KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө коюулганын кантип текшерсе болот?

28 июля 2022

Чек арадан өткөндө күтүлбөгөн жагдайларга туш болбоо үчүн карызкор экениңизди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтынан текшерүүгө болот.


Сот департаментинин расмий сайтындагы ( www.suddep.sot.kg)  “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн идентификациялык коду менен карызкор катары ал боюнча аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.


Карыз абалын текшерүү — бул аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасы болуп саналат жана жарандарга аткаруу өндүрүшү боюнча статусу жөнүндө, ал аткаруу өндүрүшү Сот аткаруучулар кызматынын кайсы бөлүмүндө жайгашкандыгы жөнүндө маалымат берет.


Ошондой эле, карыз абалын текшерүү сервиси Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы «Түндүк» менен интеграцияланып, аткаруу документи боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалымат (www.portal.tunduk.kg) порталынан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.


Мындан сырткары, бүгүнкү күндө карыз абалын текшерүү «Мбанк» мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.


Эскерте кетсек, сот аткаруучулар тарабынан карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу сунушу берилет, ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде белгиленет.


Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун  жеке жактагы же карызкор юридикалык жак болсо менчигинин түрүнө карабастан жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом чыгарат.