аткаруу документине биринчи инстанцияда соттук актыны чыгарган судья кол коет жана соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Судья болбогон учурда аткаруу документине соттун төрагасы кол коет.

  3. Башка органдын актысынын негизинде берилген же башка органдын актысы болуп саналган аткаруу документине ошол органдын кызмат адамы, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда — аткаруу документин жазган адам кол коет. Аткаруу документи аны берген органдын же адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

  4. Соттук буйруктун мазмуну Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстиккодексименен аныкталат. Алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуунун мазмуну Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси менен аныкталат. Көрсөтүлгөн аткаруу документтерине аларды кабыл алган же күбөлөндүргөн адамдар кол коет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.


6) Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун мазмуну Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен аныкталат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


19-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тили



  1. Аткаруу өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

  2. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жана мамлекеттик же расмий тилди билбеген адамга котормочунун, кол менен жаңсап котормочунун (мындан ары — котормочу) кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.


20-берене. Аткаруу иш-аракеттери жасалуучу жер



  1. Эгерде карызкор жеке жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын жашаган (турган) жери, иштеген жери же анын мүлкү турган жери боюнча сот аткаруучу тарабынан колдонулат.

  2. Эгерде карызкор юридикалык жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын юридикалык же иш жүзүндөгү дареги жана/же анын мүлкү турган жери боюнча колдонулат.

  3. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого (белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга) милдеттендирген аткаруу документтеринде камтылган талаптар ошол иш-аракеттер жасалган жер боюнча аткарылат.

  4. Эгерде аткаруу документин аткаруу процессинде карызкордун — жеке жактын жашаган (турган) жери же иштеген жери, карызкордун — юридикалык жактын дареги же болбосо карызкордун мүлкү турган жер өзгөрүлсө, сот аткаруучу бул тууралуу токтоосуз акт түзөт.


Акты түзүлгөн күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу аткаруу документин бул акт менен бирге карызкордун — жеке жактын жаңы жашаган жери жана анын иштеген жери боюнча, карызкордун — юридикалык жактын жаңы дареги боюнча же болбосо карызкордун мүлкү турган жер боюнча сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберет, бул тууралуу ошол эле убакта өндүрүп алуучуга кабарлайт.



  1. Сот аткаруучу зарыл болгондо Башкы сот аткаруучунун же областтын башкы сот аткаруучусунун буйругу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасайт.

  2. Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучуларынын бир аймактык бөлүмүнөн башка аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген учурда Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу буйрук чыгарат. Көрсөтүлгөн буйрук ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу үчүн тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберилет.


Аткаруу өндүрүшүн өткөрүп берүү жөнүндө тараптарга үч жумушчу күндүн ичинде кабарланат.



  1. Бир аймактык бөлүмдөн башкасына өткөрүп берилген аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу анын ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

  2. Аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда аткаруу иш-аракеттери жасалган жер жөнүндө талаштарга жол берилбейт.


21-берене. Аткаруу иш-аракеттери жасалуучу убакыт



  1. Аткаруу иш-аракеттери, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары жумушчу күндөрү саат 6.00дөн тартып саат 22.00гө чейин жасалат жана колдонулат. Өндүрүп алуучу жана карызкор сот аткаруучуга аларга ыңгайлуу болгон убакытты сунуштай алышат. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо убактысы жөнүндө биротоло чечим сот аткаруучу тарабынан кабыл алынат.


Эгерде аткаруу иш-аракеттери жасалса, ал эми мажбурлап өндүрүп алуу чаралары 22 саат өткөндөн кийин колдонулса, анда сот аткаруучу бул жөнүндө улук сот аткаруучуга жазуу жүзүндө, же электрондук, уюлдук байланыш аркылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет.


Ушундай эле учурларда улук сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте жогору турган сот аткаруучуга билдирет.



  1. Карызкор өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, аткаруу документтерин аткарууну татаалдаштыра турган же аткарууну мүмкүн эмес кылуучу башка иш-аракеттерди жүргүзүшү мүмкүн деп болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо, же болбосо карызкордун айынан аларды ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген убакта жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу жумушчу күндөрү саат 22.00дөн тартып саат 6.00гө чейин, ошондой эле дем алыш же майрам күндөрү 24 саатын ичинде аткаруу иш-аракеттерин жасайт жана мажбурлоо чараларын колдонот.

  2. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда аткаруу иш-аракеттерин жасоо жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу үчүн сот аткаруучу улук сот аткаруучуга бул жөнүндө күн мурунтан жазуу жүзүндө кабарландырат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


22-берене. Жыйынды жана контролдук аткаруу өндүрүшү



  1. Бир нече өндүрүп алуучунун пайдасына бир карызкорго карата, ошондой эле бир же бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына ортоктош өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорлорго карата мүлктүк мүнөздөгү аткаруу өндүрүштөрү жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилет.

  2. Бир аймактык бөлүмгө берилген бир нече өндүрүп алуучунун пайдасына өндүрүп алуу боюнча бир карызкорго карата аткаруу документтери улук сот аткаруучу тарабынан сот аткаруучулардын бирине берилет.


Ар башка аймактык бөлүмдөргө берилген бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына өндүрүп алуу боюнча бир карызкорго карата аткаруу документтери боюнча контролдук аткаруу өндүрүшү жүргүзүлөт. Мындай аткаруу өндүрүшүн жүргүзүүнү контролдоо Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат же өз компетенциясынын чектеринде Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан аныкталган сот аткаруучулардын бирине жүктөлөт.



  1. Бир аймактык бөлүмгө берилген бир өндүрүп алуучунун пайдасына ортоктош өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорго карата аткаруу документтери улук сот аткаруучу тарабынан жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилет.


Ар башка аймактык бөлүмдөргө берилген бир өндүрүп алуучунун пайдасына өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорлорго карата аткаруу документтери боюнча контролдук аткаруу өндүрүшү жүргүзүлөт. Мындай аткаруу өндүрүшүн жүргүзүүнү контролдоо Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат же өз компетенциясынын чектеринде Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан аныкталган сот аткаруучулардын бирине жүктөлөт.



  1. Бир аймактык бөлүмгө берилген бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына ортоктош өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорго карата аткаруу документтери улук сот аткаруучу тарабынан жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилет.


Ар башка аймактык бөлүмдөргө берилген бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына ортоктош өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорлорго карата аткаруу документтери боюнча контролдук аткаруу өндүрүшү жүргүзүлөт. Мындай аткаруу өндүрүшүн жүргүзүүнү контролдоо Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат же өз компетенциясынын чектеринде Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу тарабынан аныкталган сот аткаруучулардын бирине жүктөлөт.



  1. Өзүнө карата жыйынды аткаруу өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан карызкорго мүлктүк мүнөздөгү талаптарды камтыган келип түшкөн аткаруу документтери жыйынды аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучуга берилет, бул жөнүндө тараптарга кабарланат. Жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилген аткаруу документтери боюнча сот аткаруучу токтом чыгарат.

  2. Жыйынды аткаруу өндүрүшү боюнча аткаруу иш-аракеттери, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары сот аткаруучу тарабынан, анын ичинде анын ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта жасалат жана колдонулат.

  3. Ортоктош өндүрүп алуу жөнүндө талапты камтыган аткаруу документтери боюнча жыйынды аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин аткаруу документинде ортоктош өндүрүп алуу кайсы карызкордон жана кандай өлчөмдө жүргүзүлгөнү көрсөтүлөт.


23-берене. Сот аткаруучунун токтому



  1. Сот аткаруучу тарабынан кабыл алынуучу аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча чечимдер токтомдор менен жол-жоболоштурулат.

  2. Сот аткаруучунун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) токтом чыгарылган дата жана жер;


2) сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты-жөндөрү;


3) сот аткаруучуларынын аймактык бөлүмүнүн аталышы;


4) алар боюнча токтом чыгарылган аткаруу өндүрүшүнүн аталышы жана номери;


5) ал боюнча токтом чыгарылып жаткан маселе;


6) кабыл алынган чечимдин негизи;


7) каралып жаткан маселе боюнча кабыл алынган чечим;


8) токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү же болбосо токтомго даттанууга жатпаганы жөнүндө көрсөтмө.



  1. Сот аткаруучунун токтому токтоосуз аткарылууга жатат жана ушул Мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.


Сот аткаруучунун токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, сот аткаруучунун электрондук колу коюлган электрондук документтин форматында кабыл алынышы мүмкүн жана электрондук почта аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга жиберилет.



  1. Сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын арызы боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн болгон токтомдо жол берилген жаңылыш жазууларды жана даана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу.


Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт.



  1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчтөрү жана арыздары сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


4-глава. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар


24-берене. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар


Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:


1) өндүрүп алуучу жана карызкор (мындан ары — аткаруу өндүрүшүнүн тараптары) жана алардын өкүлдөрү;


2) аткаруу документинде камтылган талаптары аткарууга көмөк көрсөтүүчү башка катышуучулар (эксперттер, адистер, баалоочулар, котормочулар калыс-күбөлөр, жооптуу мүлк сактоочулар).


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


25-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары



  1. Жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу жана карызкор болушу мүмкүн.

  2. Алардын пайдасына же кызыкчылыктарында аткаруу документи берилген жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу болуп саналат.

  3. Аткаруу документтери боюнча белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого же белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга милдеттүү жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карызкор болуп саналат.

  4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу жана карызкор катышышы мүмкүн. Алардын ар бири аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат.


26-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, кошумча материалдарды берүүгө, өтүнмө кылууга, аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга, аткаруу иш-аракеттеринин процессинде оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз далилдерин жана пикирлерин айтууга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка жактардын далилдерине жана өтүнмөлөрүнө каршы чыгууга, сот аткаруучуну четтетүүгө арыз берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча сот аткаруучунун аракеттерине (аракетсиздигине) же актыларына даттанууга укуктуу.

  2. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнө берилген бардык укуктарды ак ниет пайдаланууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга жана аткарылышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.


27-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укук улантуучулугу



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын бири чыгып калган, анын ичинде жеке адам каза болгон, юридикалык жак өзгөртүп түзүлгөн, талапты өткөрүп берген, карызды которгон учурда, аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өзүнүн токтому менен бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырууга милдеттүү.

  2. Укук улантуучу үчүн ал аткаруу өндүрүшүнө киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер алар укук улантуучу алмаштырган тарап үчүн кандай өлчөмдө милдеттүү болсо, ошондой өлчөмдө милдеттүү болот.

  3. 3.Токтомдун көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


28-берене. Аткаруу өндүрүшүнө жашы жетелектердин катышуусу



  1. Аткаруу өндүрүшүндө он төрт жашка чейинки курактагы жашы жетелектердин укуктарын жана милдеттерин анын мыйзамдуу өкүлү жүзөгө ашырат жана тиешелүүлүгүнө жараша аткарат.

  2. Аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелек аткаруу өндүрүшүндө өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо камкордукка алуунун жана көзөмөлдүк кылуунун ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн катышуусунда же тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырат жана милдеттерин аткарат.

  3. Толук аракетке жөндөмдүү жашы жетелек аткаруу өндүрүшүндө өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырат жана милдеттерин аткарат.


29-берене. Тараптардын өкүлдөрү жана алардын ыйгарым укуктары



  1. Жеке жактар аткаруу өндүрүшүнө жеке жана/же өкүлдөрү аркылуу катыша алышат. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат.

  2. Юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу өндүрүшүнө катышуулары аларга мыйзам, устав же жобо менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып баруучу алардын органдары же кызмат адамдары же болбосо көрсөтүлгөн органдардын өкүлдөрү жана кызмат адамдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

  3. Өкүлдүн (мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары) аткаруу документин берүүгө жана кайра чакыртып алууга, аткаруу өндүрүшүнө катышууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарды башка жакка берүүгө (кайра ишенип берүү), сот аткаруучунун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына даттанууга, ыйгарылган мүлктү (анын ичинде акча каражаттарын) алууга укуктары өкүл берген ишеним катта айтылууга тийиш.

  4. 18 жашка толо элек жана камкорчулукта же көзөмөлчүлүктө турган адамдар аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.

  5. Судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери жана сот аткаруучулар да аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.


Ушул эреже көрсөтүлгөн адамдар аткаруу өндүрүшүнө өндүрүп алуучунун өкүлү, тиешелүү уюмдун карызкору же болбосо мыйзамдуу өкүл катары катышкан учурларга жайылтылбайт.



  1. Эгерде аткаруу документи боюнча карызкор жеке өзү гана жасай алган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болсо, анда өкүлчүлүккө жол берилбейт.


30-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү мыйзамдуу өкүлдөр



  1. Аткаруу өндүрүшүндө аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жеке жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарын ырастаган документтерин көрсөткөн мыйзамдуу өкүлдөр — алардын ата-энелери, асырап алуучулары, көзөмөлчүлөрү же камкорчулары коргойт. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу өкүлдөнүүчүлөргө таандык болгон бардык иш-аракеттерди өкүлдөнүүчүлөрдүн атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен жасашат.

  2. Белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таанылган жеке жак катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында соттун чечими менен дайынсыз жок адамдын мүлкүн башкаруучу катары аныкталган адам чыгат.

  3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, каза болгон же белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мураскордун өкүлү катары мурасты аткаруучу же мураска калган мүлктү кайтаруу жана аны башкаруу үчүн дайындалган адам чыгат.

  4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өзү өкүл катарында тандаган башка жакка тапшыра алат.


31-берене. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу



  1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же сот аткаруучу котормочуну чакыра алат. Которуу үчүн зарыл болгон тилди билген аракетке жөндөмдүү жеке жак котормочу боло алат.

  2. Котормочуну дайындоо жөнүндө чечим сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат.

  3. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон карызкорго же өндүрүп алуучуга сот аткаруучу аны чакыруу үчүн мөөнөт берет. Эгерде карызкор же өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, анда сот аткаруучу котормочуну өзүнүн каалоосу боюнча дайындайт.

  4. Котормочу аткарган иши үчүн сыйакы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн сыйакы аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет. Сыйакынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

  5. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.


32-берене. Аткаруу өндүрүшүнө калыс-күбөлөрдүн катышуусу



  1. Төмөнкүлөр менен байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоодо жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонууда калыс-күбөлөрдүн катышуусу милдеттүү:


1) жайгаштыруу, жашаган жерден чыгаруу жөнүндө чечим менен;


2) карызкор же башка адамдар ээлеген турак эмес жайларды жана сактоочу жайларды ачуу менен;


3) карызкорго таандык турак жайларды ачуу менен;


4) турак жайда карызкордун мүлкү бар деп болжолдоого негиз берүүчү далилдер болгондо, карызкор ээлеп турган башка адамдарга таандык турак жайларды ачуу менен;


5) карызкордун мүлкүнө камак салуу, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү алып коюу жана өткөрүп берүү менен анын мүлкүн тизмелөө менен;


6) өндүрүп алуу мүмкүн эместиги жөнүндө акт түзүү менен.



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыктары жок, аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар менен туугандыгы жок, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарга баш ийбеген же контролунда турбаган аракетке жөндөмдүү кандай болбосун жарандар калыс-күбөлөр катары чакырылышы мүмкүн. Сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө эки калыс-күбөнү тартат.

  2. Калыс-күбө кайсы иш-аракеттерди жасоого жана/же кандай чараларды колдонууга катышуу үчүн чакырылып жатканын, иш-аракеттер кайсы аткаруу документтеринин негизинде жасалып жатканын жана чаралар колдонулуп жатканын билүүгө, ошондой эле суроолорду берүүгө укуктуу. Калыс-күбөнүн суроолору көрсөтүлгөн актыга жазылат. Калыс-күбөнүн каалоосу боюнча анын суроолору актыга өз колу менен жазылышы мүмкүн.


Калыс-күбө аткаруу иш-аракетин жасоо жана/же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу, өзү катышкан көрсөтүлгөн иш-аракеттердин жана чаралардын мазмуну жана натыйжалары жөнүндө актыны өзүнүн колу менен ырастоого милдеттүү. Калыс-күбө катышкан аткаруу иш-аракетин жасоону жана/же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну баштар алдында сот аткаруучу ага калыс-күбөнүн ушул беренеде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.


33-берене. Аткаруу өндүрүшүнө эксперттин, адистин, баалоочунун катышуусу



  1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан, атайын билимди талап кылган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча экспертизаны дайындайт же адисти тарта алат, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарат. Зарыл болгондо бир нече эксперт, адис тартылышы мүмкүн.

  2. Эксперт, адис катарында илим, техника, көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк жаатында жана бул негизде корутунду берүү үчүн зарыл болгон билими бар жана аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес адам тартылышы мүмкүн. Эксперттин корутундусу жазуу жүзүндө берилет. Адис жазуу жүзүндө көрсөтмө же түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

  3. Эксперт сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча калыс корутунду берүүгө милдеттүү. Эгерде коюлган маселе эксперттин атайын билиминин чегинен чыкса же ага берилген материалдар корутунду берүү үчүн жетишсиз болсо, эксперт корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө билдирет.


Адис сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө милдеттүү жана эгерде, ал тиешелүү атайын билими жана көндүмдөргө ээ болбосо, аткаруу өндүрүшүнө катышуудан баш тартууга укуктуу.



  1. Эксперт изилдөө предметине тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүүгө; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укугу бар.


Адис изилдөөнүн предметине тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укугу бар.


Эксперт (адис) ошондой эле аткаруу иш-аракеттерин жасоого байланыштуу жүргүзүлгөн ишти аткарганы үчүн сыйакы алууга укугу бар. Бул сыйакы жана экспертизаны жүргүзүүгө кеткен башка сарптоолор аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгашаларга кирет.



  1. Эксперт билип туруп жалган корутунду бергени үчүн, ал эми адис — билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинде каралган жоопкерчиликти тартат.

  2. Камакка алынган мүлктү баалоо үчүн сот аткаруучу экспертти, адисти же болбосо баалоочуну же баалоочу уюмду тартышы мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


5-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү четтетүүлөр, өзүн-өзү четтетүүлөр


34-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү четтетүү



  1. Эгерде сот аткаруучу, котормочу, эксперт, адис, калыс-күбө аткаруу өндүрүшүнүн тарабынын жубайы же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын, алардын өкүлдөрүнүн же аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын тууганы болуп саналса, көрсөтүлгөн адамдарга баш ийсе же контролунда болсо же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкдар болсо, ал аткаруу өндүрүшүнө катыша албайт жана четтетүүгө жатат.

  2. Четтетүүнү өндүрүп алуучу же карызкор тарабынан билдириши мүмкүн. Четтетүү үчүн негиздер бар экени жөнүндө аткаруу иш-аракеттерин жасоо же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу башталгандан кийин белгилүү болгон учурларды кошпогондо, четтетүү жүйөлөнүүгө, жазуу жүзүндө баяндалууга тийиш жана аткаруу иш-аракеттерин жасоо же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу башталганга чейин билдирилиши керек.

  3. Сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе четтетүү же өзүн өзү четтетүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып бир күндөн кечиктирбестен улук сот аткаруучу тарабынан чечилет, бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарылат.


Улук сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе областтын башкы сот аткаруучусу, ал эми областтын башкы сот аткаруучусун четтетүү жөнүндө маселе Башкы сот аткаруучу тарабынан ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттө чечилет, бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарылат. Сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, токтомдо аткаруу өндүрүшү өткөрүлүп берилген сот аткаруучу көрсөтүлөт.



  1. Котормочуну, калыс-күбөнү, экспертти же адисти четтетүү жөнүндө маселе четтетүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып сот аткаруучу тарабынан токтоосуз чечилет, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарылат.

  2. Тиешелүү сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, жогору турган сот аткаруучу тарабынан бир эле убакта четтетилген сот аткаруучу тарабынан аткарылып жаткан аткаруу документтин башка сот аткаруучуга же болбосо сот аткаруучулардын башка бөлүмүнө өткөрүп берүү тууралуу маселе чечилет.

  3. Четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом жогору турган сот аткаруучуга же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.


Башкы сот аткаруучунун аны четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтомуна сотко даттанылышы мүмкүн. Токтомдорго даттануу аткаруу өндүрүшүн токтотуп турууга алып келбейт.



  1. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган токтомдордун көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн токтомдор чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучуга, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана тиешелүү катышуучуларына жиберилет.


35-берене. Аткаруу өндүрүшүндө өзүн өзү четтетүү



  1. Ушул Мыйзамдын34-беренесинин1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу, котормочу, эксперт, адис жана калыс-күбө өзүн өзү четтетүүнү билдирүүгө милдеттүү.

  2. Сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүүсү токтом менен жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


Тиешелүү жогору турган сот аткаруучу өзүн-өзү четтетүүнү билдирген сот аткаруучудан аткаруу өндүрүшүн башка сот аткаруучуга же сот аткаруучулардын башка бөлүмүнө өткөрүп берет.



