KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумундагы автоматташтыруу тутумдары ийгиликтүү иштеп жатат

09 июня 2022

Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Облустун район, шаардык сотторунда автоматташтырылган маалымат тутуму, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана аудио, видео жазуу системаларынын иштеши көрсөтүлдү.


Аудио жана видео жазуу жабдуулары облуста эң биринчилерден болуп 2019-жылдын август айында, Ак-Суу райондук сотунун 2 сот отурум залында, Каракол шаардык сотунун 2 сот отурум залында жана 4 судьянын иш бөлмөсүндө орнотулуп, иштеп баштаган.


Учурда Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ысык-Көл райондук жана Балыкчы шаардык сотторунун 7 сот отурумунун залдарында атайын жабдуулар орнотулуп, жазык иштерди кароо боюнча сот отурумдарында колдонулууда.


Эске салсак, 2022-жылдын 8-9-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жана Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардын алкагында облустун жергиликтүү сотторунун жамааттары, материалдык-техникалык базасы, имараттардын абалдары менен таанышышты.