KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы

23 июня 2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2016-жылдын 5-августу № 164


Сот приставдары жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор



1-берене. Сот приставынын укуктук абалы



  1. Сот приставы — мамлекеттик кызматта турган жана ага ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы.

  2. Сот приставы бийликтин өкүлү болуп саналат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турат.

  3. Сот приставы кызматтык милдетин аткарууда форма кийимин киет, анын бирдиктүү үлгүдөгү кызматтык ырастамасы жана жетону, айырмалоочу белгилери жана эмблемасы болот.


Форма кийиминин, кызматтык ырастамасынын, жетондун, айырмалоочу белгилердин жана эмблеманын үлгүлөрү жана сыпатталышы, ошондой эле аларды камсыз кылуу ченемдери жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары — ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бекитилет.



  1. Форма кийимин кийип жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы (мындан ары — Башкы сот приставы) тарабынан бекитилет.

  2. Сот приставы өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык кесиптик жана атайын даярдыктан өтөт, андан кийин ок атуучу табелдик жана электр куралдарын сактоого жана алып жүрүүгө, атайын каражаттарды пайдаланууга укуктуу.

  3. Башкы сот приставы, улук сот приставы, сот приставы атайын даярдыктан өткөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө укуктуу, аларды колдонуу шарттары, тартиби жана чектери ушул Мыйзам жана башка тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.

  4. Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендери ыйгарылат.

  5. Сот приставынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыз кылынат.


2-берене. Сот приставынын милдеттери


Сот приставына төмөнкүлөр боюнча милдеттер жүктөлөт:


1) сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;


2) процесстик иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;


3) аткаруу иш-аракеттерин жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү;


4) соттордун имараттарын жана жайларын, сот приставдары кызматынын имараттарын жана жайларын, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарды жана жайларды кайтарууну камсыз кылуу;


5) «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, судьяларды, сот арачыларын жана процесстин башка катышуучуларын кайтарууну, ошондой эле соттук аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышкан адамдарды ушул иш-аракеттерди жасап жаткан мезгилде кайтарууну камсыз кылуу.


3-берене. Сот приставынын ишинин укуктук негизи



  1. Сот приставы өз ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, ушул Мыйзамды жана башка мыйзамдарды, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары сот приставына карата, анын кесиптик иши ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.


4-берене. Сот приставынын кызмат ордуна дайындалуучу адамга коюлуучу талаптар



  1. Төмөнкү жарандар сот приставы боло алат:


1) башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны;


2) жыйырма бир жашка чыккандар;


3) жогорку билими барлар, ал эми улук жана Башкы сот приставы үчүн — жогорку юридикалык билими барлар;


4) өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары, ошондой эле ден соолугу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, аскердик-врачтык комиссиядан жана атайын текшерүүдөн өткөндөр.



  1. Сот приставынын кызмат ордуна төмөнкү адамдар дайындалбайт:


1) соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, жазык кылмышы үчүн мурда соттолгондор;


2) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн, жабырлануучунун жекече же жекече-ачык айыптоодон баш тартуусуна байланыштуу жана (же) жабырлануучу менен элдешүүгө жетишилгенде, мунапыс жөнүндө актынын натыйжасында жазык куугунтугу жүзөгө ашырылып жатканга же жазык куугунтугу токтотулганга карата;


3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскер түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан же запастагы офицерлердин программасы же болбосо үй-бүлөлүк абалынан улам келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматтын программалары боюнча аскердик даярдыктан өтпөгөндөр (бул талаптар аялдарга жайылтылбайт);


4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтан жана укук коргоо органдарындагы кызмат ордунан терс негиздер боюнча чыгарып салынгандар же бошотулгандар.


Талапкерге, анын туугандарына жана жакын байланыштарына тиешелүү маалыматтарды тактоо максатында улуттук коопсуздук, ички иштер, саламаттык сактоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен атайын текшерүү жүргүзүлөт.



  1. Кызмат ордуна киришүүдө сот приставы төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:


«Мен …, Сот приставдарынын кызматынын катарына киришип жатып, Кыргызстандын элинин ишенимин актоо үчүн салтанаттуу түрдө ант беремин:


Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоого;


жарандардын укуктарын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын ак ниеттүү коргоого;


кызматтык милдеттерди аткаруу менен байланышкан кыйынчылыктарды татыктуу көтөрүүгө;


тартипти, кызматтык өз ара мамилелердин белгиленген тартибин кыйшаюусуз сактоого;


мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;


өзүмдүн кесиптик ар-намысымды урматтоого, сот приставдары кызматынын мыкты каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө.