  1. Котормочунун, эксперттин адистин, калыс-күбөнүн өзүн өзү четтетүүсү сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат. Тараптар сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун жогору турган сот аткаруучуга же сотко даттанууга укуктуу. Токтомдорду даттануу аткаруу өндүрүшүн токтотуп турууга алып келбейт.


6-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү мөөнөттөр


36-берене. Аткаруу өндүрүшүндө мөөнөттөрдү эсептөө



  1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.

  2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттөр так календардык дата, милдеттүү түрдө келүүсү тийиш болгон окуяны көрсөтүү менен же убакыттын мезгили менен аныкталат. Акыркы учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.

  3. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же анын башталышы аныкталган окуя келип жеткенден кийинки жумушчу күнү башталат.

  4. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттү эсептөөдө күн 24 сааттык болуп эсептелет.

  5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн акыркы айынын күнүндө бүтөт. Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.

  6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.

  7. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келген учурларда, мөөнөт бүткөн күн болуп жумушчу эмес күндөн кийинки биринчи жумушчу күн эсептелет.

  8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнү саат 24.00гө чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок, эгерде бул иш-аракет аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органда (мындан ары — сот аткаруучуларынын аймактык бөлүмү) же болбосо жумушчу убакыт белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт жумушчу убакыт аяктаган учурда бүтөт.


37-берене. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөттөрү



  1. Аткаруу документтери мажбурлап аткартууга төмөнкү мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн:


1) сот актылары, аткаруу барактары — сот актылары күчүнө кирген учурдан тартып үч жылдын ичинде;


2) бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдардын же кызмат адамдарынын токтомдору, — башка органдардын токтомдору мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып үч жылдын ичинде;


3) нотариустардын аткаруу жазуулары — алар берилген учурдан тартып үч айдын ичинде;


4) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирлик комитетинин чечимдеринин негизинде берилүүчү ырастамалар, — алар берилген күндөн тартып үч айдын ичинде;


5) мыйзамда каралган учурларда аткаруу документтери болуп саналган башка органдардын актылары, — эгерде мыйзамда аларды аткарууга берүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленбесе, үч айдын ичинде.



  1. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери (алименттерди өндүрүп алуу, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башкалар) төлөмдөр ыйгарылган бүткүл убакытка күчүн сактайт. Мында аткаруу документтерин аткарууга берүүнүн мөөнөттөрү ар бир төлөм үчүн өзүнчө эсептелет жана алар ар бир төлөмдүн мөөнөтү келип жеткен күндөн кийинки күндөн тартып башталат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


38-берене. Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу



  1. Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү төмөнкүдөй үзгүлтүккө учурайт:


1) аткаруу документин аткарууга берүүдө;


2) карызкор тарабынан аткаруу документин жарым-жартылай аткарууда.



  1. Үзгүлтүккө учурагандан кийин аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү кайтадан башталат. Мөөнөт үзгүлтүккө учураганга чейин бүткөн убакыт жаңы мөөнөткө кошуп эсептелбейт.

  2. Аткаруу документин аткарууга мүмкүн болбогонуна байланыштуу аны өндүрүп алуучуга кайтарып берген учурда, аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарып берилген күндөн тартып эсептелет.

  3. Эгерде актыны аткаруу мөөнөтү узартылса же токтотулуп турса, анда аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү аткаруу актысын кайтадан башталган күнүнөн тартып кайтадан башталат.

  4. Аткаруу документин аткаруу мөөнөтү создуктурулган учурда аны аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү созулган мөөнөткө узартылат.

  5. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүнүн колдонулушу бузуулар жөнүндө иштер боюнча чыгарылган актыларга жайылтылбайт.


39-берене. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүүнүн өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү



  1. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу сот актысын кабыл алган, аткаруу барагын берген же болбосо нотариалдык кеңсе жайгашкан жер боюнча сотко өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.


Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилген учурда, аталган аткаруу документтери соттун тиешелүү аткаруу документин аткаруу үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып үч айдын ичинде аткарууга берилет.



  1. Калган аткаруу документтери боюнча өткөрүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


40-берене. Аткаруу документтерин аткаруу мөөнөттөрү


Мүлктү сатуу менен байланышкан аткаруу документтерин аткаруу алты айдан ашпаган мөөнөттө, ал эми калган учурларда — сот аткаруучу аткаруу документин алган күндөн тартып төрт айдан ашпаган мөөнөттө бүтүрүлүүгө тийиш.


Ушул беренеде белгиленген мөөнөттөр мезгилдүү өндүрүп алуулар жөнүндө аткаруу документтерин аткарууда колдонулбайт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


41-берене. Аткаруу өндүрүшүндө мөөнөттөрдү токтотуп туруу жана кайтадан баштоо



  1. Аткаруу өндүрүшүндөгү аяктай элек бардык мөөнөттөрдүн өтүшү аткаруу өндүрүшүн убактылуу токтотуп туруу менен бир убакта токтотулуп турат.

  2. Аткаруу өндүрүшү кайтадан башталган күндөн тартып мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.


42-берене. Аткаруу өндүрүшүндө өткөрүлгөн мөөнөттөрдүн кесепеттери


Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн ушул Мыйзамда же соттук аткаруучу тарабынан белгиленген мөөнөттү өткөрүп жибериши ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


Ушул Мыйзамдын 40-беренесинде белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберүү сот аткаруучуну аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруудан бошотпойт.


7-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү билдирүүлөр жана чакыруулар


43-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү билдирүүлөр жана чакыруулар



  1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жөнүндө жана мажбурлап аткартуу чаралары жөнүндө тапшыруу жөнүндө билдирүү менен чакыруу кагазын, кабарлоо жиберүү, телефонограмма, телеграмма, электрондук, башка электрдик байланышты пайдалануу жана жеткирүү менен кабарландырылат.

  2. Аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жаткан учурларда, ошондой эле мүлктү камоого алууда жана башка камсыз кылуучу чараларды көрүүдө сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга бул тууралуу алдын ала кабарлабастан аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын көрүүгө укуктуу.

  3. Эгерде аткаруу өндүрүшүнө катышкан адам же анын өкүлү башка даректи, анын ичинде электрондук почтанын дарегин жазуу жүзүндө көрсөтпөсө, аткаруу өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберилет.


Кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдын иштеген жери боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн.



  1. Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы анын юридикалык дареги же анын өкүлчүлүгүнүн же филиалынын юридикалык дареги боюнча же болбосо юридикалык жак жазуу жүзүндө көрсөткөн башка дарек, анын ичинде электрондук почтанын дареги боюнча жиберилет.

  2. Сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүдөн качкан адамдар сот аткаруучунун токтомунун негизинде алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн.


Алып келүү жөнүндө сот аткаруучунун токтомун сот аткаруучуга келүүдөн качкан адам жашаган (турган) жер боюнча ички иштер органдары тарабынан аткарылат.


44-берене. Чакыруу кагазынын же кабарлоонун мазмуну



  1. Чакыруу кагазы же кабарлоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:


1) сот аткаруучулар бөлүмүнүн аталышын жана дарегин;


2) даректелүүчүнүн аталышын;


3) даректелүүчү ким катары кабарланып же чакырылып жатканын көрсөтүүнү;


4) даректелүүчү кабарланган же чакырылган аткаруу өндүрүшүнүн аталышын же номерин;


5) аткаруу иш-аракети жасалган же мажбурлап аткартуу чаралары колдонулган датаны, убакытты жана жерди.



  1. Эгерде даректелүүчүгө кабарлоо же чакыруу кагазы менен кошо сот аткаруучунун токтомунун көчүрмөсү жиберилсе, анда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган маалыматтар кабарлоодо же чакыруу кагазында көрсөтүлбөшү мүмкүн.

  2. Кабарлоодо же чакыруу кагазында даректелүүчүнүн чакыруу боюнча келбей калуусунун кесепеттери көрсөтүлөт.


45-берене. Чакыруу кагазын же кабарлоону жеткирүү, тапшыруу



  1. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы почта боюнча же сот аткаруучу жеткирүүнү тапшырган адам тарабынан жеткирилсе, анда аларды даректелүүчүгө жеткирүү датасы жана убактысы сот аткаруучулар бөлүмүнө кайра кайтарылууга жаткан документке жазылат.

  2. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде же болбосо даректелүүчү тарабынан көрсөтүлгөн байланыштын электрондук, башка электрдик түрү менен жеткирилсе, анда аларды жеткирүү датасы жана убактысы белгиленген ыкма менен катталат.

  3. Жаранга даректелүүчү кабарлоо же чакыруу кагазы сот аткаруучулардын бөлүмүнө кайтарылууга жаткан тапшыруу жөнүндө кабарлоого кол койдуруу менен жеке өзүнө тапшырылат.


Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы юридикалык жактын кызматкерине тапшырылат, ал өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен тапшыруу жөнүндө билдирүүгө кабарды же чакыруу кагазын алганы үчүн кол коет.



  1. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам чакырылган жаранды анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир бирөөсүнө алардын макулдугу менен тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

  2. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам даректелүүчүнү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир-бирөөсүн анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.


Даректелүүчү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандары кабарлоону же чакыруу кагазын алуудан баш тартканда, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.



  1. Кабарлоону же чакыруу кагазын почта аркылуу жеткирүүдө даректелүүчү төмөнкү учурларда талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет:


1) эгерде тапшыруу жөнүндө кабарлоодо даректелүүчүнүн жок экени, даректелүүчүнүн кайсыл жерге кеткени жана анын кайтып келүүсү качан күтүлүп жатканы жөнүндө белги коюлса же мындай маалыматтардын жок экени тууралуу белги коюлса;


2) эгерде почта аркылуу жиберилген кабарландырууну алганына карабастан даректелүүчү кабарлоону же чакыруу кагазын алуу үчүн почта бөлүмүнө келбесе.


Эгерде кабарландыруу даректелүүчүгө ушул берененин 2-бөлүгүнүн эрежелери боюнча жиберилсе, жак ошондой эле талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.


46-берене. Аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү убагында даректи алмаштыруу



  1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адам аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү убагында өзүнүн дареги алмашканы жөнүндө сот аткаруучулар бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.

  2. Мындай билдирүү болбогондо кабарлоо же чакыруу кагазы көрсөтүлгөн адамдын белгилүү болгон акыркы дареги боюнча жиберилет жана бул дарек боюнча жашабаганына же турбаганына карабастан, ал талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.


IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ


8-глава. Аткаруу документин аткарууга кабыл алуу


47-берене. Аткаруу документин берүүнүн тартиби



  1. Аткаруу документи жана аткаруу документин кабыл алуу жөнүндө арыз өндүрүп алуучу тарабынан аткаруу иш-аракеттерин жасоо жана мажбурлап аткартуу чараларын көрүү жери боюнча берилет.


Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коет.


Өкүл ишеним катты же өзүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документти арызга тиркейт.


Арызда аткаруу документинде камтылган мүлктүк өндүрүп алуулар жөнүндө, ошондой эле карызкор үчүн ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү белгилөө тууралуу талаптардын аткарылышын камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүн камоого алуу жөнүндө өтүнүч камтылышы мүмкүн же ага мындай өтүнүч менен өзүнчө жүйөлөнгөн өтүнмө тиркелиши мүмкүн.



  1. Эгерде өндүрүп алуучу аткарууга документти сот аткаруучуларынын кайсы кызматына берүү керектиги белгисиз болсо, анда ал аткаруу документин жана арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык башкармалыгына жиберүүгө укуктуу.


Башкы сот аткаруучу, областтардын башкы сот аткаруучулары көрсөтүлгөн документтерди сот аткаруучуларынын тиешелүү бөлүмүнө алар алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, ал эми аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жатса — алар алынган күнү жиберет.


48-берене. Аткаруу документин кабыл алуунун тартиби



  1. Сот аткаруучу аткаруу документин ага аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же аткарууга киришүүгө милдеттүү.


Эгерде аткаруу документи токтоосуз аткарылууга тийиш болсо, анда ал сот аткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөндөн кийин аткаруу үчүн сот аткаруучуга токтоосуз берилет.



  1. Сот аткаруучу аткаруу документин өндүрүп алуучунун арызы жок төмөнкү учурларда кабыл алат:


1) сот, башка орган же кызмат адамы мыйзамга ылайык аткаруу документин сот аткаруучуга жиберсе;


2) сот аткаруучуга сот аткаруучулардын башка бөлүмүнөн аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымын жана айыптарды өндүрүп алуу жөнүндө токтом келип түшсө.



  1. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурду кошпогондо, аткаруу документин аткаруунун процессинде аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымын жана айыптарды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтому аткаруу өндүрүшүн аткаруунун алкагында аткарылат.


49-берене. Аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу



  1. Сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, эгерде:


1) аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы жок аткарууга кабыл алынууга тийиш болгон учурларды кошпогондо, аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы болбостон берилсе же болбосо өндүрүп алуучу же анын өкүлү арызга кол койбосо;


2) ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, аткаруу документи аткаруу иш-аракеттери жасалган жери боюнча берилбесе;


3) сот актысын, аткаруу кагазын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү мөөнөтү бүтсө жана сот тарабынан калыбына келтирилбесе;


4) аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү бүтсө;


5) документ аткаруучу болуп саналбаса же болбосо ушул Мыйзамдын 18-беренесинде белгиленген аткаруу документтерине коюлуучу талаптарга ылайык келбесе;


6) аткаруу документи мурда аткарууга берилсе, ал эми ал боюнча аткаруу өндүрүшү ушул Мыйзамдын 111-беренесинде белгиленген негиздер боюнча токтотулса;


7) аткаруу документи мурда аткарууга берилсе, ал эми ал боюнча аткаруу өндүрүшү 115-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген негиздер боюнча аяктаса;


8) токтоосуз аткарылууга жаткан аткаруу документтерин кошпогондо, аткаруу документи болуп саналган же анын негизинде аткаруу документи берилген акт мыйзамдуу күчүнө кирбесе;


9) аткаруу документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан аткарылууга жатпаса;


10) аткаруу документинде аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт бүтпөсө.


11) айыпты өндүрүү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи ушул Мыйзамдын 94 жана 95-беренелеринде коюлган талаптарга жооп бербесе.



  1. Аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомунун көчүрмөсү келип түшкөн бардык документтерди тиркөө менен көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен өндүрүп алуучуга, ошондой эле аткаруу документин берген сотко, мамлекеттик органга же кызмат адамына жиберилет. Сот аткаруучунун токтомуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

  2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4, 7, 10, 11-пункттарында каралган жагдайларды четтетүү аткаруу документин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот аткаруучуга кайрадан жиберүүгө (берүүгө) тоскоолдук кылбайт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


9-глава. Камсыз кылуу мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери


50-берене. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш



  1. Аткаруу документин аткаруу үчүн биринчи жолу берүүдө сот аткаруучу карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырат.

  2. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу:


1) карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруусу үчүн мөөнөттү белгилейт;


2) ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттүн аякташы менен андан тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 118 жана 129-беренелеринде каралган аткаруу жыйымын жана аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды өндүрүп алуунун көрсөтүлгөн талаптарын мажбурлап аткартуу жөнүндө карызкорго эскертүү берет;


3) сот актысын аткарбаганы, ага тете анын аткарылышына тоскоолдук кылганы үчүн жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган чектөө чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу карызкорго эскертүү берет;


4) ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча мүлккө карызкордун укуктары жөнүндө маалыматтарды (мындан ары — маалыматтар) толтурууну жана берүүнү сунуш кылат.



  1. Ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкор алган күндөн тартып он жумушчу күн деп белгиленет.


Ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген жол-жоболордун сот аткаруучу тарабынан сакталышы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту талаптагыдай тапшыруу болуп эсептелет.



  1. Эгерде аткаруу документинде аткаруу мөөнөтү көрсөтүлсө, анда ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт белгиленбейт.

  2. Аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш төмөнкү учурларда тапшырылбайт:


1) карызкордон аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруу документин аткаруу процессинде соттук аткаруучу салган аткаруу жыйымдарын жана айыптарын өндүрүп алуу жөнүндө чыгарылган жана аткарылбаган токтомдор боюнча;


2) аткаруу документин улам кийинки берүүлөрдө;


3) иш-аракетти (укукту) токтото туруу жөнүндө аткаруу документи боюнча;


4) мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи боюнча;


5) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу документи боюнча;


6) эгерде аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жатса.



  1. Карызкордун иш жүзүндө турган жери белгисиз болгондо өндүрүп алуучу соттон карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча өкүл дайындоо жөнүндө сурана алат жана ага ушул беренеде каралган тартипте аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат.

  2. Карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн карызкорго берилген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу документин аткаруу жери боюнча сот аткаруучулардын кызматынын бөлүмүнө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.


Маалыматта Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык карызкор анык эмес билдирүүлөрдү, толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды бергендиги, ушуга тете маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыраткандыгы жана/же коромжу кылгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


51-берене. Камсыз кылуу мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттеринин түрлөрү



  1. Аткаруу документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунуш тапшырганга чейин жана ал мөөнөттүн ичинде камсыз кылуу мүнөзүндөгү төмөнкүдөй аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырат:


1) карызкордун мүлкүн издөөнү жүргүзөт, анын мүлкүнө, анын ичинде акча каражаттарына жана баалуу кагаздарына камак салат, көрсөтүлгөн мүлкүн алып коет, камак салынган жана алып коюлган мүлктү сактоого өткөрүп берет;


2) мүлктү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген баалоочуларды тартат;


3) карызкорду жана анын мүлкүн издөө, баланы издөө жарыялайт;


4) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)


5) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;


6) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)


7) аткаруу документтерин өз убагында, толук жана туура аткаруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген башка аткаруу иш-аракеттерин жасайт.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 5-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жасоого укуктуу. Чет мамлекеттеги аткаруу иш-аракети Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

  2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызынын негизинде жана ушул чараны кабыл албоо андан аркы аткарууга мүмкүндүк бербей турган жагдайлар болгондо гана жасоого укуктуу.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


52-берене. Чыгууга убактылуу чектөө



  1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкор — жеке жактын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан карызкор — юридикалык жактын жетекчисине Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

  2. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

  3. Карызкордун чыгып кетишине убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом төмөнкү учурлардын бири болгондо гана жокко чыгарылат: аткаруу документи толук көлөмдө аткарылганда; өндүрүп алуучунун арызы боюнча; аткарылган күнгө карата алименттик милдеттенмелер боюнча карызды толугу менен төлөгөндө; аткарылган күнгө карата мезгилдүү төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча карыз толугу менен жоюлганда; аткаруу өндүрүшү кыскартылганда. Бул учурларда сот аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө жокко чыгарылганы жөнүндө 24 сааттын ичинде токтом чыгарат. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

  4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.


(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 1352021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)


53-берене. Карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө



  1. Баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралуу маалыматтар болбогон учурда, сот аткаруучу өз демилгеси менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.


Карызкордун турган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда, алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызына карабастан карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.


Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн издөө жөнүндө, ошондой эле баланы алып коюу жөнүндө аткаруу документи боюнча баланы издөө жөнүндө токтом ушул эле тартипте чыгарылат.



  1. Издөө төмөнкүдөй жарыяланат:


1) аткаруу документин аткаруу жери боюнча;


2) карызкордун, баланын белгилүү болгон акыркы жашаган жери, карызкордун мүлкүнүн жайгашкан жери же болбосо өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда карызкорду — жеке жакты издөө жана баланы издөө ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

  2. Карызкордун — юридикалык жактын мүлкүн, карызкордун — жеке жактын мүлкүн жана карызкор жеке жактын мүлкүн издөө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракетте сот аткаруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

  3. Карызкорду, анын мүлкүн издөөдөн, баланы издөөдөн баш тартуу жөнүндө токтом ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.

  4. Карызкорду, анын мүлкүн издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет.

  5. Карызкорду — жеке жакты издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар арыздын жана мындай издөөнү жүзөгө ашырган ички иштер органынын эсептөөсүнүн негизинде аныкталат.


Карызкордун — юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун — жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгашалар сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде аныкталат.


Эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.


(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


54-берене. Карызкордун жана өндүрүп алуучунун мүлкүн жана мүлктүк укуктарын мамлекеттик каттоо



  1. Сот аткаруучу карызкордун өндүрүп алынышы мүмкүн болгон башка мүлкү же мүлктүк укугу жок же жетишсиз болгондо, көрсөтүлгөн мүлктү же мүлктүк укукту андан ары өндүрүп алуу максатында карызкордун мүлккө болгон менчик укуктарын, ага таандык болгон жана мамлекеттик каттоого жаткан башка мүлктүк укуктарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоо үчүн каттоо органына кайрылат.

