2024-жылдын 22-26-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу максатында Азербайжан Республикасына болгон окуу сапарына катышты.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Шейшеканов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова, Сот департаментине караштуу “Адилет Сот” маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустамбек Шабыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов, ошондой эле санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы катышышты.
Окуу сапары санариптик трансформация маселелеринде кыйла өнүккөн Азербайжандын сот системасы менен таанышуу, ошондой эле сот тутумунун өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар менен модернизация процессинде өлкө алган сабактарды талкуулоо максатында уюштурулду.
Сапардын алкагында катышуучулар Баку шаарындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинде болушуп, анда гибриддик форматтагы долбоордук командалардын жетекчилеринин кеңешмеси өткөрүлдү. Андан соң санариптик экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын маселелери боюнча Азербайжандагы дүйнөлүк экономикалык форумдун төртүнчү өнөр жай революциясын талдоо жана координациялоо борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясы Азербайжан Республикасынын юстиция министринин орун басары менен жолугушуп, ал электрондук соттордун жана сот адилеттигинин башка санариптик кызматтарынын санариптик инфраструктурасы жөнүндө маалымат берди.
Ясамал райондук сотунун судьялары менен жолугушуу болуп, анын алкагында сот тутумун санариптештирүү жана сот адилеттигине маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча презентация өткөрүлдү.
Ошондой эле катышуучулар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган Сумгаит сотуна барып, жогоруда аталган соттун төрагасы жана судьялары менен жолугушуп, сот комплексинин материалдык-техникалык жабдылышы жана санариптештирилиши менен таанышышты.
Мындан сырткары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Соттук-укуктук кеңешинин мүчөсү Сенан Хаджиев жана Жогорку соттун судьялары менен жолугушуулар болуп, санариптик трансформация маселелери талкууланды.
Таанышуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган Баку шаарындагы Нариман райондук сотуна дагы барышып, имараттын санариптештирүү деңгээли менен таанышышты. Ошондой эле делегаттар Кыргыз Республикасынынын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен жолугушушту.