Ушул антты бузгандыгым үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын.


Кыргыз Республикасына кызмат кыламын, Мыйзамга кызмат кыламын!».



  1. Сот приставынын ант берүүсүнүн тартиби Башкы сот приставы тарабынан белгиленет.


Антты сактоо сот приставынын кызматтык тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.



  1. Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.


5-берене. Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу



  1. Сот приставдары кызматынын бөлүмдөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт. Сот приставдары бийликтин сот бутагынын тутумундагы ыйгарым укуктуу органынын алдында турат.

  2. Сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кызматчыларынын жалпы штаттык санынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу аркылуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекитет.

  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында сот приставдарынын ишин уюштуруу бул соттордун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.

  4. Жергиликтүү соттордо сот приставдарынын ишине уюштуруучулук жана усулдук жактан жетекчилик кылууну ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары жүзөгө ашырат.

  5. Ыйгарым укуктуу орган:


1) сот приставдарынын ишин уюштурат;


2) өзүнүн карамагында турган сот приставдары кызматынын ишин координациялоону жана контролдоону, ошондой эле ушул кызматтын иш чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат;


3) сот приставдарынын кадрларын окутат, алардын кесиптик жана атайын даярдыгын жогорулатат;


4) сот приставдарынын ишинин практикасын жалпылайт, ошонун негизинде усулдук сунуштамаларды иштеп чыгат;


5) сот приставдарынын ишин статистикалык эсепке алууну жүргүзөт;


6) башка мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;


7) сот приставдары кызматтын материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат.



  1. «Сот приставы» же «пристав» деген сөздөрдү жана алардын негизинде түзүлгөн сөз айкалыштарын сот приставдары кызматынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана сот приставдары кызматынын кызмат адамдарынын аталыштарында, ошондой эле сот приставдары кызматынын ишин камсыз кылган уюмдардын, сот приставдарынын кесиптик бирликтеринин, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын аталыштарында гана колдонууга жол берилет.


6-берене. Сот приставынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби



  1. Башкы сот приставы кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашылган ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан дайындалат жана бошотулат.


Областтардын, Бишкек шаарынын улук сот приставдары кызмат ордуна Башкы сот приставынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.



  1. Аймактык бөлүмдөрдөгү (райондордогу, шаарлардагы жана райондор аралык түзүмдөрдөгү) улук сот приставдары, сот приставдарын кызмат ордуна Бишкек шаарынын жана тиешелүү областтардын улук сот приставдарынын сунушу боюнча Башкы сот приставы тарабынан дайындалат жана бошотулат.


2-глава. Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктар



7-берене. Башкы сот приставынын ыйгарым укуктары



  1. Башкы сот приставы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары болуп саналат жана республиканын сот приставдары кызматын башкарат.

  2. Башкы сот приставы:


1) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча сот приставдары кызматынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону жүзөгө ашырат;


2) сот приставдары кызматтарынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди чыгарат;


3) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык органдар, анын ичинде укук коргоо органдары менен, ошондой эле эл аралык уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана ишти ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылат, ушул максатта кеңеш берүүчү жана консультациялык органдарды түзүүгө, статистикалык жана башка зарыл маалыматтарды суратууга укуктуу;


4) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат банкын түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт;


5) ушул Мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда, сот бийлик органдарынын ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


8-берене. Областтын жана Бишкек шаарынын, сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүнүн улук сот приставынын ыйгарым укугу



  1. Областтын жана Бишкек шаарынын улук сот приставы тиешелүү аймактарда сот приставдары кызматынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарат жана жетектейт.