  2. Карызкордун мүлккө болгон укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн сот аткаруучу каттоо органына карызкордун мүлкүнө, башка мүлктүк укуктарына менчик укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө токтомдун эки нускасын жана мүлккө, башка мүлктүк укуктарга менчик укугун каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка зарыл документтерди берет.

  3. Карызкордун мүлкүн, башка мүлктүк укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди каттоо жана жол-жоболоштуруу боюнча чыгашалар аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет.

  4. Сот аткаруучу карызкорго катталган мүлккө, башка мүлктүк укуктарга өндүрүп алуучунун менчик укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн каттоо органына төмөнкү учурларда кайрылат:


1) мамлекеттик каттоо талабы сот актысында камтылган;


2) сот актысында мүлк же мүлктүк укук өндүрүп алуучуга таандык экени көрсөтүлгөн;


3) өндүрүп алуучу сот аткаруучунун сунушу боюнча карызкордун сатылбаган мүлкүн же мүлктүк укугун өзүнө калтырган.



  1. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда мүлккө, башка мүлктүк укукка менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө документ өндүрүп алуучуга берилет, ал эми көчүрмөсү сот аткаруучуга жиберилет.

  2. Мүлккө, башка мүлктүк укукка менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарында сакталат.


55-берене. Карызкордун мүлкүнө камак салуу



  1. Сот аткаруучу мүлктүк өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды камтыган аткаруу документин аткарууну, анын ичинде аткаруу документинде камтылган талаптарды карызкор ыктыярдуу аткаруусу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак салат. Мында сот аткаруучу карызкордун мүлкүн өндүрүп алуунун кезектүүлүк эрежелерин колдонбоого укуктуу.

  2. Карызкордун мүлкүнө камак салуу төмөнкүлөр үчүн колдонулат:


1) өндүрүп алуучуга өткөрүп берилүүгө тийиш болгон же карызкордон өндүрүп алуучунун пайдасына каражаттарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документин аткаруу максатында сатылышы мүмкүн болгон мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн;


2) мүлктү конфискациялоо жөнүндө сот актысын аткарууда;


3) карызкорго таандык жана анда же үчүнчү жактарда турган мүлккө камак салуу жөнүндө сот актысын аткарууда.



  1. Карызкордун мүлкүн камакка алуу мүлктү тескөөгө тыюу салууну камтыйт, ал эми зарыл болгондо — мүлктү пайдалануу же мүлктү алып коюу укугун чектейт. Мүлктү пайдалануу укугунун түрү, көлөмү жана мөөнөтү сот аткаруучу тарабынан ар бир учурда мүлктүн касиеттерин, менчик ээси же ээси үчүн анын маанилүүлүгүн, пайдалануу мүнөзүн жана башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.

  2. Карызкордун мүлкүн камакка алуу (каттоочу орган тарабынан аткарылуучу камакка алууну, банктагы эсептерде турган акча каражаттарын камакка алуу, ушул Мыйзамдын69-беренесиндекөрсөтүлгөн эсептердеги баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган баалуу кагаздарды жана акча каражаттарын камакка алууну кошпогондо) мүлктү камакка алуу жөнүндө актыны түзүү менен калыс-күбөнүн катышуусунда сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) мүлктү камакка алууда катышкан адамдардын фамилиялары, аты, атасынын аттары;


2) актыга киргизилген ар бир буюмдун аталышы, буюмдун айырмалоочу белгилери же мүлктүк укук бар экенин ырастаган документтер;


3) мүлктү пайдалануу укугунун түрлөрү, көлөмү жана чектөө мөөнөтү;


4) мүлк жооптуу сактоого сот аткаруучу тарабынан берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, көрсөтүлгөн адамдын дареги;


5) камакка алынган мүлк жооптуу сактоого сот аткаруучу тарабынан берилген адамга анын милдеттерин түшүндүрүү жана бул мүлктү коромжуга учуратуу же болбосо ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө белги, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдын коюлган колу;


6) адам камакка алынган мүлктү сактоого кабыл алуудан баш тарткан же мындай адам болбогон учурда мүлктү алып коюу жөнүндө белги;


7) мүлктү камакка алууда катышкан адамдардын эскертүүлөрү жана билдирүүлөрү.



  1. Карызкордун мүлкүн камакка алуу жөнүндө актыга сот аткаруучу, калыс-күбө, көрсөтүлгөн мүлк сот аткаруучусу тарабынан жооптуу сактоого берилген адам жана камакка алууда катышкан башка адамдар кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдардын кимдир-бирөө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, ага тиешелүү белги коюлат.

  2. Карызкордун мүлкүн камакка алуу жөнүндө актынын көчүрмөсү карызкорго, камакка алынган мүлктү жооптуу сактоого кабыл алган адамга тапшырылат, өндүрүп алуучуга жана башка кызыкдар адамдарга акт түзүлгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ал эми мүлктү алып коюуда — токтоосуз жиберилет.

  3. Карызкордун кыймылсыз мүлкүнө камак салуу сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, ал каттоочу мамлекеттик органга жиберилет. Кыймылсыз мүлктү камак салуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

  4. Камак салуу ушул Мыйзамдын111-беренесиндежана 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 8-пункттарында каралган учурларда же өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот аткаруучунун токтомунун негизинде жокко чыгарылат. Камак салууну жокко чыгаруу же камак салууну жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, тиешелүү органдарга жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


56-берене. Банкта жана финансы-кредиттик мекемеде турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу



  1. Сот аткаруучу карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу жана аткаруу өндүрүшү боюнча мүмкүн болуучу чыгашаларды өндүрүп алуу, анын ичинде аткаруу жыйымын өндүрүп алуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө камак салат.

  2. Карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом карызкордун эсеп маалым даректери белгилүү болгондо сот аткаруучу тарабынан банкка жиберилет. Карызкордун банктагы акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.


Банк же финансы-кредиттик мекеме карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана сот аткаруучуга камак салынган акча каражаттарынын, салымдардын жана башка баалуулуктардын өлчөмү жөнүндө билдирет.



  1. Карызкордун эсебинин маалым даректери белгисиз болгон учурда сот аткаруучу банкка карызкордун эсептерин издөө жана ошол эле убакта карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду банктарга жиберет.


Банктар же финансы-кредиттик мекемелер карызкордун эсептерин издөө жана карызкордун аныкталган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө соттук актыны токтоосуз аткарат, сот аткаруучуга карызкордун аныкталган эсептеринин маалым даректерин жана карызкордун камак салынган аныкталган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет.



  1. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтосуз чараларды көрөт.

  2. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебиндеги карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


57-берене. Баалуу кагаздарга камак салуу



  1. Документтүү баалуу кагаздарга алар турган жери боюнча камак салынат. Документи жок баалуу кагаздарга бул кагаздардын менчик ээсинин укуктары эсепке алынган жери боюнча камак салынат.

  2. Документи жок баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Түздөн-түз карызкордон табылган документи жок баалуу кагаздарга камак салууда сот аткаруучу ушул Мыйзамдын55-беренесиндебелгиленген тартипте акт түзөт.

  3. Баалуу кагаздарды камакка алуу жөнүндө актыда камакка алынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, баалуу кагаздарды берген адамдар жөнүндө маалыматтар, берилген датасы жана жери, баалуу кагаздарды идентификациялоого, ошондой эле баалуу кагаздардын карызкорго таандыктыгын белгилөөгө мүмкүндүк берген башка маалыматтар көрсөтүлөт.

  4. Карызкорго таандык болгон баалуу кагаздарга камак салуу карызкор үчүн аларды тейлөөгө (сатууга, өзүнүн милдеттенмелерин же үчүнчү жактардын милдеттенмелерин камсыз кылуу катары берүүгө, башкача түрдө оордотууга, ошондой эле мындай баалуу кагаздарды укуктарды каттоо үчүн башка депозитарийге же баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү реестрдин кармоочусуна (мындан ары — реестрдин кармоочусу) тыюу салынганын билдирет. Баалуу кагаздар менен бекемделген башка чектөөлөрдү, анын ичинде карызкордун кирешелерин жана башка укуктарын алууга укуктарды чектөөлөрдү белгилөөдө сот аткаруучу белгиленген чектөөлөрдү баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдо санап өтүүгө милдеттүү.

  5. Эгерде мындай иш-аракеттер камакка алынган баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде (пайлык инвестициялык фондду ишенимдүү башкаруу эрежелери же ипотекалык жабуу) каралбаса жана баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдо тыюу салынбаса, баалуу кагаздарга камак салуу эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) тарабынан аларды тындыруу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо же башка баалуу кагаздарга алмаштыруу боюнча иш-аракеттерди аткарууда тоскоолдук болбойт. Көрсөтүлгөн иш-аракеттердин аткарылганы жөнүндө эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) сот аткаруучуга токтоосуз билдирет.

  6. Эгерде ал камак салуу максаттарына карама-каршы келбесе, конвертациялоонун же алмаштыруунун натыйжасында алынган башка баалуу кагаздар камак салуу жөнүндө токтом боюнча камакка алынган баалуу кагаздар сыяктуу эле шарттарда камакта турган болуп эсептелет.


Сот аткаруучу мурда чыгарылган токтомго кошумча катары ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүн эске алуу менен конвертациялоонун же алмаштыруунун натыйжасында алынган баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү.



  1. Эгерде аткаруу документинде баалуу кагаздар боюнча киреше алууга карызкордун укуктары чектелгени белгиленсе, анда бул баалуу кагаздар боюнча бардык кирешелер сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнүн депозиттик эсебине кириштөөгө жатат.

  2. Камакка алынган документтүү баалуу кагаздар сот аткаруучу тарабынан алынып коюлат жана баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө актыга, ушул актынын көчүрмөсүн сактоочуга тапшыруу менен кол коюлуп сактоого берилет. Соттук аткаруучу бул баалуу кагаздарды депозитарийдин сактоосуна берүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

  3. Камакка алынган документсиз баалуу кагаздар алып коюлбайт жана реестрдин же депозитарийдин башка кармоочусуна укуктарды эсепке алуу үчүн өткөрүп берилбейт.

  4. Камакка алынган баалуу кагаздарга укуктарды каттоого алуучу (камакка алынган документтүү баалуу кагаздарды сактоо) депозитарийдеги тиешелүү лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган же жоюлган учурда:


1) депозитарий бул жөнүндө сот аткаруучуга лицензияны токтотулуп турган же жоюу жөнүндө кабарландыруу алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен билдирет;


2) карызкор кайсы депозитарий менен жаңы депозитардык келишим түзгөнүн сот аткаруучуга билдирет;


3) сот аткаруучу камакка алынган баалуу кагаздарды жаңы депозитарийге өткөрүп бергени жөнүндө токтом чыгарат;


4) лицензиясы токтотулуп турган же жоюлган депозитарий баалуу кагаздарга камакка алынганы жөнүндө белги коюу менен аларды сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн депозитарийге которуп берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун жана/же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөсүн ага жиберет.



  1. Камакка алынган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алган реестрдин кармоочусун эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) алмаштырган учурда, реестрдин кармоочусу:


1) жүргүзүлгөн алмаштыруу жөнүндө ал билген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө сот аткаруучуга билдирет;


2) аларды камакка алуу жөнүндө белги коюу менен баалуу кагаздарды которууну жүзөгө ашырат;


3) реестрдин жаңы кармоочусуна баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун жана/же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөлөрүн жиберет.



  1. Эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) карызкорго таандык камакка алынган баалуу кагаздар боюнча төлөм жүргүзүү же жоюу мөөнөтү келип жеткен учурда көрсөтүлгөн баалуу кагаздар боюнча төлөп берүү суммасын түзүүчү акча каражаттарын депозиттик эсепке кириштейт.

  2. Мүлктүн жана/же мүлк укуктарынын ээсине камакка алынган баалуу кагаздарды өткөрүп берүү түрүндө аларды жоюуда соттук аткаруучу мындай мүлктү жана/же мүлк укуктарын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алат.

  3. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөлөрү ал чыгарылган (түзүлгөн) күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, ошондой эле төмөнкүлөргө жиберилет:


1) баалуу кагаздарды берген жакка (эмиссиялык баалуу кагаздарды, пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын жана ипотекалык баалуу кагаздарды кошпогондо);


2) реестрдин кармоочусуна же милдеттүү борборлоштурулган сактоо менен берүүчүгө эмиссиялык баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алган же болбосо баалуу кагаздарга жана/же менчик ээсинин баалуу кагаздарынын сертификаттарын сактоого укугун эсепке алган депозитарийге;


3) эгерде баалуу кагаздарды камакка алуу ушул баалуу кагаздар менен бекемделген укуктарды чектөөдө турса, эмитентке (башкаруучу компанияга, башкаруучуга).



  1. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун же актынын көчүрмөсүн алган күндөн тартып ушул берененин 14-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар:


1) карызкор көрсөтүлгөн токтом жана/же акты менен чектелген укуктарды ишке ашырууга багытталган карызкордун талаптарын аткарууга укугу жок;


2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттары жана сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын өлчөмүнө таянуу менен жактык эсептердеги жана депо эсептериндеги баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнү токтоосуз токтотуп турууга милдеттүү.


58-берене. Дебитордук карызга камак салуу



  1. Дебитордук карызды камакка алуу карызкор жана дебитор тарабынан дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө же токтотууга алып келүүчү кандай болбосун иш-аракеттерди жасоого, ошондой эле үчүнчү жактардын талап кылуу укугунан чегинүүгө тыюу салууда турат.

  2. Дебитордук карызды камакка алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат жана акт түзөт, аларда дебитордук карыз бар экенин ырастоочу документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн документтерди алып коюу жана аларды сактоого өткөрүп берүү жүргүзүлөт.

  3. Дебитордук карызга камак салуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган (түзүлгөн) күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу тарабынан дебиторго жана аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


Дебитордук карызга камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.



  1. Дебитордук карыз камакка алынганы жөнүндө кабарландырууну дебитор алган күндөн тартып жана талап кылуу укугу ишке ашырылган же талап кылуу укугу жаңы кредиторго өтүп кеткени жөнүндө билдирүүнү дебитор алган күнгө чейин дебитор алардын негизинде дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө укуксуз.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


59-берене. Автомототранспорт каражаттарына, суу, аба транспортуна жана өзү жүрүүчү техниканын башка түрлөрүнө камак салуу



  1. Сот аткаруучу карызкордун автомототранспорт каражаттарына, суу, аба транспортуна жана өзү жүрүүчү техникасын башка түрлөрүнө (мындан ары — транспорт) камак салат.

  2. Карызкордун менчигинде конкреттүү транспорт турганы жөнүндө анык маалыматтар болгондо сот аткаруучу транспортту камакка алуу жөнүндө токтом чыгарат жана аны Кыргыз Республикасынын аймагында транспортту каттоого алуучу органга, ошондой эле транспортту издөө, карызкордон алып коюу жана айыптык токтотуу жайына коюу үчүн ички иштер органдарынын тиешелүү түзүмдөрүнө аткаруу үчүн жиберет. Транспортко камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

  3. Карызкордун менчигинде транспорт бар экени жөнүндө маалыматтар болбогондо Кыргыз Республикасынын аймагында транспортту каттоого алуучу органдардан мындай маалыматтарды суратат жана транспорт табылган учурда ага камак салынат.


Карызкордун транспорту бар экени жана ал камакка алынганы жөнүндө маалыматты алгандан кийин сот аткаруучу карызкордун транспортун издөө жана андан ары айыптык токтотуу жайына токтотуу менен алып коюу жөнүндө токтом чыгарат жана аны аткаруу үчүн ички иштер органдарынын тиешелүү түзүмдөрүнө жиберет.



  1. Тиешелүү медициналык көрсөткүчтөрү бар майып жарандардын жол жүрүү каражаты болуп саналган автотранспорт камакка алынууга жатпайт.


60-берене. Жаныбарларга камак салуу



  1. Сот аткаруучу жаныбарларды тизмектөөдө жана камак салууда төмөнкү маалыматтарды киргизет:


1) тизмекте жаныбардын номерин (белгисин, энин), жаныбардын каймана атын, туулган жылын, тукумун, семиздигин, малдын тирүүлөй массасын (салмагын) (алар боюнча массасы (салмагы) көрсөтүлбөгөн жылкыдан, төөдөн тышкары) жана баштапкы наркын көрсөтүү менен азык алынуучу чоң жана жумушчу мал; тукуму малдын бонитирлөө маалыматтарынын негизинде көрсөтүлөт;


2) мүйүздүү ири мал, жумушчу мал, кой, чочко, башка жаныбарлардын өзгөчө баалуу экземплярлары жана тукумдары тизмекке жекече киргизилет; топтук тартипте эсепке алынуучу негизги үйүрдүн башка жаныбарлары ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен жаш жана жыныс топтору боюнча актыга киргизилет;


3) мүйүздүү ири жаш мал, жумушчу жаш мал инвентардык номерлерин, каймана аттарын, жынысын, өңү-түсүн, тукумун жана малдын башка жеке белгилерин көрсөтүү менен тизмекке өзүнчө киргизилет;


4) байланган мал, жаш чочколор, койлор жана эчкилер, канаттуулар жана топтук тартипте эсепке алынуучу малдын башка түрлөрү эсепке алуу регистрлеринде кабыл алынган номенклатурага ылайык ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен тизмекке киргизилет. Камакка алууну жүргүзүүдө сот аткаруучу камакка алынган мал ушул беренеге ылайык кайсы кезекке таандык экенин белгилөөгө тийиш.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн малдын бардык жеке белгилерин аныктоо мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу тизмекке ал белгилей алган маалыматты көрсөтөт.


61-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн баалоо



  1. Өндүрүп алуу жүргүзүлүүчү карызкордун мүлкүн баалоо сот аткаруучу тарабынан дайындалуучу эксперт, адис, баалоочу (мындан ары — баалоочу) тарабынан жүргүзүлөт.


Баалоочуну дайындоо жана мүлктү баалоону жүргүзүү жөнүндө сот аткаруучу токтом (мындан ары — баалоо жөнүндө токтом) чыгарат, тапшырылганы жөнүндө кабарландыруу менен чыгарылган учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


Эгерде тараптар мүлктүн наркы жөнүндө макулдашууга жетишсе, сот аткаруучу баалоо жөнүндө токтом чыгарбайт. Тараптар жана/же алардын өкүлдөрү мүлктү баалоо жөнүндө жазуу жүзүндө макулдашуу түзүшөт жана ага кол коюшат.



  1. Сот аткаруучу жазуу жүзүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жазуу жүзүндөгү билдирүү алган учурдан баштап беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн баалоочусун сунуштоо тууралуу алардын укугун, ошондой эле баалоочуну тартуу жана баалоочунун кызматын төлөө боюнча чыгымдар баалоочуну сунуш кылган аткаруу өндүрүшү тарабынан жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрөт.


Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнүн баалоочуларын көрсөтпөсө, анда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын ал тарабынан дайындалган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет, мында төмөнкүлөр жөнүндө эскертет:


— баалоочу катары тартылган экспертти, — корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;


— баалоочу катары тартылган адисти, — билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;


— баалоочуну, — келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилиги жөнүндө.



  1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары (же тараптарынын бири) баалоочуларды (баалоочуну) сунушташса (сунуштаса), анда сот аткаруучу баалоо жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жөнүндө баалоочуларга (баалоочуга) эскертүү менен аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын баалоочуга жиберет.

  2. Бир нече баалоочулар тартылган жана баалоочулардын бир нече корутундусу же көрсөтмөсү алынган учурда, сот аткаруучу баалоочулардын корутундуларынын же көрсөтмөлөрүнүн негизинде баалоо объектисинин орточо наркын аныктайт жана тиешелүү токтом кабыл алат, ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


Баалоо объектисинин орточо наркы жөнүндө токтомду алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде, тараптар же аткаруу өндүрүшүнүн тарабы сот аткаруучуга баалоо объектисинин орточо наркы менен макул эместигин билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын жана алынган баалоолорду алар дайындаган, мажбурлап аткаруу органы менен баалоо кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет.



  1. Баалуу кагаздардын уюштурулган рыногунда жүгүртүлгөн баалуу кагаздардын наркы баалуу кагаздар рыногундагы тооруктарга жол берилген баалуу кагаздардын тизмесине киргизилген тиешелүү баалуу кагаздары баалуу кагаздар рыногундагы тоорукту уюштуруучудан баалуу кагаздарга бааны суроо-талап кылуу жолу менен сот аткаруучу тарабынан белгиленет.


Ачык жана интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайлык наркы сот аткаруучу тарабынан тиешелүү инвестициялык фондду башкаруучу компаниядан инвестициялык пайларга бааны суроо-талап кылуу жолу менен белгиленет.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


62-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн сактоого өткөрүп берүү



  1. Карызкордун камак салынган мүлкү мүлктү камакка алуу жөнүндө актыга карызкорго же анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнө же өндүрүп алуучуга, башка адамдарга (алардын макулдугу менен) же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы кайтарууга же сактоого келишим түзгөн адамдарга кол койдуруу менен жооптуу сактоого өткөрүп берилет.

