KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Антонина Рыбалкина "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ардагери" медалы менен сыйланды

14 декабря 2023

2023-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Бишкек шаардык сотунун судьясы Рыбалкина Антонина Дмитриевнаны мыйзамдарда белгиленген жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга узатуу боюнча салтанаттуу иш чара болуп өттү.


“Сот тутумунда 29 жыл эмгектенип, өзүңүздүн тырышчаактыгыңызды, ишке ак ниет мамилеңизди көрсөтүп, кесиптештериңиздин урмат-сыйына жана таануусуна татыктуу болдуңуз. Сиздин көп жылдык эмгегиңиз, кесипкөйлүгүңүз жана жоопкерчилигиңиз коомдун жыргалчылыгы үчүн жан аябас эмгектин үлгүсү болуп калды. Ушуга байланыштуу эмгек жылдарыңыз сиз үчүн сыймык болуп, жашооңуз жайбаракат жана жайдары уланып, ар дайым бакыт менен сүйүүнүн курчоосунда болушун каалайбыз. Мындай зор күндү кесиптештердин курчоосунда белгилөө сейрек кездешүүчү жана өзгөчө салтанаттуу көрүнүш ” — деп баса белгиледи Замирбек Базарбеков.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев судья Антонина Рыбалкинаны 65 жаш кутман курагы менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт кааларын билдирип, Сот департаментинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ардагери» медалын тапшырды.


Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев, «Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясы» коомдук бирикмесинин өкүлү жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Жамиля Сабитова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Галия Алымбекова, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү, Бишкек шаарынын райондук сотторунун жана административдик сотунун төрагалары, ошондой эле башка чакырылган меймандар куттуктоо сөздөрүн айтышып, белектерин тапшырышты. Өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүндө судья Антонина Рыбалкинанын кесипкөйлүгү жана жеке жетишкендиктери жөнүндө сөз кылышты.


Иш чара Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиевдин ыраазычылык сөзү менен аяктады. Ал өз сөзүндө ар бир юристтин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү эң жогорку жетишкендик — бул судья болуп эмгектенүү, жөн эле судья эмес, кынтыксыз судья болуу, бул нерсеге Антонина Дмитриевна толук жана татыктуу жетишти деп эсептерин билдирди.