  2. Областтын жана Бишкек шаарынын улук сот приставы өз компетенциясынын чектеринде:


1) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тиешелүү аймакта сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишине тикелей жетекчиликти, контролдоону жүзөгө ашырат жана алардын ишин уюштурат;


2) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн соттордун төрагалары, сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн улук сот приставдары менен өз ара аракеттенет;


3) сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди чыгарат;


4) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставынын, сот приставынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген чечимин же аракетин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу;


5) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, уюмдардын ишин ведомстволор аралык координациялоону камсыздайт, бул максаттарда кеңеш берүүчү жана консультациялык органдарды түзүүгө, статистикалык жана башка зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу;


6) ушул Мыйзамда, аткаруу өндүрүшүн жөнгө салган мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда, сот бийлигинин органдарынын ички иштеринин маселелерин жөнгө салган актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставы сот приставдарынын тиешелүү (райондук, шаардык, райондор аралык) кызматтарын жетектейт.

  2. Сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставы өз компетенциясынын чектеринде:


1) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн ишин уюштурат;


2) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча сот приставдарынын баш ийүүсүндөгү иштерди уюштурат жана контролдойт;


3) соттун имараттарын, жайларын күнү-түнү күзөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ушундай күзөттү уюштурат;


4) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн соттордун төрагалары менен өз ара аракеттенет;


5) республиканын жана тиешелүү аймактардын сот приставдары кызматынын имараттарын, жайларын күзөтүү боюнча иштерди уюштурат;


6) сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;


7) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн кызмат адамынын (сот приставынын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген чечимин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу;


8) сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн убактылуу тескөөсүнө келип түшкөн каражаттардын (сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсептерин) эсепке алуу боюнча анын эсебинде болгон акча каражаттарынын тескөөчүсү болуп саналат;


9) зарыл болгон учурда сот приставынын милдеттерин аткарат;


10) соттук аткаруучуларга көмөк көрсөтөт;


11) ушул Мыйзамда, аткаруу өндүрүшүн жөнгө салган мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


3-глава. Сот приставынын милдеттери жана укуктары



9-берене. Сот приставынын милдеттери жана укуктары



  1. Сот приставы төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) сотто, ал эми айрым процесстик иш-аракеттерди аткарууда соттун имаратынан, жайынан тышкары жерде судьялардын, сот арачыларынын жана сот процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга;


2) судьянын тапшырмасы боюнча жазык, жарандык жана башка иштерди жана материалдарды, ошондой эле буюм далилдерин жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;


3) соттордун имаратында, жайларында, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти сактоого;


4) соттун имаратында, жайларында, ошондой эле көчмө жыйналыш өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ары-бери жүрүүгө көмөк көрсөтүүгө;


5) соттун төрагасынын, сот жыйналышында төрагалык кылган судьянын коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча тескемесин аткарууга;


6) соттун жана сот приставдары кызматынын имаратын, жайларын кайтарууну жүзөгө ашырууга;


7) чечим кабыл алынган учурда кызматтык милдеттерин аткарууда соттук аткаруучулардын жана ыйгарым укуктуу органдын башка кызмат адамдарынын коопсуздугун камсыз кылууга;


8) кызматтык милдеттерин аткарууда кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алууга жана бөгөт коюуга, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда укук бузуучуларды кармоого жана ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө;


9) камакка алынган адамдарды коштоону жана (же) кайтарууну жүзөгө ашырган ички иштер органдарынын кызматкерлери, аскер бөлүктөрүнүн (бөлүмдөрдүн) аскер кызматчылары жана башка адамдар менен кайтарылуучу адамдарды кайтаруу жана алардын коопсуздук маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;


10) мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон, жарандардын жеке турмушуна, кадыр-баркына жана ар намысына тиешелүү маалыматтарды, башка купуя маалыматтарды жарыя кылбоого;


11) кесиптик жана атайын даярдыктан, аскердик-врачтык комиссиядан, ошондой эле күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга байланышкан шарттарда иш-аракеттерге жарамдуулугун ырастаган мезгилдүү текшерүүдөн (жылына бир жолудан кем эмес) өтүүгө;


12) ушул Мыйзамда, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда, сот бийлик органдарынын ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашырууга.