  2. Карызкордун мүлктүк укуктарынын бар экенин жана көлөмүн ырастаган документтерди, ошондой эле документтүү баалуу кагаздарды сактоо, алардын сакталышын камсыз кылган шартта сот аткаруучулар бөлүмүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

  3. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам бул мүлктү сот аткаруучунун жазуу жүзүндө берилген макулдугусуз пайдалана албайт.


Сот аткаруучу депозитарийге сактоого берилген баалуу кагаздарга карата, ошондой эле мүлктү пайдалануу анын касиеттеринен улам ушул мүлктү жок кылууга же баалуулугун азайышына алып келген учурда, мындай макулдукту берүүгө укуксуз.



  1. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам, эгерде карызкор же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү мындай болуп саналбаса, көрсөтүлгөн мүлктү кайтаруу же сактоо боюнча сыйакы алууга жана тарткан чыгашаларынын ордун төлөтүп алууга укугу бар.


63-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн алып коюу



  1. Кийин сатуу же өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү үчүн карызкордун камакка алынган мүлкүн алып коюу ушул Мыйзамдын55-беренесинин4, 5-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

  2. Карызкордун тез бузулуучу мүлкү алып коюуга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен тиешелүү келишим түзгөн соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактарга сатуу үчүн токтоосуз өткөрүп берилүүгө тийиш.

  3. Камак салынган учурда сомдордогу жана чет өлкөлүк валюталардагы накталай акча каражаттары, антиквариат, живопись жана скульптура чыгармалары, документтүү баалуу кагаздар, кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар, берметтер, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары милдеттүү түрдө алып коюлат.


10-глава. Мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери


64-берене. Мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери



  1. Аткаруучу документ боюнча өндүрүп алууга жаткан мүлктү карызкордон алуу максатында аткаруу документинде көрсөтүлгөн иш-аракеттер же сот аткаруучу жасаган иш-аракеттер мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруучу иш-аракеттер (мындан ары — мажбурлап аткартуучу чаралар) болуп саналат.

  2. Мажбурлап аткартуучу чаралар аткарылуучу документ кабыл алынгандан жана аткарылуучу документти ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт бүткөндөн кийин сот аткаруучу тарабынан колдонулат.

  3. Мажбурлап аткартуучу чаралар төмөнкүлөр болуп саналат:


1) аткарылуучу документти аткаруу үчүн карызкордо же үчүнчү жактарда турган карызкордун мүлкүнө камак салуу;


2) карызкордун камакка алынган мүлкүн же болбосо өндүрүп алуучуга ыйгарылган мүлктү алып коюу;


3) карызкордун мүлкүн, анын ичинде улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өндүрүп алуу;


4) эмгектик, жарандык-укуктук же социалдык укук мамилелерден улам карызкор алуучу мезгил-мезгили менен төлөөлөрдөн өндүрүп алуу;


5) карызкордун мүлктүк, анын ичинде төмөнкүдөй укуктарын өндүрүп алуу:


а) өндүрүп алуучу катары чыккан аткаруу өндүрүшү боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;


6) жалдануу, ижара боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;


в) интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана жекелештирүү каражаттарына өзгөчө укуктарды;


б) мүлккө, анын ичинде баалуу кагаздарга укугунун ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте карызкордон өндүрүп алуучуга өтүшүн каттоо үчүн каттоочу органга кайрылуу;


7) эгерде бул иш-аракет карызкордун жеке катышуусуз жасалышы мүмкүн болгон учурда, аткаруучу документте көрсөтүлгөн иш-аракеттерди карызкордун атынан же анын эсебинен жасоо;


8) мүлктү мөөрлөп басып бекитүү;


9) укук белгилөөчү документтерди алып коюу;


10) өндүрүп алуучунун турак жайга мажбурлап кирүүсү;


11) карызкорду турак жайдан мажбурлап чыгаруу;


12) турак эмес жайды, сактоочу жайды аларда карызкордун жана анын мүлкүнүн болуусунан бошотуу;


13) мыйзамда же аткаруу документинде каралган башка иш-аракеттер.


65-берене. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуунун тартиби



  1. Карызкордун мүлкүнө өндүрүп алуу мүлктү алып коюуну жана/же аны мажбурлап сатууну же болбосо өндүрүп алуучуга өткөрүп берүүнү камтыйт.

  2. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу карызга тең өлчөмдө, башкача айтканда аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруучу жыйымдарды жана аткаруучу документти аткаруу процессинде сот аткаруучу салган айыптарды өндүрүп алууну эске алуу менен аткаруучу документте камтылган талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жүргүзүлөт.

  3. Аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу биринчи кезекте анын улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан жана башка баалуулуктардан, анын ичинде банктардагы эсептердеги, салымдардагы же сактоодо турган баалуулуктардан өндүрүп алынат.


Карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт.


Карызкордун башка баалуулуктарынан өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт.


Башка баалуулуктарды (баалуу металлдар жана асыл таштар, бермет, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары) өндүрүп алуу аларды сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.



  1. Карызкордо акча каражаттары жана башка баалуулуктар жок же жетишсиз болгондо ага менчик укугунда таандык болгон башка мүлктөн, колдонуудан алынып салынган мүлктү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайда жана кимдин иш жүзүндөгү ээлик кылуусунда жана/же пайдалануусунда турганына карабастан өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо жүргүзүлөт.

  2. Эгерде карызкор жалпы менчик укугунда ага таандык болгон мүлккө ээ болсо, анда өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 274-статьясына ылайык аныкталуучу карызкордун үлүшүнөн өндүрүп алынат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


66-берене. Акчалай каражаттан өндүрүп алуу



  1. Карызкордун улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттарын, анын ичинде сейфтерде, карызкордун — юридикалык жактын кассасында, карызкордун — юридикалык жактын башка жайларындагы же болбосо банктарда, финансы-кредиттик мекемелерде сакталган акча каражаттары камакка алынат жана алып коюлат.


Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине (мындан ары — депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат.



  1. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын чегерүү аткаруу документинин, сот аткаруучунун токтомунун негизинде банк же башка финансылык-кредиттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт.

  2. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт.


Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт.


Банк, финансы-кредиттик мекеме токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү.



  1. Карызкордун эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашыруучу банк же финансылык-кредиттик мекеме акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу документи банкка келип түшкөн күндөн кийинки банктык үч күндүн ичинде тиешелүү сот аткаруучулардын кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсебине которуу жолу менен аткарат.

  2. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик мекемелер аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат.

  3. Эгерде карызкордун эсептериндеги акча каражаттары аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда банк болгон каражаттарды которот жана карызкордун эсебине же эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша андан ары аткаруусун аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткарганга чейин уланта берет.


Банк же башка финансы-кредиттик мекеме жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт.



  1. Банк аткаруу документин аткарууну төмөнкүдөй аяктайт:


1) акча каражаттары толук көлөмдө чегерилгенден кийин;


2) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)


3) сот аткаруучунун аткарууну токтотуу жөнүндө (аяктоо, жокко чыгаруу жөнүндө) токтому боюнча.



  1. Карызкордун акча каражаттары депозиттик эсепке ушул Мыйзамдын65-беренесинин2-бөлүгүнө ылайык белгиленген карыздын көлөмүн тындыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдөн көп өлчөмдө келип түшкөндө сот аткаруучу ашыкча алынган сумманы карызкорго кайтарат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


67-берене. Карызды улуттук валютада эсептөөдө карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алуунун тартиби



  1. Карызкордун чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттары барын билүү жана аларды алып коюу менен аткаруучу камакка алынган жана алып коюлган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн акча каражаттарын банкка сатуу үчүн өткөрүп берет, ал чет өлкөлүк валютаны сатууну жүзөгө ашырат жана сатуудан алынган акча каражаттарын улуттук валютада сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн депозиттик эсепке которот.

  2. Чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну Кыргыз Республикасынын валюталык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ички валюталык рыногунда чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууга укуктуу банк сатып алуу-сатуу күнүндө бул банк белгиленген курс боюнча жүзөгө ашырат. Мындай курс болбогондо чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курс боюнча жүзөгө ашырылат.

  3. Карызкордун эсептериндеги жана банктардагы салымдарында турган чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан өндүрүп алууда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен аларга чет өлкөлүк валютаны ушул Мыйзамдын65-беренесинин2-бөлүгүнө ылайык аныкталган карыздын өлчөмүндө сатууну жана сатуудан алынган акча каражаттарын улуттук валютада депозиттик эсепке которууну тапшырат.

  4. Эгерде карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары банктардагы эсептерде жана салымдарда турса, аларга банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензияга ылайык чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашыруу укугу берилбесе, анда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен аларды көрсөтүлгөн акча каражаттарын мындай укукка ээ болгон жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган валюталык эсепти тейлөөгө тиешелүү келишим түзгөн банкка которууга милдеттендирет. Ушул валюталык эсеп ушул беренеде каралган операцияларды аткаруу үчүн гана ачылат.

  5. Банк сот аткаруучунун токтомун ушул Мыйзамдын66-беренесиндебелгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө аткарат.

  6. Сот аткаруучунун ушул беренеде каралган токтомдорунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


68-берене. Карызды чет өлкөлүк валютада эсептөөдө карызкордун акча каражаттарын өндүрүп алуунун тартиби



  1. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан чет өлкөлүк валютада өндүрүп алууда карызды эсептөөдө аткаруу документтери боюнча башка чет өлкөлүк валютада же улуттук валютада өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучу тиешелүү токтом чыгарат.

  2. Карызкордун эсептеринде табылган чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу банк мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын валюталык рыногунда чет өлкөлүк же улуттук валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууга укуктуу банк сатып алуу-сатуу күнүндө бул банк белгилеген курс боюнча жүзөгө ашырат. Мындай курс болбогондо чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курс боюнча жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаты банк тарабынан өндүрүп алуучунун эсебине которулат.

  3. Эгерде карызкордун акча каражаттары банктардагы эсептерде жана салымдарда турса, аларга банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензияга ылайык чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашыруу укугу берилбесе, анда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен банкты көрсөтүлгөн акча каражаттарын мындай укукка ээ болгон жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган валюталык эсепти тейлөөгө тиешелүү келишим түзгөн банкка которууга милдеттендирет. Ушул валюталык эсеп ушул беренеде каралган операцияларды аткаруу үчүн гана ачылат.

  4. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан өндүрүп алууда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен көрсөтүлгөн акча каражаттары эсептеринде жана салымдарында турган банкты акча каражаттарын ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте чет өлкөлүк валютада которууга милдеттендирет.

  5. Карызкордун улуттук валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алууда, сот аткаруучу өзүнүн токтому менен көрсөтүлгөн акча каражаттары эсептеринде жана салымдарында турган банкты аткаруучу документте камтылган талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте которууга милдеттендирет.

  6. Аткаруу документинде көрсөтүлгөндөн башка чет өлкөлүк валютада карызкордун акча каражатынан өндүрүп алууда, сот аткаруучу өзүнүн токтому менен карызкордун акча каражаттары эсептеринде жана салымдарында турган банкты ушул Мыйзамдын65-беренесинин2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүндө чет өлкөлүк валютаны сатууга жана акча каражаттарын ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте которууга милдеттендирет.

  7. Карызды чет өлкөлүк валютада эсептөөдө сот аткаруучу аткаруу жыйымын улуттук валютада аткаруучу жыйымды өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөгү чет өлкөлүк валютанын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий белгиленген курсуна жараша эсептелген өлчөмдө эсептейт.

  8. Банк сот аткаруучунун токтомун ушул Мыйзамдын66-беренесиндебелгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө аткарат.

  9. Сот аткаруучунун ушул беренеде каралган токтомдорунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


69-берене. Карызкордун — баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жана пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын акча каражаттарынан жана баалуу кагаздарынан өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрү



  1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун карыздары боюнча «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу банкта ачкан өзүнчө банктык эсепте (эсептерде) турган анын кардарларынын акча каражаттарынан (мындан ары — баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсеби) өндүрүп алуу мүмкүн эмес.

  2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун карыздары боюнча «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ачкан реестрди жүргүзүү системасындагы энчилүү эсептердеги жана депозитарийдин депосундагы эсептерде (мындан ары — энчилүү эсептер жана депо эсеби) турган анын кардарларынын баалуу кагаздарынан өндүрүп алуу мүмкүн эмес.

  3. Пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын карыздары боюнча инвестициялык пайларды сатып алуу жөнүндө инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин реестрине жазуу киргизилгенге чейин пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өзүнчө банктык эсебинде жана/же депонун эсебинде сакталган инвестициялык пайларды сатып алууга арыз берген адамдын акча каражаттарынан жана/же баалуу кагаздарынан өндүрүп алуу мүмкүн эмес.


70-берене. Карызкордун-юридикалык жактын мүлкүнөн өндүрүп алуунун тартиби


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлк кайда жана иш жүзүндө кимдин пайдалануусунда турганына карабастан, өндүрүп алынышы мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо, карызкордун — юридикалык жактын аткаруу документинде камтылган талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болгон учурда юридикалык жакка менчик укугунда таандык болгон башка мүлк төмөнкү кезектүүлүктө өндүрүп алынат:


1) биринчи кезекте — товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз катышпаган кыймылдуу мүлктөн, анын ичинде баалуу кагаздардан (инвестициялык фонддун инвестициялык резервдерин түзгөн баалуу кагаздарды кошпогондо), офистердин дизайн предметтеринен, даяр продукциядан (товарлардан), кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарынан;


2) экинчи кезекте — товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз пайдаланылбаган мүлктүк укуктардан;


3) үчүнчү кезекте — товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүлөргө түздөн-түз катышпаган кыймылсыз мүлктөрдөн;


4) төртүнчү кезекте — товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууда же кызмат көрсөтүүлөрдө түздөн-түз пайдаланылуучу мүлктүк укуктардан жана товарларды өндүрүүгө катышкан мүлктөн: өндүрүштүк багыттагы кыймылсыз мүлк объекттеринен, чийки заттардан жана материалдардан, станоктордон, жабдуулардан жана башка негизги каражаттардан, анын ичинде инвестициялык фонддун инвестициялык резервдерин түзгөн баалуу кагаздардан.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


71-берене. Карызкорду — юридикалык жакты кайра уюштурууда өндүрүп алуунун тартиби


Карызкор — юридикалык жак кайра уюштурулган учурда аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу өткөрүп берүү актысы же бөлүштүрүүчү балансы менен карызкордун — юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн жактын акча каражаттарынан жана башка мүлкүнөн жүргүзүлөт.


72-берене. Айрым юридикалык жактардын жана алардын мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) мүлкүнөн өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрү


Аткаруу документтеринде камтылган талаптарды аткаруу үчүн юридикалык жактын карамагында турган акча каражаттары, мүлк жетишсиз болгондо юридикалык жактын менчик ээсинин мүлкүнөн өндүрүп алуу соттук актынын негизинде жүргүзүлөт.


73-берене. Мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн алкактарында өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон мүлктүк укуктарынан жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде:


1) кредитор (мындан ары — дебитор) катары анын алдындагы акчалай милдеттенмесин аткарбаган карызкордун үчүнчү жакка карата талап кылуу укуктары, анын ичинде карызкор тарабынан иш жүзүндө берилген товарлар, аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча акы төлөө боюнча, жалдоо, ижара жана башкалар боюнча талап кылуу укуктарынан (мындан ары — дебитордук карыз);


2) аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучу катары талап кылуу укугунан;


3) мүлккө ижара укугунан;


4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, интеллектуалдык иштин натыйжаларынан жана жекелештирүү каражатынын натыйжасына карата өзгөчө укуктан.



  1. Үчүнчү жактарга карата карызкорго таандык болбогон мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.


74-берене. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу



  1. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын65-беренесинин2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүндөгү дебитордук карызды карызкордун алуу укугунун өндүрүп алуучуга өтүүсүндө турат, бирок өндүрүп алуу күнүнө орун алган дебитордук карыздын көлөмүнөн ашпайт жана ошондой эле шарттарда.

  2. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:


1) өндүрүп алуучунун макулдугу болгондо — дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төгүү (которуу) жолу менен;


2) өндүрүп алуучунун макулдугу болбогондо же дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төкпөгөндө (которбогондо) — дебитордук карызды тоорукта сатуу жолу менен.



  1. Төмөнкү учурларда дебитордук карыздан өндүрүп алуу жүргүзүлбөйт:


1) өндүрүп алуу үчүн доомат коюунун мөөнөтүнүн эскириши;


2) дебитор Кыргыз Республикасы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзбөгөн чет мамлекетте турса;


3) дебитор жоюлуу процессинде турса;


4) дебитор юридикалык жак катары өз ишин токтотсо жана юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;


5) дебиторго карата банкроттук жол-жобосу киргизилсе.



  1. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, анда дебитордун депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүүсүнүн (которуусунун) тартибин көрсөтөт. Көрсөтүлгөн токтом ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен дебиторго жана аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

  2. Сот аткаруучу өзүнүн токтому менен дебиторду депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен тиешелүү милдеттенмелерди аткарууга милдеттендирет, ошондой эле карызкордун алардын негизинде дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүсүнө тыюу салат.

  3. Дебитордук карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун дебитор алган күндөн тартып дебитордун тиешелүү милдеттенмелерди аткаруусу депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен жүзөгө ашырылат. Дебитордун милдеттенмелерди мындай аткаруусу кредиторго талаптагыдай аткаруу деп эсептелет. Мында дебитордун карызкорго карата укуктары өзгөрбөйт.

  4. Дебитор депозиттик эсепке акча каражаттары түшкөнү (которулганы) жөнүндө сот аткаруучуга жана карызкорго токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

  5. Ушул берененин 1-7-бөлүктөрүнө ылайык депозиттик эсепке дебитор акча каражаттарын которгон учурду кошпогондо, дебитордук карыздын баасы мүлктүк укукту баалоо жөнүндө сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн дебитордук карыздын наркынан аз болушу мүмкүн эмес.


Дебитордук карыздын баасы дебитор которгон акча каражаттарынын суммасына карата карызкордун алдындагы дебитордун негизги карызынын суммасына карата пропорциялуу азаят.


75-берене. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу



  1. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу соттук актынын негизинде жүргүзүлөт.

  2. Өндүрүп алуучунун карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу жөнүндө арызы сот тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.

  3. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты токтоосуз аткарылууга жатат.

  4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жобо төмөнкү учурларда колдонулбайт:


1) банктардагы эсептерде, салымдарда жана сактоодо турган акча каражаттарынан өндүрүп алуу;


2) ушул Мыйзамдын 69-беренесинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун эсептеринде турган карызкордун баалуу кагаздарынан жана акча каражаттарынан өндүрүп алуу;


3) карызкордун мүлкүнө камак салуу жөнүндө талапты камтыган соттук актыны аткаруу;


4) күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу.


76-берене. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу



  1. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

  2. Эгерде мүлктөн өндүрүп алуу күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу үчүн жүргүзүлсө, анда күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу биринчи кезекте карызкордун башка мүлкүнүн болгонуна карабастан жүргүзүлөт.

  3. Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн күрөөгө коюлган мүлк ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатылат.


77-берене. Өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон мүлк


Карызкордун өндүрүп алынышы мүмкүн болбогон мүлкүнүн тизмеги ушул Мыйзамдын 2-тиркемесинде камтылган.


11-глава. Карызкордун мүлкүн сатуу


78-берене. Карызкордун мүлкүн сатуу



  1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, карызкордун мүлкүн сатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аныкталган жана тартылган адистештирилген уюмдар тарабынан сатуу жолу менен же ушул Мыйзамда каралган тартипте тоорук аркылуу сот аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.


Адистештирилген уюм сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ал эми сот аткаруучу тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырууга милдеттүү.



  1. Карызкордун кыймылсыз мүлкүн, баалуу кагаздарын (ачык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын, жабык акционердик коомдордун акцияларын, ал эми сот аткаруучунун чечими боюнча — ошондой эле интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын кошпогондо), мүлктүк укуктарын, күрөө кармоочу болуп саналбаган өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн күрөөгө коюлган мүлкүн, тарыхый же көркөм баалуулукка ээ болгон предметтерин, ошондой эле баасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген беш жүз эсептик көрсөткүчтө ашкан буюмдарын, бөлүнбөй турган, татаал буюмду, башкы буюмду жана аны менен жалпы багытта байланышкан (таандык) буюмду сатуу аукцион формасындагы ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

  2. Дебитордук карызды сатуу74-берененин2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

  3. Ачык жана интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын сатуу үчүн сот аткаруучу аларды тындыруу жөнүндө башкаруучу компанияга карата талаптарын коет.


Интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун пайлары ушул интервалдык пайлык фонддун эрежелерине ылайык пайлар сатып алууга коюлган мезгилге башкаруучу компаниянын сатып алуусуна коюлат.



  1. Жаныбарларды сатуу ушул Мыйзамдын801-беренесиндебелгиленген тартипте жүргүзүлөт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


79-берене. Карызкордун баалуу кагаздарын сатуу



  1. Баалуу кагаздардын уюшулган рыногунда жүгүртүлгөн баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун тооруктарында сатылууга жатат. Баалуу кагаздар тиешелүү тооруктардын катышуучусу болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуусу тарабынан тооруктарда сатылууга жатат.

  2. Баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучунун тооруктары баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

  3. Баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучунун тооруктарында мурдагы соода күнүндөгү бул баалуу кагаздар боюнча тооруктар жабылган баадан төмөн болбогон баа боюнча коюлат.

  4. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун тооруктарында баалуу кагаздарды сатууга арыз сот аткаруучунун токтомун алган күндөн тартып үч айдын ичинде бир нече жолу коюлушу мүмкүн.

  5. Эгерде сот аткаруучунун токтомун брокер же башкаруучу алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө баалуу кагаздар тооруктарда сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга баалуу кагаздарды акыркы соода күнүндөгү бул баалуу кагаздар боюнча тооруктар жабылган баа боюнча калтырууну сунуштайт.


Эгерде өндүрүп алуучу баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан баш тарткан учурда, анда сот аткаруучу бааны 25 пайызга төмөндөтүү жөнүндө токтом чыгарат жана сатуу жол-жобосу бир айдын ичинде кайра кайталанат.



  1. Эгерде баалуу кагаздардын баасы 25 пайызга төмөндөтүлгөндөн кийин алар сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга баалуу кагаздарды 25 пайызга төмөндөтүлгөн баа менен өзүндө калтырууну сунуштайт.


Эгерде өндүрүп алуучу баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан баш тарткан учурда, анда сот аткаруучу бааны дагы 25 пайызга төмөндөтүү жөнүндө токтом чыгарат жана сатуу жол-жобосу бир айдын ичинде кайра кайталанат.


Эгерде баа экинчи ирет төмөндөтүлгөндөн кийин өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан кат жүзүндө баш тартса же жооп бербесе, анда сот аткаруучу баалуу кагаздарды карызкорго кайтарып берет.



  1. Жабык акционердик коомдордун акциялары сот аткаруучу тарабынан төмөнкү тартипте сатылат:


1) акцияларды сатып алуу жөнүндө сунуш ушул акционердик коомдун бардык калган акционерлерине жиберилет. Сунуш коомдун уставында каралган тартипте коомдун аткаруу органы аркылуу жүзөгө ашырылат. Эгерде коомдун уставында бул тартип аныкталбаса, сунуш Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат;


2) эгерде акционерлердин ичинен бири дагы өзүнүн артыкчылыктуу укугунан пайдаланбаган учурда, акциялар жабык акционердик коомдун өзүнө сунушталат. Коом акцияларды сунушталган баа боюнча сатып алышы же сатып алуудан баш тартышы мүмкүн;


3) эгерде коом акцияларды сатып алуудан баш тарткан учурда, сот аткаруучу бул акцияларды башка акционерлерге жана коомго сунушталган баа боюнча өзүндө калтырууга өндүрүп алуучуга кат жүзүндөгү сунушун жиберет. Бир кезекте бир нече өндүрүп алуучулар болгондо сунуштар сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшүүсүнүн кезектүүлүгүнө жараша жиберет;


4) эгерде өндүрүп алуучу (өндүрүп алуучулар) көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде акциялардан жазуу жүзүндө баш тартса же жооп бербесе, сот аткаруучу акцияларды ушул берененин 1, 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте сатат.


80-берене. Карызкордун мүлкүн адистештирилген уюм тарабынан сатылышынын тартиби



  1. Карызкордун мүлкүн адистештирилген уюмга сатуу үчүн өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча сот аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.


2 Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуштаган баа мүлктү баалоодо көрсөтүлгөн мүлктүн наркынан аз болушу мүмкүн эмес.



  1. Тооруктарда сатылуучуларды кошпогондо, эгерде карызкордун мүлкү сатууга өткөрүлүп берилген күндөн тартып бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу бааны 25 пайызга азайтуу жөнүндө токтом чыгарат.


Эгерде карызкордун мүлкү баасы төмөндөтүлгөндөн кийин бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу сунушка жооп жиберүүнүн мөөнөттөрүн, сунушка жооп жөнөтпөөнүн же болбосо сунуштан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүү менен бул мүлктү өзүндө калтыруу сунушун өндүрүп алуучуга тапшырат же жиберет.


Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.


Баасы 25 пайызга төмөндөтүлгөндөн карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруудан өндүрүп алуучу баш тарткан учурда, сот аткаруучу бааны дагы 25 пайызга азайтуу жөнүндө токтом чыгарат.


Эгерде карызкордун мүлкү баасы 50 пайызга төмөндөтүлгөндөн кийин бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу сунушка жооп жиберүүнүн мөөнөттөрүн, сунушка жооп бербөөнүн же сунуштан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүү менен бул мүлктү өзүндө калтыруу сунушун өндүрүп алуучуга тапшырат же жиберет.


Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.


Сунушту тапшыруу же жиберүү сот аткаруучу тарабынан кабарлоолорду жана чакыруу кагаздарын тапшыруу же жиберүү үчүн ушул мыйзамда белгиленген жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.


Бир кезекте бир нече өндүрүп алуучулар болгондо, сот аткаруучу тарабынан сунуш сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруучу документтер келип түшкөнүнүн кезектүүлүгүнө жараша өндүрүп алуучуларга жиберилет.


Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашса, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы бир убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган мүлктү өзүндө калтырууга укуктуу.



  1. Мүлк башка өндүрүп алуучуларга сунушталат:


1) карызкордун мүлкүнөн өндүрүп алуучу баш тарткан же сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө өндүрүп алуучудан кабарландыруу келип түшпөгөн учурда;


2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы өндүрүп алуучу депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.


Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же алардын сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими болбогондо мүлк карызкорго кайтарылат.



  1. Карызкордун мүлкүн сот аткаруучунун өндүрүп алуучуга өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

  2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.


801-берене. Жаныбарларды сатуунун тартиби



  1. Карызкорго таандык болгон, камакка алынган жаныбарларды сатуу адистештирилген уюм (мал базарлар, ж.б.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаныбарларды сатуу үчүн адистештирилген уюмга өткөрүп берүүдө сот аткаруучу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.

  2. Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуш кылган баа адистин баалоосунда көрсөтүлгөн жаныбарлардын наркынан төмөн болбошу керек.

  3. Эгерде карызкорго таандык жаныбар адистештирилген уюм иштеген күнү сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга бул жаныбарды адис белгилеген баада өзүнө калтырууну сунуш кылат.


Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашык болсо, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы ошол эле убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган жаныбарды өзүндө калтырууга укуктуу. Мындай учурда айырма бир жумушчу күндүн ичинде депозиттик эсепке чегерилүүгө тийиш. Эгерде өндүрүп алуучу тарабынан депозиттик эсепке тиешелүү айырма төлөнбөсө, анда жаныбар карызкорго кайтарылууга жатат, ал эми аткаруу документ өндүрүп алуучуга аткарылбастан кайтарылып берилет.



  1. Сот аткаруучу тарабынан карызкорго таандык жаныбарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.

  2. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучу бар болсо жана адистештирилген уюм тарабынан жаныбар сатылбаган болсо, жаныбарды өзүнө калтыруу жөнүндө сунуштар ушундай өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулары тарабынан сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезекке ылайык жөнөтүлөт. Бул учурларда жаныбарды өткөрүп берүү тартиби ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат.

  3. Жаныбар башка кезекке тургандарга төмөнкүдөй сунушталат:


1) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүл алуучулар жаныбарды өзүнө калтыруудан баш тарткан учурда;


2) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.



  1. Өндүрүп алуучулардын сатылбаган жаныбарды өздөрүнө калтыруу жөнүндө чечими жок болгон учурда, жаныбар карызкорго кайтарылып берилет, ал эми аткаруу документи аткарылбастан өндүрүп алуучуга кайтарылат.

  2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү, алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


81-берене. Ижара укугун сатуу тартиби



  1. Эгерде ижара келишиминде ижарачынын-карызкордун субижара келишими каралган учурда, ижара укугун сатууга жол берилет. Ижара укугун сатуу тооруктарда ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлөт.


Атайын уруксатты (лицензияны) талап кылган ижара укугун сатууга тиешелүү лицензияны (уруксатты) берген жеке жана юридикалык жактарга гана мүмкүн.



  1. Объектти ижарага алуу укугун сатуу боюнча эки натыйжасыз тоорукту өткөрүүдөн кийин ижара укугу, эгерде ижара үчүн мыйзам боюнча объект бөлүнсө, объекттин бир бөлүгүнө (бөлүктөрүнө) ал укук сатылышы мүмкүн.

  2. Субижара укугунун келишимине жана карызкор тараптын башка зарыл болгон документтерге кол коюуну сот аткаруучу жасайт.

  3. Эгерде мыйзамда субижара келишимин мамлекеттик каттоо каралган учурларда, келишим түзүлгөндөн кийин үч күндүн ичинде сот аткаруучу каттоочу органга зарыл болгон тиркемелери менен келишимди жиберет.


Каттоочу орган талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган келишим жана тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө укуктарды кайра жол-жоболоштуруу боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди жасайт жана бул жөнүндө сот аткаруучуга кабарлайт.



  1. Карызкордун атынан сот аткаруучу кол койгон мүлктү субижара келишимин каттоо үчүн келишимге милдеттүү түрдө мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана ижара келишиминин көчүрмөсү тиркелет.


82-берене. Мүлктү тооруктарда сатуу



  1. Сот аткаруучу тооруктарды уюштуруучу болуп саналат. Тооруктарды уюштурууда жана өткөрүүдө сот аткаруучу өзүнүн атынан чыгат.

  2. Тооруктарга коюлган мүлктүн баштапкы баасы мүлктүн баасында же мүлктү баалоо жөнүндө тараптардын макулдашуусунда көрсөтүлгөн нарктан аз болушу мүмкүн эмес.

  3. Тооруктарга коюлган күрөөдөгү мүлктүн баштапкы баасы соттун чечиминде көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлктүн баасынан төмөн болушу мүмкүн эмес.


83-берене. Тооруктарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо



  1. Тооруктарды өткөрүү жөнүндө жарыялоо уюштуруучу тарабынан алар өткөрүлгөнгө чейин отуз күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.


Жарыялоо убактысы, жери, предмети жана аукционго катышууну жол-жоболоштуруунун тартиби жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баштапкы баасы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.


(Абзац КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)



  1. Өндүрүп алуучу жана карызкор тооруктарды өткөрүү жөнүндө кошумча кабарларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында өздөрүнүн эсебинен жарыялоого укуктуу.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


84-берене. Тооруктарды өткөрүүнүн тартиби



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучу ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Граждандыккодексиндекаралган тартипте тооруктарды ачык аукцион формасында өткөрөт.

  2. Кыймылсыз мүлк аукциону мүлк турган жер боюнча же болбосо мүлк турган жерге барууга мүмкүн болбогон учурда (алыстыгы, жеткиликтүүлүктүн жоктугу) сот аткаруучулардын бөлүмүндө алардын жайгашкан жери боюнча өткөрүлөт.

  3. Кыймылдуу мүлк аукциону сот аткаруучунун катышуусунда өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы макулдашууда аныкталган жер боюнча өткөрүлөт. Алар макулдашууга жетише албаган учурда, кыймылдуу мүлктүн аукционун өткөрүү жери сот аткаруучу тарабынан аныкталат.

  4. Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.



  1. Аукцион башталаардын алдында катышуучулар сот аткаруучуга шертпулду төлөгөнү жөнүндө документти, адамдын инсандыгын ырастаган документтерди, — жеке жак үчүн же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү жана өкүлдүн ишеним катын көрсөтүшөт. Ушул документтердин көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына тиркелет.

  2. Аукциондун башталышында сот аткаруучу аукционду өткөрүүнүн эрежелерин, сатылып жаткан мүлктүн аталышын жана анын кыскача мүнөздөмөсүн, бааны өзгөртүүнүн кадамын жарыялайт. Бааны өзгөртүүнүн кадамы мүлктүн баштапкы баасынын 2 пайызы өлчөмүндө белгиленет.


Бул маалымат жарыялангандан кийин, сот аткаруучу аукциондун башталгандыгын жарыялайт жана аукциондун катышуучуларын баа өзгөртүүнүн бир кадамына баштапкы бааны жогорулатуу менен мүлктү сатып алууну сунуштайт. Сот аткаруучу өзүнүн аукциондук номерин биринчи болуп көтөргөн жана сот аткаруучу жарыялаган бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусун аныктайт. Андан кийин сот аткаруучу мүлктү жаңы жарыяланган, б.а. акыркы жарыяланган баадан бир кадамга бааны жогорулатуу менен сатып алууну сунуш кылат. Аукцион бир гана катышуучу сот аткаруучу жарыялаган жаңы баада мүлктү сатып алууга макул болгонго чейин улантылат. Сот аткаруучу мүлктүн жаңы баасын жана ушул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт.


Эгерде аукцион башталгандан кийин жана сот аткаруучу мүлктүн биринчи баасын жарыялагандан кийин (б.а. мүлктүн баштапкы баасын 2 пайызга жогорулатуу менен) аукциондук номерин аукциондун бир гана катышуучусу көтөрсө, анда сот аткаруучу бул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт.


Эгерде сот аткаруучу мүлктүн баштапкы баасын жарыялагандан кийин аукциондун бир катышуучу гана номерин көтөрсө, анда сот аткаруучу мындай катышуучунун номерин үч жолу атайт жана аны сатып алуучу деп жарыялайт.


Сот аткаруучу сатып алуучуну жана мүлктүн сатып алынган баасын көрсөтүү менен аукциондун протоколуна тиешелүү жазууларды жазат.


Аукционду өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер сот аткаруучу тарабынан жеринде чечилет, алар протоколдо белгиленет.



  1. Сатып алуучу жана сот аткаруучу аукцион өткөрүлгөн күндө аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюшат, ал келишимдин күчүнө ээ болот.

  2. Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.

  3. Сатып алуучу протоколго кол коюудан качканда же андан алынуучу бардык сумманы белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө шертпулдун суммасы ага кайтарылып берилбейт жана аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт. Эгерде аукциондун жеңүүчүсү аукционго катышууга укуктуу эмес экени белгиленген учурда шертпул аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт.

  4. Бардык сатып алуу суммасын сатып алуучу төлөгөндөн кийин сот аткаруучу ага болуп өткөн аукцион жөнүндө протоколдун нускасын берет. Аукциондун натыйжалары жөнүндө протокол тиешелүү мамлекеттик органдардагы мамлекеттик реестрлерге зарыл болгон жазууларды киргизүү үчүн негиз болот.

  5. Аукционго төмөнкүлөр катыша алышпайт:


1) ушул аткаруу өндүрүшү өндүрүшүндө болгон же турган сот аткаруучулары;


2) ушул ишти караган Кыргыз Республикасынын судьялары;


3) камакка алынган мүлктү баалоону жүргүзгөн эксперт, адис, баалоочу;


4) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ата-энеси, балдары, жубайы;


5) карызкор, анын өкүлү;


6) мүлктү тизмектөөгө жана камакка алууга катышкан адамдар;


7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукционго чыгарылган мүлктүн менчик ээлери, же мүлктүк укуктардан ээлери болушу мүмкүн эмес адамдар.



  1. Ушул Мыйзамдын эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн аукцион аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Өткөрүп жиберилген мөөнөт Кыргыз Республикасынын Граждандыккодексиндекаралган негиздер боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


85-берене. Аукционду өткө жок деп жарыялоо



  1. Сот аткаруучу аукционду өткөн жок деп жарыялайт, эгерде:


1) аукционго катышууга экиден аз адам аз арыз берсе же аукционго эки катышуучудан аз адам келсе;


2) аукционго келген катышуучулардын эч кимиси мүлктүн баштапкы баасына үстөктөрдү жасабаса;


3) аукционду утуп алган катышуучу протоколго кол койбосо;


4) аукционду утуп алган катышуучу тооруктар өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндүн ичинде мүлктүн сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөсө.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган учурларда аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө сот аткаруучу акт түзөт, ал аукцион өткөрүлгөн күнү жарыяланат.

  2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө сот аткаруучу аукционду утуп алган катышуучу мүлктүн наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен токтом чыгарат.

  3. Аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө сот аткаруучунун актысы же токтому аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.


Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда сот аткаруучу аукциондун мүлктүн сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөгөн катышуучусуна да токтомду тапшырат же жиберет.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3 жана 4-пункттарында каралган учурду кошпогондо, эгерде аукцион болуп өтпөсө, шертпул аны төккөн адамдарга аукцион бүткөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет. Бул учурда шертпул аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүүгө атайын эсепке жиберилет жана кайрадан алгачкы тооруктар дайындалат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


86-берене. Аукционду өткөн жок деп жарыялоонун кесепеттери



  1. Ушул Мыйзамдын85-беренесинин1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган учурлардан тышкары, биринчи аукциондун өтпөй калганын жарыялагандан кийин сот аткаруучу ал өткөрүлгөн күндөн тартып беш жумушчу күнүнүн ичинде бул жөнүндө өндүрүп алуучуга жазуу жүзүндө кабарлайт жана карызкордун сатылбаган мүлкүн биринчи аукциондун алгачкы наркы боюнча өзүндө калтырууну сунуштайт.


Карызкордун сатылбай калган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу өндүрүп алуучуга карызкордун мүлкүн калтыруудан же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жоопту жөнөтүүдөн баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүүгө милдеттүү.


Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сатылбай калган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.



  1. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучулар болгондо, сот аткаруучу сунуштарды аткаруу документтеринин келип түшүү кезектүүлүгүнө ылайык сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө жиберет.

  2. Мүлктү өзүндө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн баштапкы баасы менен анын үлүшүнө туура келүүчү сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон суммалардын эсебинен депозиттик эсепке киргизүүсү керек.

  3. Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат. Сот аткаруучунун карызкордун мүлкүн өндүрүп алуучуга өткөрүп бериши кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

  4. Өндүрүп алуучу карызкордун мүлкүнөн жазуу жүзүндө баш тарткан же андан сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө кабарландыруу келип түшпөгөн учурда, мүлк беш күндүк мөөнөттө башка өндүрүп алуучуларга сунушталат.


87-берене. Кайрадан аукцион өткөрүүнүн тартиби



  1. Карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими жок болсо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбосо, сот аткаруучу он күндүн ичинде мүлктүн биринчи тоорукта белгиленген баштапкы баасы менен аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

  2. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Мыйзамдын83жана 84-беренелеринде белгиленген тартипте өткөрүлөт.


3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)



  1. Кайрадан аукцион өткөрүүдө аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюунун, сатып алуучу тарабынан мүлк сатып алынган сумманы, ошондой эле шертпулдун суммасын төлөөнүн жалпы эрежелери колдонулат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


88-берене. Кайрадан өткөрүлгөн аукционду өткөн жок деп жарыялоонун кесепеттери



  1. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион ушул Мыйзамдын85-беренесинин1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу тарабынан өткөн жок деп табылат.


Кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп жарыяланган учурда, мүлк сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга кайрадан өткөн аукциондо белгиленген баадан он пайызга төмөн баада сунушталат.


Карызкордун сатылбаган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу карызкордун мүлкүн калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жооп жибербөөнүн кесепеттерин өндүрүп алуучуга түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.


Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сот аткаруучуну сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.


Эгерде бир кезекте турган бир нече талапкер бар болсо, анда сот аткаруучу тарабынан сунуштар сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезегине ылайык өндүрүп алуучуларга жөнөтүлөт.


Мүлктү өзүнө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүп берилип жаткан мүлктүн баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келген сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон сумманын эсебинен депозиттик эсепке которууга тийиш.



  1. Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же сатылбай калган мүлктү өзүндө калтырууга алардын чечими болбогондо, сот аткаруучу он жумушчу күндүн ичинде камакты алып салат жана мүлктү карызкорго кайтарып берет.

  2. Сот аткаруучунун мүлктү карызкорго өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.


Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


12-глава. Карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуу


89-берене. Карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуунун тартиби



  1. Сот аткаруучу карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алууну төмөнкү учурларда жүргүзөт:


1) мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды камтыган аткаруу документтерин аткаруу;


2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген эки жүз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган сумманы өндүрүп алуу;


3) аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткаруу үчүн карызкордун акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн жоктугу же жетишсиздиги;


4) эки жүз эсептик көрсөткүчтөн ашкан сумманы өндүрүп алууга өндүрүп алуучунун макулдугу.


Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуу карызкордун иштеген жерине же башка кирешелерди алган жерине аткаруу документтерин жиберүү жолу менен жүзөгө ашырылат.



  1. Мезгилдүү төлөмдөрдү же болбосо алар боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды аткаруу үчүн карызкордун эмгек акысы жана/же башка кирешелери болбогондо же жетишсиз болгондо, өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 10-главасында белгиленген тартипте карызкордун акча каражаттарынан жана башка мүлкүнөн жүргүзүлөт.

  2. Карызкорго эмгек акыны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөөчү жактар сот аткаруучудан аткаруу документин алган күндөн тартып аткаруу документинде камтылган талаптаргажана сот аткаруучунун тапшырмаларына ылайык карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен акча каражаттарын кармап калууга милдеттүү.


Карызкорго эмгек акыны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөөчү жактар карызкорго тиешелүү төлөмдөрдү төлөгөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кармалган акча каражаттарын өндүрүп алуучуга төлөөгө же которууга милдеттүү. Акча каражаттарын которуу же чегерүү карызкордун эсебинен жүргүзүлөт.



  1. Карызкор иштеген, окуган жерин, пенсия жана башка кирешелерди алуучу жерин өзгөрткөндө карызкорго эмгек акыны, пенсияны, стипендияны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берүүчү жактар бул жөнүндө сот аткаруучуга жана өндүрүп алуучуга токтоосуз билдирүүгө жана аларга сот аткаруучулардын бөлүмүнө жүргүзүлгөн өндүрүп алуулар жөнүндө белги коюу менен аткаруу документин кайтарып берүүгө милдеттүү.

  2. Карызкор — жеке жак жаңы иштеген, окуган жери, пенсия жана башка кирешелерди алуучу жери жөнүндө сот аткаруучуга жана өндүрүп алуучуга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


90-берене. Карызкордун эмгек акысын жана башка кирешелерин кармоонун өлчөмү, аны эсептөөнүн тартиби



  1. Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен, анын ичинде интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.

  2. Аткаруу документин (бир нече аткаруу документтерин) аткарууда карызкордон — жеке жактан эмгек акысынын жана башка кирешелеринин 50 пайыздан ашыгы кармалышы мүмкүн. Кармоолор аткаруу документинде камтылган талаптарды толук өлчөмдө аткарганга чейин жүргүзүлөт.

  3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмүн чектөө жашы жетелек балдарга алименттерди өндүрүп алууда, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууда, баккан адамынын өлүмүнө байланыштуу зыяндын ордун толтурууда жана кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууда колдонулбайт. Бул учурларда карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпайт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


91-берене. Жазаны өтөп жаткан карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан өндүрүп алуу



  1. Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу түзөтүү жумуштарына соттолгон карызкордун — жеке жактын эмгек акысынан соттун өкүмү же токтому боюнча жүргүзүлгөн кармоолорду эсептен чыгарып салуу менен 70 пайызы өндүрүп алынат.

  2. Аткаруу документтери боюнча түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле тергөө изоляторлорунда алар көрсөтүлгөн жарандар жагынан түзөтүү мекемелеринин функцияларын аткарып жаткан учурда жазасын өтөп жаткан карызкор — жеке жактардын эмгек акысынын 70 пайызы өндүрүп алынат, мында аларды көрсөтүлгөн мекемелерде багуу боюнча чыгымдардын ордун толтурууга чегерүүлөр алып салынат.


92-берене. Карызкордун — жеке жактын өндүрүп алуу мүмкүн болбогон кирешелеринин түрлөрү



  1. Өндүрүп алуу кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрүнөн жүргүзүлбөйт:


1) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтурууга төлөнүүчү акча суммаларынан;


2) баккан адамынын өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга төлөнүүчү акчалай суммалардан;


3) кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде майып (жарадар, травма, контузия) болгон адамдарга жана көрсөтүлгөн адамдар курман (өлгөн) болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү акчалай суммалардан;


4) зыяндуу же экстремалдык шарттарда иштегени үчүн компенсациялык төлөмдөрдөн, ошондой эле экологиялык кырсыктан же жарандык жана аскердик багыттагы ядролук объекттердеги кырсыктардын кесепеттерин жоюуда, атомдук куралды жардырууда жана сыноону жүргүзүүдө, же болбосо ядролук объекттердеги кырсыктуу кырдаалдардын натыйжасында радиациялык таасирден жана мыйзамдарда белгиленген башка учурларда жабыркаган жарандарга төлөнүүчү суммалардан;


5) көп балалуу энелерге, жалгыз бой аталарга же энелерге төлөнүүчү жөлөкпулдардан, эмгекке жарамсыз жарандарды бакканына байланыштуу жарандарга төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдөн; ден соолугуна зыян келтирилген учурда жабыр тарткандарга кошумча тамактануу, санаториялык-курорттук дарылануу, протездөө жана аларды багуу боюнча чыгашаларга төлөнүүчү суммалардан;


6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын айрым категорияларына кошулуп эсептелүүчү ай сайын төлөнүүчү акчалай төлөмдөрдөн (жол киреге, дары-дармекти жана башкаларды сатып алууга компенсация) жана/же жыл сайын төлөнүүчү акчалай төлөмдөрдөн;


7) алимент катары төлөнүүчү акчалай суммалардан, ошондой эле ата-энеси изделип жаткан мезгилде жашы жетелек балдарды багууга төлөнүүчү суммалардан;


8) Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген төмөнкүлөргө компенсациялык төлөмдөрдөн:


а) кызматтык иш сапарга, башка жерге жумушка которулганына, кабыл алынганына же жиберилгенине байланыштуу;


б) кызматкерге таандык шаймандын эскиргенине байланыштуу;


в) бала туулганына, туугандарынын өлүмүнө, никеге катталганына байланыштуу уюм тарабынан төлөнүүчү акчалай суммаларга;


9) карылыгы боюнча пенсияларды, майыптыгы боюнча пенсияларды жана убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды кошпогондо, милдеттүү социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу менен камсыз кылуу;


10) баккан адамынан айрылган учур боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү пенсияларга;


11) сөөк коюуга социалдык жөлөкпулга.



  1. Убактылуу эмгекке жараксыз болгондо төлөнүүчү социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдардан, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардан жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдардан өндүрүп алуу жашы жете элек балдарга карата алименттик милдеттенмелер боюнча, ошондой эле баккан адамынын өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмелер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.


13-глава. Аткаруу документтеринин айрым түрлөрүн аткаруунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби


93-берене. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүп алуунун тартиби



  1. Алименттер боюнча карыздардын суммасынын эсеби сот актысында белгиленген алименттердин өлчөмүнө же алименттерди төлөө жөнүндө макулдашууга негизденүү менен аткаруу документин аткаруучу жер боюнча сот аткаруучу тарабынан түзүлөт.

  2. Карызкордун эмгек акысына карата үлүштө жашы жетелек балдар үчүн төлөнүүчү алименттер боюнча карыздын өлчөмү алименттик төлөмдөр өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн мезгилдин ичиндеги карызкордун эмгек акысына жана башка кирешелерине негизденүү менен аныкталат. Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе же болбосо бул мезгилдеги анын кирешелери жөнүндө документтер берилбесе, анда алименттер боюнча карыз карызды өндүрүп алуу учуруна карата ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө негизденүү менен аныкталат.

  3. Өткөн убакыт үчүн аткаруу документи боюнча алименттерди өндүрүп алуу аткаруу документи берилгенге чейинки үч жылдык мөөнөттүн чектеринде жүргүзүлөт.


Эгерде өндүрүп алуу карызкорду издөөгө байланыштуу жүргүзүлбөгөн болсо, анда өндүрүп алуу карызкорду издөөнүн бүткүл мезгили үчүн жүргүзүлөт.



  1. Сот аткаруучу тарабынан аныкталган алимент боюнча карыздын өлчөмү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын биринин кызыкчылыктарын олуттуу бузган учурда, кызыкчылыктары бузулган тарап, карыздын өлчөмүн туруктуу акчалай суммада аныктоо же үй-бүлө мыйзамдарында каралган тартипте аны төлөөдөн бошотуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

  2. Алименттерди төлөөдөн качкан учурда карызкор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан эскертилет.

  3. Жашы жете элек балага алимент өндүрүү жөнүндө аткаруу документин системалуу түрдө (үч жолудан ашык) атайылап аткарбай койгондо же толук эмес көлөмдө аткарганда сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.


(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


93-1-берене. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалыматтар базасы



  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.

  2. Маалыматтар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Башкы сот аткаруучу тарабынан аныкталат.

  3. Маалыматтар базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:


1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;


2) аткаруу документи кабыл алынган дата;


3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;


4) карызкор жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, сүрөтү);


5) аткаруу документи боюнча тындырылбаган карыздын суммасы;


6) аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аталышы жана дареги;


7) карызкорго издөө жарыяланганы жөнүндө маалыматтар.



  1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар карызкор издөөдө жүргөн учурда өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жарыяланат жана карыз төлөнүп бүткөнгө же аткаруу өндүрүшү токтотулганга чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат; бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.


Карыз толук тындырылгандан же аткаруу өндүрүшү токтотулгандан кийин сот аткаруучу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызкорду маалыматтар базасынан алып салуу жөнүндө кабарландыруу жиберет. Карызкор жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде маалыматтар базасынан чыгарылат.


(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


94-берене. Кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби



  1. Кылмыш үчүн дайындалган айып ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча аткарылат.

  2. Айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагы айып түрүндө жаза дайындоо жөнүндө өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот тарабынан сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.

  3. Өзүнүн өндүрүшүнө айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагын кабыл алып, сот аткаруучу карызкорго (соттолгон адамга) айыпты төлөбөй коюунун кесепеттерин бир эле учурда түшүндүрүү менен, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин айыпты төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо тапшырат.

  4. Кабарлоо ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча карызкорго тапшырылат же жөнөтүлүшү мүмкүн.

  5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Сунуш менен бирге сотко аткаруу барагы кайтарылат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби



  1. Мүлктү конфискациялоо аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү карызкордон же башка жактардан мажбурлоо менен акысыз алып коюуну жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.


Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи менен бирге сот аткаруучулар бөлүмүнө өкүмдүн көчүрмөсү жөнөтүлөт.


Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып өкүмдө көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет.


Эгерде сот аткаруучуга конфискациялануучу мүлк көрсөтүлбөгөн мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу баракчасы келип түшсө, анда сот аткаруучу мындай аткаруу баракчасын кабыл алуудан баш тартат жана аны өкүм чыгарган сотко кайтарат.



  1. Конфискацияланган мүлктү алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү, конфискацияланган мүлк турган жерде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камакка алууну алып салгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камакка алуу алынбастан жүргүзүлөт.


Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи бешинчи кезектеги талап болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген биринчи-төртүнчү кезектеги өндүрүп алуучулардын талаптары канааттандырылгандан кийин аткарылууга тийиш.



  1. Конфискацияланган мүлктү алуудан, аткаруу документин кайра чакыртып алуудан жана карызкор менен жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан укуктарды кошпогондо, конфискацияланган мүлк өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүп алуучунун укугуна ээ.

  2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөкодексинеылайык жоопкерчиликке алып келет.

  3. Мүлктү конфискациялоо (карызкордун банктардагы эсептерде жана салымдарда турган акча каражаттарын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган карызкордун баалуу кагаздарын жана акча каражаттарын кошпогондо) сот аткаруучу тарабынан калыс-күбөлөрдүн катышуусунда жана мүлктү тизмектөө актысын түзүү жана алып коюу менен жүргүзүлөт.

  4. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик мекемеге жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.

  5. Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырмасы менен бул баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга конфискациялоо жөнүндө токтомду жиберет.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы №126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


96-берене. Белгилүү бир иш-аракетти жасоого же белгилүү бир иш аракеттерди жасоодон карманууга карызкорго карата талаптарды аткаруунун жалпы шарттары



  1. Сот тарабынан берилген аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттө карызкор аткарбаган учурларда сот аткаруучу бир сутканын ичинде аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорго он жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилейт.


Аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилөө менен бир эле убакта сот аткаруучу карызкорго аткаруу документинде камтылган талаптарды аткарбаган учурда ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген өлчөмдө ага карата акчаны мажбурлап өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн экени жөнүндө милдеттүү тартипте эскертет.



  1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды карызкор кайрадан белгиленген мөөнөттө жүйөөлүү себептерсиз аткарбаганда, сот аткаруучу карызкордон акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилейт.

  2. Эгерде акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарылгандан жана аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин карызкор мындай талаптарды аткарбоону улантса, анда сот аткаруучу акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө кайрадан токтом чыгарууга жана аткаруу үчүн он күндүк жаңы мөөнөттү белгилөөгө укуктуу.

  3. Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу учурунда биринчи жолу анын суммасы жеке жактар үчүн эмгек акынын 3 минималдуу өлчөмүнөн аз болууга жана 5 минималдуу өлчөмүнөн көп болууга жана юридикалык жактар үчүн эмгек акынын 10 минималдуу өлчөмүнөн аз болууга жана 20 минималдуу өлчөмүнөн көп болууга тийиш эмес. Кайталап акчалай мажбурлап өндүрүп алууда анын суммасы жеке жактар үчүн эмгек акынын 10 минималдуу өлчөмүн жана юридикалык жактар үчүн эмгек акынын 50 минималдуу өлчөмүн түзөт.

  4. Сот аткаруучу акчаны карызкорлордон — жеке жана юридикалык жактардан өндүрүп ала алат. Акчалай мажбурлоо карызкорлордон — мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өндүрүп алынбайт. Акчалай мажбурлоо мамлекеттик бюджетке өндүрүп алынат.

  5. Акчалай мажбурлоо аткаруу документинде камтылган талаптар аткарылганга чейин же акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомго сот тартибинде даттанылганга чейин сот аткаруучу тарабынан колдонулушу мүмкүн.


Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө толугу менен же жарым-жартылай аткарылбаган токтомдор аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актынын негизинде жокко чыгарылган учурда жокко чыгарылат.



  1. Карызкорго карата акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомдун чыгарылышы карызкорду аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруудан бошотпойт.

  2. Эгерде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн карызкордун катышуусу милдеттүү болбосо, анда сот аткаруучу өзүнө ушул Мыйзамда берилген укуктарга ылайык аткарууну уюштурат.


97-берене. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү



  1. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлк өндүрүп алуучуга ыйгарылган учурда, сот аткаруучу бул мүлктү карызкордон алып коет жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өндүрүп алуучуга өткөрүп берет.

  2. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн документсиз баалуу кагаздарды өндүрүп алуучуга ыйгарылган учурда, сот аткаруучу баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга тиешелүү баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана өндүрүп алуучунун эсебине чегерүү тууралуу токтом чыгарат.

  3. Эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү алуудан баш тартса, анда сот аткаруучу бул тууралуу акт түзөт, көрсөтүлгөн мүлктү карызкорго кайтарат жана ушул Мыйзамдын111-беренесинин6-пунктуна ылайык аткаруу өндүрүшүн токтотот.


98-берене. Жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу жана аны аткарбай коюунун кесепеттери



  1. Эгерде өндүрүп алуучу мурдагы эмгек милдеттерин аткарууга киргизилсе жана өндүрүп алуучуну бошотуу жөнүндө же которуу жөнүндө буйрук (тескеме) жокко чыгарылса, мыйзамсыз бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптар иш жүзүндө аткарылды деп эсептелет.

  2. Карызкор бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптарды аткарбаган учурда, сот аткаруучу ушул Мыйзамдын96-беренесиндебелгиленген тартипте акчалай мажбурлоону колдонууга укуктуу. Акчалай мажбурлоо менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүнүн жетекчисинен өндүрүп алынат.

  3. Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун бир нече жолку токтомдоруна карабастан бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптар карызкор тарабынан аткарылбаган учурда, карызкор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

  4. Карызкорго карата акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомду чыгаруу жана жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптарды аткарбаганы үчүн карызкорду жоопкерчиликке тартуу карызкорду ушундай талапты аткаруудан бошотпойт.


99-берене. Жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу



  1. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак жайды бошотпосо, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду мажбурлап чыгарууну жүргүзөт.


Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.



  1. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн турак жайды чыгарылуучудан, анын мүлкүнөн, малынан бошотууну жана чыгарылуучуга бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салууну өзүнө камтыйт.

  2. Жашаган жайынан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында жашаган жайынан чыгарып салуу жана мүлкүн тизмектөө актысын түзүү аркылуу жүргүзүлөт.

  3. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жашаган жайынын чыгарылып салынган карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.


Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.



  1. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.


Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.


100-берене. Карызкорду турак эмес жайдан чыгаруу же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотуу жөнүндө аткаруу документин аткаруу



  1. Карызкорду турак эмес жайдан чыгаруу же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотуу жөнүндө сот аткаруучу тарабынан белгиленген аткаруу документи мөөнөтүндө аткарылбаган учурда, жашаган жайынан чыгарып салуу жана бошотуу сот аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүзөгө ашырылат.

  2. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак эмес жайды же жер участогун кыймылдуу мүлктөн же курулуштардан (курулмалардан) бошотпогон учурда, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду чыгарууну же жер участогун бошотууну мажбурлап жүргүзөт.


Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.



  1. Турак эмес жайдан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайды чыгарылуучудан (чыгарылуучулардан), анын (алардын) мүлкүнөн, малынан бошотуудан жана чыгарылуучуга (чыгарылуучуларга) бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салуудан турат.


Жер участогун бошотуу карызкордун кыймылдуу мүлктөрүнөн жер участогунун аймагын бошотуудан (ташып чыгаруудан), ал эми зарыл учурда — курулуштарды (курулмаларды) буздуруудан турат.



  1. Турак эмес жайдан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу жана ички иштер органдарынын көмөгү менен сот аткаруучу жүргүзүүчү мүлкүн милдеттүү тизмектөө менен жүргүзүлөт.

  2. Жер участогун бошотуу сот аткаруучу тарабынан, зарыл учурда — курулуш же транспорттук уюмдардын жана/же ички иштер органдарынын көмөгү астында тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жүргүзүлөт.

  3. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды ага жүктөө карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.


Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.



  1. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.


Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.



  1. Карызкорду чыгарып салуу жана жер участогун бошотуу чыгарып салуу же жер участогун бошотуу жөнүндө акт менен сот аткаруучу тарабынан жол-жоболоштурулат.


101-берене. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу



  1. Карызкор өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жайгашууга тоскоолдук кылууну уланткан учурда, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорго өндүрүп алуучуну жайгаштыруу кошумча кабарлоо бербестен мажбурлоо менен жүргүзүлөрүн эскертет.

  2. Жайгаштыруу сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучунун аткаруучу документте көрсөтүлгөн жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууну камтыйт.

  3. Жайгаштыруу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында акт түзүү менен жүргүзүлөт.


14-глава. Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун өзгөчөлүктөрү


102-берене. Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча аткаруу өндүрүшү


Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча аткаруу өндүрүшүн сот аткаруучулар ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрү менен аткаруу өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүргүзөт.


103-берене. Баланы алып коюу жөнүндө соттордун чечимдерин аткаруу



  1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамда каралган тартипте карызкорго баланы алып коюу жана аны өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруу жөнүндө сунушту тапшырат.

  2. Карызкор баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу тартипте аткарбаган учурда, сот аткаруучу бала өндүрүп алуучуга качан жана кайда өткөрүп бериле турган жерди жана убакытты аныктайт, бул жөнүндө өндүрүп алуучуга, бала турган жер боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө билдирилет, анын катышуусу соттун чечимин мажбурлап аткартууда милдеттүү болуп саналат. Сот аткаруучу бала турган жер боюнча ички иштер органынын өкүлүн чакырууга укуктуу, бул учурда анын катышуусу милдеттүү. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган соттун чечимин аткарууда өз каалоосу боюнча психологду чакырууга укуктуу.

  3. Эгерде өндүрүп алуучу сот аткаруучу дайындаган убакытта жана жерге келбеген учурда, мажбурлап аткартуу кийинкиге калтырылат. Эгерде өндүрүп алуучу дайындалган убакытта жана жерге кайрадан келбеген, ошондой эле өзүнүн келбей калышынын себептери жөнүндө билдирбеген же болбосо берилген себептер сот аткаруучу тарабынан жүйөсүз деп таанылган учурда, аткаруу документи аткарылбастан токтом чыгаруу менен өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

  4. Мажбурлап аткартуу процессине сот аткаруучу, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү чакырган учурда психолог катышат.