  1. Сот приставы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:


1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сакташын, укук бузууларды жана иш-аракеттерди токтотушун талап кылууга; мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда ушул Мыйзамда каралган мажбурлоо жана бөгөт коюу чараларын колдонууга;


2) аткаруу аракеттерин көрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында аткаруу өндүрүшүн жөнгө салган мыйзамда каралган учурларда жана тартипте соттук аткаруучу менен бирдикте аймактарга, жайларга кирүүгө;


3) соттордун имараттарында, жайларында, көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда, сот приставдары кызматынын имараттарында жана жайларында болгон адамдардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин текшерүүгө;


4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттордун имараттарында, жайларында, көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда, сот приставдары кызматынын имараттарында жана жайларында болгон адамдарды жеке карап чыгууга, ошондой эле алардын жанындагы буюмдарында курал-жарактын, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын, жарылуучу түзүлүштөрдүн, баңги каражаттарынын же психотроптук заттардын жана коопсуздукка коркунуч туудуруучу башка буюмдардын, заттардын жана каражаттардын бар-жогун карап чыгууга;


5) соттун имаратына, жайларына, көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имаратка жана жайларга, сот приставдары кызматынын имараттарына жана жайларына жеке текшерип кароодон баш тарткан адамдарды, ошондой эле жанында коопсуздукка коркунуч туудурган буюмдарды, заттарды жана каражаттарды алып жүргөн адамдарды киргизбөөгө, ушундай буюмдарды, заттарды жана каражаттарды алып коюуга, көрсөтүлгөн адамдарды кармоого жана аларды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө;


6) административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жүргүзүүдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу чараларын көрүүгө жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү Кыргыз Республикасынын административдик укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырууга;


7) кызматтык милдеттерин аткарууда ички иштер органдарынын, коопсуздук кызмат органдарынын, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле аскер кызматкерлерине көмөктөшүүнү сурап кайрылууга;


8) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга.



  1. Сот приставы өзүнө берилген укуктарды мыйзамга ылайык колдонууга жана өз ишинде жарандардын, кызмат адамдарынын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын басмырлоого жол бербөөгө милдеттүү.


10-берене. Мажбурлоо жана бөгөт коюу чаралары


Сот приставдары колдоно турган мажбурлоо жана бөгөт коюу чараларына төмөнкүлөр кирет:


1) укукка каршы жосундарды токтотуу жөнүндө талап;


2) укукка каршы аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү;


3) инсандыгын тастыктаган документтерди текшерүү;


4) жарандардын буюмдарын карап чыгууга жана өзүн карап чыгууга;


5) кылмыш жасоонун куралы же административдик укук бузуунун тикелей объектиси болгон предметти алып коюу;


6) судьялардын, сот арачыларынын, сот жыйналышынын катышуучуларынын, соттун аппаратынын кызматкерлеринин жана жарандардын ден соолугун, өмүрүн, мүлкүн коргоо максатында тартип бузгандарды сот жыйналышында төрагалык кылуучунун же тиешелүү соттун төрагасынын тескемеси боюнча сот жыйналышынын залынан, соттун имаратынан же жайынан чыгарып салуу;


7) тикелей күч колдонуу;


8) соттун белгиленген тартибин жана ишин бузган массалык тартипсиздиктерди жана топтошкон аракеттерди болтурбоо үчүн атайын каражаттарды (желим таяктарды, көздөн жаш агызуучу газды, кол кишендерди жана ушул сыяктууларды) колдонуу;


9) өзгөчө учурларда уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, жарандардан жана уюмдардан куралдарды, ок-дарыларды, уулуу заттарды кайра берүү үчүн убактылуу алып коюу;


10) административдик укуктарды бузган адамдарды административдик кармоо;


11) мыйзамга каршы келбеген башка мажбурлоо жана бөгөт коюу чаралары.


11-берене. Сот приставынын талаптарынын милдеттүүлүгү



  1. Сот приставынын мыйзамдуу талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле кызмат адамдарынын, органдардын жана уюмдардын аткаруусу үчүн милдеттүү.

  2. Сот приставынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, кордоо, каршылык көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү, анын өмүрүнө, ден соолугуна кол салуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер, ошондой эле сот приставынын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу сот приставынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кол салуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

  3. Сот приставы кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон көлөмдөгү маалыматтар, анын ичинде жеке маалыматтар сот приставдарынын талабы боюнча оозеки же маалымкат, документтер жана алардын көчүрмөлөрү түрүндө, же электрондук алып жүрүүчүдө маалыматты коргоо үчүн уюштуруу жана техникалык чараларды колдонуу менен, акысыз жана ал белгилеген мөөнөттө берилет.

  4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган маалыматты бербөө же анык эмес маалымат берүү, ошондой эле сот приставынын кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылган иш-аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


12-берене. Күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу шарттары жана чектери



  1. Эгерде зомбулук көрсөтпөөчү башка чаралар өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кыла албаса, сот приставы күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу.

  2. Сот приставын ок атуучу курал менен камсыз кылуу тартиби, сот приставдарынын куралдануусунда турган ок атуучу куралдардын түрлөрүнүн, анын ок-дарыларынын жана атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

  3. Күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууда сот приставы төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) аларды колдонууну кечеңдетүү судьянын, сот арачысынын, соттук аткаруучунун, сот приставынын же болбосо башка жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына түздөн-түз коркунуч келтирген, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, аларды колдоно тургандыгы жөнүндө эскертүүгө, мындай учурда күч, атайын каражаттар жана ок атуучу курал колдонулганы жаткан адамга өзү койгон талаптарды аткарышы үчүн жетиштүү убакыт бериши керек;


2) жаракат алган же башка залал келтирилген адамдарга алгачкы жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.



  1. Күч, атайын каражаттар жана ок атуучу куралдар колдонулган бардык учурларда сот приставы аларды колдонгон учурдан тартып 2 сааттын ичинде улук сот приставына жана тиешелүү соттун төрагасына билдирет.

  2. Күч, атайын каражаттар жана ок атуучу куралдар колдонулган бардык учурларда улук сот приставы аларды колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө билдирет, ал эми эмнени (күч, атайын каражат же ок атуучу курал) колдонгондугуна карабастан, өлүмгө, жаракат алууга алып келген же башка көрүнүп турган башка залал келтирилген учурда, андан тышкары туугандарына билдирет.

  3. Күч же курал менен каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурган топтук же куралдуу кол салган учурларды кошпогондо, зомбулуксуз мүнөздөгү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган адамдарга, ошондой эле кош бойлуу экендиги байкалган аялдарга, майыптуулугунунун белгилери ачык көрүнгөн адамдарга жана сот приставына жаш курагы белгилүү болгон жашы жете электерге карата күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга тыюу салынат.


13-берене. Күч колдонуу


Сот приставы кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо же сот актысына ылайык адамдарды кармоо, өзүн коргоо же сот приставынын мыйзамдуу талаптарына каршы аракеттерди болтурбоо үчүн күчтү, анын ичинде атайын кол менен кармашуунун атайын күжүрмөн ыкмаларын жана жардамчы каражаттарды колдоно алат.


14-берене. Атайын каражаттарды колдонуу


Сот приставы төмөнкүлөр үчүн атайын каражаттарды колдоно алат:


1) имараттын ичиндеги судьяларга, сот арачыларына, сот процессинин катышуучуларына, жарандарга кол салууга кайра сокку берүү;


2) өз кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу сот приставына көрсөтүлгөн каршылыкты же ага же болбосо соттук аткаруучуга кол салууга бөгөт коюу;


3) өмүргө, ден соолукка же менчикке каршы кылмыш жасаган же укук бузган адамды кармоо;


4) кармалган адамдарды ички иштер органдарына жеткирүү.


15-берене. Ок атуучу куралды колдонуу



  1. Сот приставы төмөнкүлөр үчүн ок атуучу куралды колдоно алат:


1) судьялардын, сот арачыларынын, сот процессинин катышуучуларынын, ошондой эле жарандардын, соттук аткаруучулардын жана сот приставдарынын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келгенде, аларга кол салууга кайра сокку берүү;


2) курал-жаракты же атайын каражаттарды тартып алуу аракетине бөгөт коюу;


3) сотко жана сот жайларына, көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарга жана жайларга, сот приставдары кызматынын имараттарына жана жайларына топтук же курал менен кол салууга кайта сокку берүү;


4) камактан качып кетүүгө бөгөт коюу, ошондой эле камакта турган адамдарды зомбулук менен бошотууга аракет кылууларга бөгөт коюу;


5) жаныбарлардын кол салуусунан коргоо;


6) коркунуч белгисин берүү, жардамга чакыруу үчүн.



  1. Эгерде сот приставы түзүлгөн кырдаалда куралды колдонуу мүмкүн деп эсептесе, куралын чыгарууга жана аны атууга даярдоого укуктуу.