Сот аткаруучу көрсөткөн жерге жана убакытта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, эгерде психолог чакырылса, аны менен өз ара аракетте карызкор же бала өзүндө турган башка жактар менен аларды баланы өндүрүп алуучуга берүүгө ынандыруу максатында, ошондой эле өндүрүп алуучуга берүү үчүн баланы даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мында ички иштер органдарынын өкүлдөрү коомдук тартипти камсыз кылат, ошондой эле карызкор же башка жактар тарабынан сот аткаруучунун талаптарына баш ийбөөгө багытталган кандай болбосун каршылыктары болтурулбайт.



  1. Эгерде мажбурлап аткартуу жеринде бөтөн адамдар катышса, алар кетирилүүгө тийиш. Ушундай адамдарды кетирүү ички иштер органынын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Мажбурлап аткартуу балдар бакчасында же мектепте жүргүзүлүүгө тийиш эмес.


Сот аткаруучу алып коюунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөйт, ал эми балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү аны иш жүзүндө жүзөгө ашырат.


Мажбурлап аткартуу жеринде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болгон учурда аларга балдарга кандайдыр-бир зыян келтирбөө максатында аларды фотосүрөткө же видеого тартууга тыюу салынат. Ушул эле максаттарда мажбурлап аткартуу жеринде сот аткаруучу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү жарандык кийимчен катышуулары тийиш.


Баланы алып коюу жана аны өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө сот аткаруучу акт түзөт.



  1. Мажбурлап аткартуу ушул Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле төмөнкү учурларда кийинкиге калтырылат:


1) бала ооруп калганда же бала эс-учун жоготкон абалда болгондо;


2) он жашка толгон бала макул болбогондо.



  1. Эгерде карызкор өндүрүп алуучунун макулдугусуз баланы өлкөдөн алып чыгууга ниеттенип жатат деп болжолдоого негиздүү шектенүү болсо, сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылганга чейин же ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттүн чектеринде карызкордун чыгышын чектөө жөнүндө токтом чыгарат.


104-берене. Эгерде баланы алып коюу жана өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучунун иш-аракеттери



  1. Баланын турган жерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучу аны издөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу үчүн баланын белгилүү болгон акыркы турган жери боюнча ички иштер органдарына жиберет.

  2. Карызкор баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу тартипте аткарбаган, карызкор баланы жашырып коюу жолу менен, ошондой эле соттун чечимин аткарууга башка жолдор менен тоскоолдук кылуу менен мажбурлап аткартуу жол-жобосунан качкан учурда, сот аткаруучу карызкорду соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.


105-статья. Бала менен баарлашуу укугуна тиешелүү иштер боюнча чечимдерди аткаруу



  1. Сот аткаруучу карызкорго баланын өндүрүп алуучу менен баарлашуусун камсыз кылууга анын милдети жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу тууралуу сунушту тапшырат.


Эгерде сот дайындаган убакытта жана жерде карызкор чечимде белгиленген баарлашууга укукту ишке ашыруу тартибине ылайык өндүрүп алуучуга бала менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса, сот аткаруучу чечим аткарылып жатканы жөнүндө акт түзөт.



  1. Эгерде соттун чечиминде көрсөтүлгөн убакытта жана жерде бала болбосо, ошондой эле карызкор анын болбогонунун себептерин билдирилбесе же болбосо себеп сот аткаруучу тарабынан жүйөсүз деп таанылса жана карызкор токтомду аткаруудан баш тартса, сот аткаруучу соттун чечими аткарылбаганы жөнүндө акт түзөт.


Бул учурда сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 96-беренесинде каралган тартипте мажбурлоо чараларын көрүүгө укуктуу.



  1. Мажбурлап аткартуу ушул Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле төмөнкү учурларда кийинкиге калтырылат:


1) бала ооруп калганда же бала эс-учун жоготкон абалда болгондо;


2) он жашка толгон бала макул болбогондо.


15-глава. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү


106-берене. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү



  1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу процессинде карызкордон сот аткаруучу тарабынан мажбурлоо тартибинде, анын ичинде карызкордун мүлкүн сатуу жолу менен өндүрүп алынган акчалай сумма төмөнкүдөй кезектүүлүктө бөлүштүрүлөт:


1) өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) талаптары жана анын аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалары канааттандырылат жана аткаруучу жыйым өндүрүп алынган суммага пропорционалдуу төлөнөт;


2) аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча башка чыгашалардын орду толтурулат;


3) аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу процессинде карызкорго сот аткаруучу тарабынан салынган айыптар төлөнөт.



  1. Карызкордон өндүрүп алынган жана өндүрүп алуучуларга берилүүгө жаткан суммалар сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен депозиттик эсепке которулат, андан кийин өндүрүп алуучуларга берилет же өндүрүп алуучу көрсөткөн эсепке белгиленген тартипте которулат же болбосо карызкордон өндүрүп алынган (алынган) сумманы сот аткаруучу алган күнү өндүрүп алуучу болгон учурда депозиттик эсепке которбостон түздөн-түз өндүрүп алуучуга берилет.

  2. Мамлекеттин кирешесине чегерилүүгө жаткан суммалар сот аткаруучу тарабынан түздөн-түз тиешелүү банк мекемесине салынат.

  3. Өндүрүп алынган акча каражаттарын (эсебин) бөлүштүрүү жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

  4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык талаптар канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат. Акча каражатынын калдыктарынын болушу жана аларды алуу мүмкүндүгү жөнүндө сот аткаруучу карызкорго үч күндүн ичинде кабарлайт.

  5. Өндүрүп алуучу же карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.


107-берене. Өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү



  1. Карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы аткаруучу документтерде камтылган эки же бир нече өндүрүп алуучунун талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, көрсөтүлгөн сумма тиешелүү акча суммасын бөлүштүрүү күнүнө аткаруу документтерин көрсөткөн өндүрүп алуучулардын ортосунда төмөнкүдөй кезектүүлүктө бөлүштүрүлөт:


1) биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу, ден соолукка келтирилген зыяндын, баккан адамы каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар канааттандырылат;


2) экинчи кезекте эмгек келишими боюнча иштеп жаткан (иштеген) адамдардын чыгуу жөлөкпулдарын төлөө, ошондой эле автордук укукту жана чектеш укуктарды колдонгону үчүн автордук сыйакыны төлөө боюнча талаптар канааттандырылат;


3) үчүнчү кезекте камсыз кылуу суммасынын чектеринде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредиторлордун талаптары канааттандырылат;


4) төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат;


5) бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.



  1. Карызкордон өндүрүп алынган ар бир акча суммасын бөлүштүрүүдө ар бир кийинки кезектин талаптары мурдагы кезектин талаптары толук көлөмдө канааттандырылгандан кийин канааттандырылат.

  2. Эгерде карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы бир кезектин талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда алар ар бир өндүрүп алуучуга аткаруу документинде көрсөтүлгөн кошулуучу суммага пропорционалдуу канааттандырылат.


16-глава. Аткаруу өндүрүшү боюнча башка аткаруу иш-аракеттери


108-берене. Аткаруу иш-аракеттерин же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну кийинкиге калтыруу



  1. Сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы боюнча он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө аткаруу иш-аракеттерин же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну кийинкиге калтырууга укуктуу.

  2. Аткаруу иш-аракеттерин же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну кийинкиге калтыруу жөнүндө сот аткаруучу жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

  3. Аткаруу иш-аракеттерин же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну кийинкиге калтыруу жөнүндө токтомдо аткаруу иш-аракеттери же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу кайсы датага чейин кийинкиге калтырылып жатканы көрсөтүлөт.


109-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу



  1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү учурларда токтото турууга жатат:


1) эгерде аткаруу документи менен белгиленген талаптар же милдеттер каза болгондун укук улантуучусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болсо, карызкор каза болгондо, ал каза болду деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда;


2) карызкорду — юридикалык жакты кайрадан уюштурганда;


3) мыйзамда белгиленген тартипте карызкордун — юридикалык жактын кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө өндүрүштү козгоо тууралуу чечим кабыл алынганда;


4) карызкор — жеке жак аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылганда;


5) карызкор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышып жаткан бөлүгүндө болгондо;


6) эгерде мындай талашууга мыйзамда жол берилсе, карызкордун соттук тартипте аткаруу документине даттануусу жөнүндө арызы сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алуусу;


7) административдик жаза салуу жөнүндө токтомуна даттануу сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынганда;


8) сот актысынын, анын негизинде аткаруу документи берилген башка органдын же кызмат адамынын актысынын аткарылышын токтото туруу жөнүндө акты чыгарылганда;


9) аткаруу документи боюнча жаза салынган мүлктү тизмектен чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө доону сот өндүрүшкө кабыл алганда;


10) баланы издөөдө.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган учурда, мүлктүн тизмеден чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө доо коюлган бөлүгүн гана аткаруу иш-аракети токтотула турат.

  2. Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда да токтотула турушу мүмкүн:


1) аткаруу маселеси боюнча түшүндүрмө үчүн сот аткаруучу тиешелүү сотко, башка органга же кызмат адамына кайрылганда;


2) карызкор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн анык аскердик кызматына чакырылганда;


3) карызкор стационардык дарыланууда болгондо;


4) сот аткаруучунун токтомун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу же иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө даттанууну сот өндүрүшкө кабыл алганда;


5) карызкор — жеке жак изделгенде;


6) өндүрүп алуучунун өтүнүчү болгондо;


7) сотко аткаруу документтеринин аткарылышын кийинкиге калтыруу же узартуу, аткаруу ыкмасын жана аларды аткаруу тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз берилгенде.


3) сот аткаруучу тарабынан мүлктү баалоо дайындалганда.



  1. Башкы сот аткаруучу, областтардын башкы сот аткаруучулары өздөрүнө баш ийген сот аткаруучулардын токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттануу берилген учурда, мындай даттанууга ушул Мыйзамда жол берилген учурда аткаруу өндүрүшүн токтото турууга укуктуу.

  2. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу сот аткаруучу тарабынан жеке демилгеси боюнча же ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер болгондо аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын арызы боюнча жүргүзүлөт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


110-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруунун, аткаруу өндүрүшүн кайра жаңылоонун мөөнөттөрү



  1. Аткаруу өндүрүшү аткаруу өндүрүшүн токтото туруу үчүн негиз болуп кызмат кылган жагдайларды четтетүүгө чейин сот аткаруучу тарабынан төмөнкүдөй токтотула турат:


1) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган учурларда, — карызкордун укук улантуучусу аныкталганга, аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелүү жөндөмдүү карызкорго камкорчу же көзөмөлчү дайындалганга, юридикалык жакты — карызкорду кайрадан уюштурганга, юридикалык жакты — карызкорду жоюу жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алынганга, юридикалык жакты — карызкорду банкрот деп жарыялаганга чейин;


2) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5, 10-пункттарында жана 109-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2, 3, 5, 6-пункттарында каралган учурларда, — карызкор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамында болуусун токтотконго, баланы издөө аяктаганга, карызкор стационардык дарылоодон чыгарылганга, карызкорду — жеке жакты издөө аяктаганга, аткаруу өндүрүшүн кайра жаңылоо жөнүндө өндүрүп алуучудан арыз түшкөнгө чейин;


3) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6, 7, 9-пункттарында жана 109-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда, — сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;


4) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган учурларда, — өндүрүш сотто, башка органда аяктаганга чейин же жогору турган кызмат адамы тарабынан каралганга чейин;


5) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда, — тиешелүү түшүндүрмө келип түшкөнгө чейин;


6) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, — даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим кабыл алынганга чейин;


7) ушул Мыйзамдын 109-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган учурларда, — арызды кароонун натыйжалары боюнча чечим кабыл алынганга чейин.



  1. Сот аткаруучу токтото туруу үчүн негиз болуп кызмат кылган жагдайларды четтеткенден кийин өндүрүп алуучунун арызы боюнча же жеке демилгеси боюнча өзүнүн токтому менен аткаруу өндүрүшүн кайрадан жаңылайт.

  2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, аткаруу өндүрүшү кайрадан жаңыланганга чейин токтотула турган аткаруу өндүрүшү боюнча мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга жол берилбейт.


111-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтотуу


Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучу тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:


1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;


2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу макулдугу сот тарабынан бекитилгенде;


3) эгерде акт менен белгиленген талаптар же милдеттер каза болгондун укук улантуучусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо, өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран каза болгондо, ал каза болду деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда;


4) анын негизинде аткаруу документи берилген сот актысы жокко чыгарылганда;


5) өндүрүшкө кабыл алынган аткаруу документи жокко чыгарылганда же жараксыз деп таанылганда;


6) аларды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алынган предметтерди алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;


7) мыйзамда белгиленген тартипте карызкор — юридикалык жак жоюлганда;


8) карызкорду — юридикалык жакты кудуретсиз (банкрот) деп жарыялаганда.


112-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун кесепеттери



  1. Аткаруу өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу өзү дайындаган бардык мажбурлап аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.

  2. Ушул Мыйзамдын111-беренесинин4, 5, 7-пункттарында белгиленген негиздер боюнча аткаруу өндүрүшүн токтотууну кошпогондо, негизги аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтомду чыгаруу менен бир эле убакта сот аткаруучу аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымдарын жана айыптарды, аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө толугу менен же жарым-жартылай аткарылбай калган токтомду сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алат.

  3. Эгерде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган аткаруу документтери өндүрүшкө кабыл алынса, анда негизги аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкор үчүн белгиленген чектөөлөр кайрадан кабыл алынган аткаруу өндүрүшүн аткаруу үчүн зарыл өлчөмдөрдө сот аткаруучу тарабынан сакталат.

  4. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө, мажбурлап аткартуу чараларын жокко чыгаруу жөнүндө токтомунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өндүрүп алуучуга, карызкорго, сотко, аткаруу документин берген башка органга же кызмат адамына, ошондой эле карызкор үчүн чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө токтомду аткаруучу органдарга (адамдарга) жиберилет.

  5. Ал боюнча аткаруу өндүрүшү токтотулган аткаруу документи тиешелүү белги коюу менен сотко, документти берген башка органга же кызмат адамына кайтарып берилет жана аткарууга кайталанып берилиши мүмкүн эмес.

  6. Токтотулган аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


113-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жөнүндө маселелерди сот аткаруучунун кароосу



  1. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же токтотуу жөнүндө маселелер аткаруу жери боюнча сот аткаруучулары тарабынан каралат.

  2. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же токтотуу жөнүндө маселелерди кароонун натыйжалары боюнча сот аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же токтотуу жөнүндө же болбосо аткаруу өндүрүшүн токтото туруудан же токтотуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылат, ал өндүрүп алуучуга, карызкорго жиберилет.

  3. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же кыскартуу жөнүндө же болбосо өндүрүштү токтотуп туруудан же кыскартуудан баш тартуу тууралуу токтому сотто талашылышы мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


114-берене. Аткаруу документин кайтарып берүү



  1. Өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн же толук көлөмдө жүргүзүлбөгөн аткаруу документи өндүрүп алуучуга төмөнкүдөй кайтарылып берилет:


1) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;


2) эгерде ушул аткаруу документи үчүн аткаруу мөөнөтү бүтсө;


3) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)


4) эгерде сот аткаруучу тарабынан аларды издеп табуу боюнча мыйзамда жол берилген бардык чаралар кабыл алынган шартта, карызкордун өндүрүп алуу салынышы мүмкүн болгон мүлкү, акчалай суммасы, баалуу кагаздары же кирешелери болбосо;


5) эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документин аткарууда карызкордун сатылбай калган мүлкүн өзүнө калтыруудан баш тартса;


6) эгерде өндүрүп алуучу аракеттери (аракетсиздиги) менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса;


7) эгерде өндүрүп алуучу көрсөткөн дарек боюнча карызкор жашабаса же иштебесе, карызкор — юридикалык жак — ал жерде турбаса же болбосо карызкорду издөө учурларын кошпогондо, анын өндүрүп алууга жаткан мүлкү болбосо;


8) эгерде өндүрүп алуучу ага берилип жаткан карызкордун мүлкүнүн наркы менен карыздын ортосундагы айырманы төлөбөсө.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7-пункттарында каралган учурларда сот аткаруучу жагдайлардын болушу жөнүндө акт түзөт, ага ылайык аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарылып берилет.

  2. Сот аткаруучу өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтом чыгарат.

  3. Өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү ушул Мыйзамдын37-беренесиндебелгиленген мөөнөттүн чектеринде аткаруу документин аткарууга кайтарып берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

  4. Сот аткаруучунун өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтомуна ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттануу берилиши мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


115-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн аякташы



  1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү учурларда аяктады деп эсептелет:


1) аткаруу документинде камтылган талаптар иш жүзүндө аткарылганда;


2) аткаруу документтеринде камтылган, жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилген, биргелешип өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды бир же бир нече карызкорлордун эсебинен иш жүзүндө аткарганда;


3) ушул Мыйзамдын 114-беренесинде каралган негиздер боюнча аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылганда;


4) аткаруу документин берген соттун, башка органдын же кызмат адамынын талабы боюнча аткаруу документи кайра кайтарылганда;


5) аткаруу документин сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнүн биринен башкасына жибергенде;


6) аткаруу документи карызкордун — юридикалык жактын жоюу комиссиясына (жоюучуга) жиберилгенде;


7) аткаруу документи менен белгиленген мезгилдүү төлөмдөрдү кармоо үчүн уюмга аткаруу документи жиберилгенде;


8) актынын иш жүзүндө аткарылышына карабастан укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча чыгарылган аткаруу актысынын эскирүү мөөнөтү бүткөндө;


9) аткаруу өндүрүшү токтотулганда;


10) ушул Мыйзамда белгиленгендер.



  1. Аткаруу документи ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4 жана 8-пункттарында каралган учурларда аткаруу документин берген органга кайра кайтарылат.

  2. Ушул Мыйзамда белгиленген негиздер боюнча уюмга же сот аткаруучулардын аймактык башка бөлүмүнө кармоо үчүн өткөрүп берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү аяктаганда, карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү алып таштоо жүргүзүлбөйт. Издөөнү токтотуу боюнча, ошондой эле чектөөлөрдү өзгөртүү жана алып таштоо боюнча ыйгарым укуктар аткаруу өндүрүшү өткөрүп берилген сот аткаруучуга өтөт.

  3. Эгерде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин сот аткаруучу ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган аткаруу документин өндүрүшкө кабыл алса, анда негизги аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкор үчүн белгиленген чектөөлөр сот аткаруучу тарабынан өндүрүшкө кайрадан кабыл алынган аткаруу документтерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө сакталат.

  4. Ушул Мыйзамдын111-беренесинин3, 7, 8-пункттарында, 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 7-пункттарында жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, негизги аткаруу өндүрүшүнүн аякташы менен токтом чыгаруу менен бир эле убакта сот аткаруучу аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгашаларды, аткаруу жыйымдарын жана айыптарын карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө толук же жарым-жартылай аткарылбаган токтомдор боюнча аткаруу документтерин өндүрүшкө кабыл алат.

  5. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аяктаган аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси менен сот актысы, башка органдын же кызмат адамынын актысы боюнча акча каражаттарын кармоонун жана которуунун тууралыгын текшерет. Мындай текшерүүнү жүргүзүүдө юридикалык жак же карызкорго эмгек акы, пенсия, стипендия жана башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берген башка адам сот аткаруучусуна тиешелүү бухгалтердик жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


116-берене. Аткаруунун бурулушу



  1. Карызкорго милдеттенмелерди жүктөөгө байланыштуу же ага кандайдыр-бир милдеттенмелерди жүктөөгө байланышпаган аткарылган сот актысын же башка органдын актысын ага жүктөлгөн милдеттенмелерден толук же жарым-жартылай бошотуу менен жокко чыгарган, же болбосо иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу же доону кароосуз калтыруу жөнүндө жаңы сот актысы же башка органдын актысы кабыл алынган учурда, карызкорго жокко чыгарылган сот актысы же башка органдын актысы боюнча андан өндүрүп алуучунун пайдасына өндүрүп алынгандын же ашыкча өндүрүп алынгандын бардыгы, ошондой эле кайтарылганга өлчөмдөш аткаруу жыйымы кайтарып берилүүгө тийиш.

  2. Аткаруу бурулганда жаңы сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде берилген аткаруу документин аткаруу тиешелүү жокко чыгаруу актысы боюнча аткарылганын эске алуу менен ушул Мыйзамга жалпы негиздерге ылайык жүргүзүлөт.


117-берене. Аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу боюнча алдын алуу чаралары (кайтаруу карточкасы)



  1. Карызкордо аткаруу документи боюнча карызды тындыруу үчүн жетиштүү кыймылдуу же кыймылсыз мүлкү болбогон жана карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруудан качкан учурда сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорго карата аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарат.