  2. Кармалып жаткан адамдар тарабынан кол салуучу жана башка атайылап күтүүсүз аракеттерди, сот приставына ал айткан аралыктан жакын келүүгө, командасыз кийиминен бир нерселерди алып чыгууга, анын куралына тийүүгө аракеттер жасалганда, ошого тете эле сот приставына зомбулук коркунучу катары түшүнүк бериши мүмкүн болгон башка кооптуу аракеттер жана кыймылдар жасалганда, ага ушул Мыйзамга ылайык ок атуучу куралды колдонууга укук берилет.

  3. Курал колдонуунун алдында аны колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүү жасалууга тийиш. Жабырланта атуу үчүн ок атуучу куралды колдонгонго чейин, ал милдеттүү түрдө эскертип атуу үчүн колдонулууга тийиш.

  4. Күтүүсүздөн же куралдуу кол салганда, күжүрмөн техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салганда, барымтадагыларды бошотууда, камактан же кармалган адамдар качканда ок атуучу курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.


16-берене. Сот приставынын жоопкерчилиги



  1. Сот приставы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди өз алдынча кабыл алат жана өзүнүн аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартат.

  2. Сот приставынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставына же тиешелүү областтын улук сот приставына, Башкы сот приставына же сотко даттанылышы мүмкүн.

  3. Даттануу менен жогору турган кызмат адамына кайрылуу сотко кайрылуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

  4. Сот приставы укук бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

  5. Сот приставы тарабынан жарандарга жана уюмдарга келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.


4-глава. Сот приставын укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери



17-берене. Сот приставына камсыздандыруу кепилдиктери жана зыяндын ордун толтурууга укук



  1. Сот приставдарынын өмүрү жана ден соолугу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

  2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда:


1) сот приставы кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу кызмат өтөп жаткан мезгилинде курман (каза) болсо же ал жумуштан бошогондон кийин каза болсо, эгерде анын өлүмү сот приставдарынын кызматтык ишине байланыштуу, анын денесине залал келтирилсе же ден соолугуна башка зыян келтирилгендигинен улам болсо, курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда тургандарга мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандыруу каражаттарынан курман (каза) болгондун акыркы ээлеген кызмат орду боюнча, анын жыйырма жылдык эмгек акысы өлчөмүндөгү бир жолу төлөнүүчү жөлөкпул төлөнүп берилет. Курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ар айлык компенсация төлөнөт;


2) сот приставы кызматтык ишин жүргүзүүгө байланыштуу курман (каза) болсо, курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда тургандарга багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалат;


3) сот приставына анын кызматтык ишине байланыштуу денесине залал келтирилсе же кесиптик иштин иштөө мүмкүнчүлүгүн андан ары болтурбаган ден соолугуна башка зыян келтирилсе, мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандыруу каражаттарынан он жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнүп берилет;


4) кызмат өтөө мезгилинде алынган жаракатынан, денесине залал келтирүүдөн, оорусунан улам сот приставы кызмат ордунан төмөндөтүлгөндө, ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен ал төмөндөтүүнүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча эмгек акы (компенсация) төлөнөт.



  1. Сот приставынын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу, ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү жок кылуу же бузуу менен келтирилген зыяндын орду, алынбай калган пайданы кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө толук көлөмдө толтурулуп берилүүгө тийиш.

  2. Сот приставы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекет тарабынан кепилденген пенсия менен камсыздалууга укуктуу.


18-берене. Сот приставын материалдык камсыз кылуу жана социалдык коргоонун башка чаралары



  1. Сот приставы кызматтык максатта ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте тиешелүү транспорттук уюмдардан сот приставдарынын кызматтары тарабынан алынуучу шаардык, шаар айланасындагы жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө (буга такси кирбейт) жол кире документтери менен камсыз кылынат.

  2. Кызматтык максатта өздүк транспортун колдонгон сот приставына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.

  3. Кызматтык иш сапарга жөнөтүлгөн сот приставы кызматтык иш сапардын ырастамасы боюнча транспорттун бардык түрлөрүнө жол жүрүү документтерин кезексиз алууга жана мейманканага жайгашууга укуктуу.


19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши


Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, ыйгарым укуктуу органга тапшырылсын:


өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү;


ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрүү.









Кыргыз Республикасынын


           Президенти

 


А.Ш. Атамбаев