  2. Карызкорго карата алдын алуу чараларын колдонуу сот аткаруучу тарабынан кабыл алынган токтомду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге же уюмдарга жиберүүдө турат, алар карызкор кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо, банктык операцияларды жасоо, карызкордун фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү боюнча кандайдыр бир операцияларды жасоо жөнүндө, лотереялардан уткан утуштарын, белек, материалдык жардам же мурас катары берилген акча каражаттарды жана/же башка мүлктү берүү жөнүндө алардын дарегине кайрылган учурда тиешелүү арыз (кайрылуу) же маалымат түшкөн учурдан тартып 48 сааттын ичинде сот аткаруучуга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.

  3. Токтомдо ал чыгарылган күн, айы, жылы жана орду, токтомду чыгарган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, өндүрүп алуучунун жана карызкордун жеке маалыматтары, токтомду чыгаруунун негиздери, көрүлүүчү чаралар жана токтомдун колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

  4. Аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган карызкорго карата алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө токтом аны аткаруу документтери өндүрүшүндө турган сот аткаруучу жокко чыгарганга чейин колдонулат.

  5. Аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган карызкорго карата алдын алуу чараларын көрүү менен бир эле убакта сот аткаруучу ошол эле токтомдо ал токтомду аткаруунун жүрүшүндө табылышы мүмкүн болгон мүлккө камоо салат.


17-глава. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар


118-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар



  1. Өндүрүп алуучунун жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана жасоого сарпталган акча каражаттары аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар болуп саналат.

  2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга төмөнкүлөргө сарпталган акча каражаттары кирет:


1) карызкордун мүлкүн ташууга, сактоого жана сатууга;


2) аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, адистердин жана башка адамдардын иши үчүн сыйакы, ошондой эле алар жана калыс-күбөлөр тарткан чыгашалардын компенсациясы;


3) өндүрүп алуучуга акча каражатты которуу (жөнөтүү);


4) карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө;


5) карызкордун укуктарын мамлекеттик каттоону жүргүзүү;


6) өндүрүп алуучунун аванстык төгүмүнө;


7) аткаруу документин аткаруу процессиндеги башка зарыл иш-аракеттерди жасоого.


119-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалардын ордун толтуруу



  1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалардын орду өндүрүп алуучуга жана ушул чыгашаларды тарткан адамдарга карызкордун эсебинен толтурулат.

  2. Аткаруу өндүрүшү ушул Мыйзамдын111-беренесинин4 жана 5-пункттарында белгиленген негиздер боюнча токтотулган учурда аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар республикалык бюджеттин эсебине кирет.

  3. Аткаруу документин аткарууда карызкордон алынган тиешелүү мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жана аткаруу документин өндүрүп алуучуга кайтарып берүү учурунда өндүрүп алуучу белгилүү бир мүлктү алуудан негизсиз баш тартса, эгер ал өзүнүн аракети же аракетсиздиги менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса, аткаруу иш-аракеттерин жасоодо кеткен чыгашалар өндүрүп алуучудан өндүрүп алынат.

  4. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу, ошондой эле аларды чыгаша тарткан органга же адамга ордун толтуруп берүү сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө токтом сотто талашылышы мүмкүн.


120-берене. Өндүрүп алуучунун чыгашаларды аванстоосу



  1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоону камсыз кылуу максатында өндүрүп алуучу сот аткаруучуга тиешелүү чыгашаларды же болбосо алардын бөлүгүн жүргүзүү үчүн жетиштүү өлчөмдө аванстык төгүм жүргүзүүгө укуктуу. Сот аткаруучу аванстык төгүмдү алганы боюнча аванстык төгүмдү төлөнгөнү жөнүндө тиешелүү документ берет.

  2. Аванстык төгүм аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирүүгө жатат жана аткаруу иш-аракеттери бүткөндөн кийин өндүрүп алуучуга толугу менен кайтарып берилет.


V БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫН КОРГОО


18-глава. Сот аткаруучунун чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу


121-берене. Соттук аткаруучунун чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануунун тартиби



  1. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракетине (аракетсиздигине) даттануу жогору турган сот аткаруучуга же сотко берилет. Сотко берилген даттануу сот тарабынан процессуалдык мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык каралат. Эгерде даттануу бир эле учурда жогору турган сот аткаруучуга жана сотко берилген болсо, анда ал даттануу соттук тартипте каралууга тийиш.

  2. Даттанууну берген адам ал боюнча чечим чыгарылганга чейин аны кайра чакыртып ала алат.

  3. Ушул Мыйзамдын109-берененин1-бөлүгүнүн 6 жана 7-пункттарында белгиленген учурларды кошпогондо, сот аткаруучунун чечимине, аракетине даттанууну берүү даттанылып жаткан чечимдин же аракеттин колдонулушун токтото турбайт.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


122-берене. Даттануу мөөнөтү



  1. Сот аткаруучунун токтомуна, аракетине даттануу сот аткаруучу токтомду чыгарган, аракетти жасаган күндөн тартып он күндүн ичинде берилет.


Сот аткаруучунун аракетсиздигине даттануу сот аткаруучу белгилүү бир аракеттерди жасоого тийиш болгон мөөнөт бүткөндөн кийин он күндүн ичинде берилет.



  1. Чыгарылган токтом жөнүндө, иш-аракет жасалуучу убакыт жана жери жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланбаган адам токтомдун чыгарылганы, иш-аракет жасалганы жөнүндө билген же билиш керек болгон күндөн тартып он күндүн ичинде даттанууну берүүгө укуктуу.


123-берене. Даттанууга карата коюлуучу талаптар



  1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет. Даттанууга аны менен кайрылган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш. Өкүл кол койгон даттанууга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же башка документ тиркелүүгө тийиш.

  2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:


1) сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты-жөндөрү, даттанылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик);


2) даттануу берген жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын аталышы, жарандын жашаган же турган жери же болбосо юридикалык жактын жайгашкан жери;


3) даттануунун жүйөлөрү;


4) даттануу берген адамдын талаптары.



  1. Даттануу берген адам даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастоочу документтерди тапшырбаса болот. Эгер мындай документтерди берүү даттанууну кароо үчүн мааниге ээ болсо, анда жогору турган сот откаруучу аларды суратууга укуктуу. Бул учурда даттанууну кароо мөөнөтү суратылган документтерди бергенге чейин, бирок он күндөн ашык эмес узартылат.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


124-берене. Даттанууну кароодон баш тартуу үчүн негиздер



  1. Жогору турган сот аткаруучу токтомго, аракетке (аракетсиздикке) даттанууга маңызы боюнча кароодон баш тартат, эгерде:


1) даттануунун белгиленген мөөнөтү сакталбаса жана даттанууну берген адам жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө бербесе же мындай өтүнмөсү четке кагылса;


2) даттануунун ушул Мыйзамда белгиленген формасы жана мазмуну боюнча талаптар сакталбаса.



  1. Даттанууну маңызы боюнча кароодон баш тартуу жөнүндө чечим даттануу келип түшкөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

  2. Жогору турган сот аткаруучу ошондой эле сот аткаруучунун токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну маңызы боюнча кароодон баш тартат, алар сот тартибинде гана талашылышы мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


125-берене. Даттанууну кароо мөөнөтү


Токтомго, аракетке (аракетсиздикке) даттанууну жогору турган сот аткаруучу тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш.


Сот аткаруучунун токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттануу сот тарабынан процесстик мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө каралат.


126-берене. Даттануу боюнча кабыл алынуучу чечим



  1. Даттануу боюнча чечим жазуу жүзүндө кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:


1) даттануу боюнча чечим кабыл алган жогору турган сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты жана атасынын аты;


2) даттануу берген жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты же юридикалык жактын аталышы, жарандын жашаган же турган жери же болбосо юридикалык жактын жайгашкан жери;


3) даттануунун маңызы боюнча кыскача мазмуну;


4) кабыл алынган чечимдин негиздемеси;


5) даттануу боюнча кабыл алынган чечим;


6) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.


Жогору турган сот аткаруучу чыгарган чечимде аны аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.



  1. Даттануу негизсиз деп таанылган учурда жогору турган сот аткаруучу токтомду, аракетти (аракетсиздикти) укук ченемдүү деп тааныйт жана даттанууну канааттандыруудан баш тартат.

  2. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы№ 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

  3. Жогору турган сот аткаруучу даттанууну негиздүү деп тапкан учурда, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:


1) кабыл алынган токтомду толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгарат;


2) токтомду жокко чыгарат жана жаңы чечим кабыл алат;


3) сот аткаруучунун аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табат жана жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү максатында кабыл алынууга тийиш болгон чараларды аныктайт.


Эгерде сот аткаруучунун токтомуна даттануу бир бөлүгүндө негиздүү деп табылса, жогору турган сот аткаруучу кабыл алынган токтомду жарым-жартылай жокко чыгарат жана сот аткаруучуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул бөлүк боюнча жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет.


Жогору турган сот аткаруучу токтом түрүндө чечим кабыл алат.



  1. Эгер чечимде аткаруунун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, даттануу боюнча жогору турган сот аткаруучу кабыл алган чечим ал токтомго, аракетке (аракетсиздикке) даттанылган сот аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде аткарылууга жатат.

  2. Даттанууну караган жогору турган сот аткаруучу токтому, аракети (аракетсиздиги) укук ченемдүү эмес деп таанылган сот аткаруучуну тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрүүгө укуктуу.

  3. Даттануу боюнча чыгарылган чечимдин көчүрмөсү даттануу менен кайрылган адамга чечим чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жиберилет.

  4. Сот аткаруучунун чыгарган токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттануу боюнча жогору турган сот аткаруучу чыгарган чечимди Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сотто талашылышы мүмкүн.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


19-глава. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын укуктарын соттук коргоо


127-берене. Аткаруу документи өз убагында аткарылбаганда өндүрүп алуучунун укуктарын коргоо


Өндүрүп алуучу карызкорго эмгек акы, пенсия, стипендия же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөөчү жактарга карызкордон кармалган, бирок алардын күнөөсү боюнча өндүрүп алуучуга которулбаган акчанын суммасынан пайыздарды өндүрүп алуу жөнүндө, ошондой эле алар келтирген башка зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө доомат коюуга укуктуу.


128-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоодо башка жактардын укуктарын коргоо



  1. Өндүрүп алууга чегерилип жаткан мүлктүн кимге таандыктыгына байланыштуу талаш-тартыш келип чыккан учурда кызыкдар жактар мүлктү камакка алуудан бошотуу же тизмектен чыгаруу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

  2. Кызыкдар жактар укук ченемсиз аткаруу иш-аракеттеринин жана/же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуунун натыйжасында аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.


20-глава. Аткаруу жыйымы. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик


129-берене. Аткаруу жыйымы жана сот аткаруучуга сыйакы



  1. Аткаруу жыйымы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу документинин талаптарын аткарбаган учурда карызкорго салынуучу акчалай өндүрүп алуу болуп эсептелет.

  2. Аткаруу жыйымы ушул беренеде белгиленген өлчөмдө өндүрүп алуучудан төмөнкүдөй учурларда өндүрүп алынат:


1) аткаруу баракчасын берүүгө негиз болгон соттук акты жокко чыгарылганда;


2) сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;


3) өндүрүп алуучу карызкордун ага өткөрүп берилүүчү мүлкүн алуудан баш тартканда.


Ушул бөлүк менен белгиленген учурларда сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарат.



  1. Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында сот жарашуу макулдашуусун бекиткен учурда аткаруу жыйымы ушул беренеде белгиленген өлчөмдө карызкордон жана өндүрүп алуучудан бирдей үлүштө өндүрүп алынат.

  2. Көрсөтүлгөн документти ыктыярдуу аткаруу үчүн сот аткаруучу белгилеген мөөнөттө мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары аткарылбаган учурда сот аткаруучу токтом чыгарат, ал боюнча карызкордон өндүрүп алууга жаткан сумманын же мүлктүн наркынын 10 пайызы өлчөмүндө, бирок беш эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдөгү аткаруу жыйымы өндүрүп алынат.


Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары аткарылбаган учурда карызкордон — жеке жактан аткаруу жыйымы элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, карызкордон — юридикалык жактан — жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.



  1. Аткаруу өндүрүшү аткарууга алынган төмөнкү учурларда аткаруу жыйымы өндүрүп алынбайт:


1) сот аткаруучунун аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтому чыгарылган жана жокко чыгарылбаган аткаруу документин аткарууга кайталап коюлганда;


2) сот аткаруучунун аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруу жыйымын жана аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган айыптарды өндүрүп алуу жөнүндө токтому боюнча;


3) камсыздоо чаралары боюнча сот актылары боюнча;


4) мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери боюнча;


5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери боюнча.


6) кылмыш иштери боюнча айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документтери боюнча.



  1. Аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтом аткаруу документи сот аткаруучуга биринчи түшкөндө чыгарылат. Сот аткаруучуга аткаруу документин аткаруу жөнүндө кийинки коюлган талаптарда аткаруу жыйымы алынбайт.

  2. Аткаруу жыйымынын суммалары аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке түшөт. Каражаттарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.

  3. Аткаруу документи сот аткаруучудан көз каранды эмес себептер боюнча жарым-жартылай аткарылган учурда аткаруу жыйымы өндүрүлгөн суммага пропорциялуу өндүрүп алынат.

  4. Сот аткаруучунун аткаруу жыйымын алуу жөнүндө токтому жокко чыгарылган учурда аткаруу жыйымы ал өндүрүп алынган адамга толук көлөмдө кайтарып берилет.

  5. Мажбурлап аткартууну камсыз кылган сот аткаруучу төмөнкүдөй сыйакы алат:


1) мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документи боюнча төмөнкүдөй өлчөмдө:


а) 1000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 5 пайыз;


6) 1000001 сомдон 3000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 4 пайыз;


в) 3000001 сомдон 5000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 3 пайыз;


г) 5000001 сомдон 7000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 2 пайыз;


д) 7000001 сомдон жогору суммадан мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 1 пайыз.


2) мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документи боюнча төмөнкүдөй өлчөмдө:


а) карызкордон — жеке жактан — беш эсептик көрсөткүч;


б) карызкордон — юридикалык жактан — жыйырма беш эсептик көрсөткүч.



  1. Көрсөтүлгөн сумма сот аткаруучуга аткаруу жыйымынын каражаттарынан түзүлүүчү аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсептен төлөнөт.

  2. Карызкор аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун талашуу тууралуу, аны өндүрүп алууну кийинкиге калтыруу жөнүндө же мөөнөтүн узартуу жөнүндө, анын өлчөмүн азайтуу же аткаруу жыйымын өндүрүп алуудан бошотуу тууралуу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

  3. Сот аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттө аткарбоодо карызкордун күнөөсүнүн даражасын, карызкордун мүлктүк абалын, башка олуттуу жагдайларды эске алуу менен аткаруу жыйымын өндүрүп алууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле анын өлчөмүн азайтууга, бирок ушул беренеде белгиленген өлчөмдүн төрттөн биринен ашырбастан азайтууга укуктуу.

  4. Сот ушул беренеде көрсөтүлгөн арызды карап чыгууга кабыл алган учурда, аткаруу жыйымын өндүрүп алуу сот чечим чыгарганга чейин токтотула турат.

  5. Сот аткаруу жыйымынын өлчөмүн азайтканда аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтому тиешелүү түрдө өзгөртүлдү деп эсептелет. Бул учурда карызкорго андан ашыкча өндүрүп алынган сумма кайтарып берилет.


(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


130-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик


Карызкор, банк же башка кредиттик уюм, карызкор болуп саналбаган башка жак аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузган учурда сот аткаруучу күнөөлүү жакка Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте жаза-чара колдонот.


 









Кыргыз Республикасынын


           Президенти

 


А.Ш. Атамбаев


 








«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө


жана аткаруу өндүрүшү тууралуу»


Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

1-тиркеме


Карызкордун мүлккө укуктары жөнүндө

МААЛЫМАТТАР


Маалыматтар аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн берилген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу документин аткаруу жери боюнча сот аткаруучулардын кызматынын бөлүмүнө кайра кайтарылууга тийиш.

























ФАЖ:ИНН:
Почта дареги:Тел. номери:
каттоо боюнча жашаган жери:мобилдик:
иш жүзүндө жашаган жери:үйдөгү:
 жумуштагы:

Жашоо шарттары:


— Квартира


— Үй


Бөлмөлөрдүн саны жана чарчы метрлердин саны _______________________________________


Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат









































Кыймылсыз мүлктүн объектиЖайгашкан жериПараметрлери (аянты, кабат, бөлмөлөрдүн саны ж.б.)Менчиктин наркы, формасы
    
    
    
    
    

Турмуш-тиричилик буюмдары













































АталышыКыскача сыпаттамасы, саныМенчиктин наркы, формасы
Телевизор  
Видео/стереоаппаратура  
Турмуш-тиричилик техникасы  
Көркөм өнөр буюмдары  
Эмеректер  
Музыкалык аспаптар  
Антиквариат  

Башка мүлк













































АталышыКыскача сыпаттамасы, саныМенчиктин наркы, формасы
Автомототранспорт  
Суу, аба транспорту  
Курал  
Азем зергер буюмдар  
Жабдуу  
Жаныбарлар  
Башка мүлк  

Банктык эсептер жана накталай акча каражаттары жөнүндө маалымат

























Банктын аталышы жана эсептин номериЭсептеги акча каражаттарынын калдыгы
  
  
  
  

Баалуу кагаздар






























АталышыКыскача сыпаттамасы

(компаниянын аталышы, облигациялардын белгилениши, саны ж.б.)
Наркы
Акциялар  
Облигациялар  
Мамлекет чыгарган баалуу кагаздар  
Пай  

Кошумча маалымат





















Декларант өндүрүп алуучу катары чыгышына негиз болгон төлөмдөрдү алууга укук 
Декларант жалдоо, ижара боюнча төлөмдөрдү алышына укук 
Интеллектуалдык иштин натыйжасына жана инднвидуалдаштыруу каражаттарына укук 
Декларантка карата карыз милдеттенмелери 

Маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги үчүн, мүлк жөнүндө толук эмес жана/же ишенимсиз маалыматтарды көрсөтүү, ага тете ушул маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыратуу жана/же коромжу кылуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү.


 


______________________________


(декларанттын колу)


20__-жылдын «__» ______________


 










  «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

2-тиркеме

Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн

ТИЗМЕГИ

(77-беренеге)


(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


Карызкор жана анын багуусундагы адамдар үчүн зарыл, карызкорго жеке менчик укугунда таандык болгон мүлктүн жана предметтердин төмөнкүдөй түрлөрү аткаруу документтери боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн эмес:


1) карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган, күрөөнүн предмети болуп саналбаган турак жай;


2) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан — жалгыз уй, уй жок болсо — жалгыз кунажын; ую да, кунажыны да жок чарбаларда — жалгыз эчки, кой же чочко, ошондой эле үй канаттуулары;


3) жаңы тоют жыйналганга чейин же мал жайытка чыкканга чейин мал үчүн зарыл болгон тоют;


4) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан — кезектеги себүү үчүн зарыл болгон үрөн;


5) карызкор жана анын багуусундагы адамдар үчүн зарыл болгон үйдү жасалгалоо буюмдары, эмеректер, кийим:


а) кийим — ар бир адамга: бир жайкы жана күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (аялдар үчүн, андан тышкары, эки жайкы жоолук жана бир жылуу жоолук же шалы жоолук), узак мезгил колдонулган жана баалуулугу жок болгон башка кийим жана баш кийимдер;


б) колдонууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөк буюмдары, тамак бышыруу жана ашкана эмеректери (буга баалуу металлдардан жасалган буюмдар, ошондой эле көркөм баалуулугу бар буюмдар кирбейт);


в) эмеректер — ар бир адамга бирден керебет жана стул, үй-бүлөгө бир стол, бир шкаф жана бир сандык;


г) балдардын бардык буюмдары.


6) эгерде карызкордун негизги иши айыл чарбасы болуп саналса, жаңы түшүмгө чейин карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн зарыл сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда — карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө минималдуу эмгек акынын өлчөмүндө тамак-аш азыктары жана акча;


7) тамак жасоо үчүн жана жылытуу сезонунда үй-бүлөнүн турак жайын жылытуу үчүн зарыл отун;


8) соттун өкүмү менен карызкор тиешелүү ишти аткаруу же эмеректерди ал мыйзамсыз иштерди жасоо үчүн пайдалануу укугунан ажыратылган учурларды кошпогондо, карызкор кесиптик ишти улантышы үчүн зарыл шаймандар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).


 












Программалык камсыздоо Европа Бирлигинин жана БУУӨПтун КРда укуктук реформаны колдоо боюнча долбоорунун жардамы менен жасалды


Программное обеспечение создано при содействии проекта ЕС и ПРООН по поддержке правовой реформы КР

Централизованный банк данных правовой информации

Министерство Юстиции Кыргызской Республики


Улуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги

ОТКРЫТЫЕ ДАННЫЕ


АЧЫК МААЛЫМАТТАР