Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев 2024-жылдын 12-июнунда санариптик трансформациялоону колдоо максатында сот тутумуна талдоо жана функционалдык байкоо жүргүзгөн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сот тутумуна жүргүзгөн функционалдык байкоо боюнча анализдерди жана сунуштарды берди, ошондой эле санариптештирүү боюнча мындан аркы кадамдар жана Азербайжанга таанышуу сапарына даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Иш чарага Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустамбек Шабыев, Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева, Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева жана башка кызматкерлер катышышты.
Дүйнөлүк банк тарабынан төмөнкүлөр катышышты: Клаус Декер — мамлекеттик сектор боюнча улук адис жана долбоордук топтун жетекчиси, Уран Эсенгелдиев — санариптик трансформация боюнча эксперт, ал эми санариптик трансформация маселелери боюнча эл аралык эксперт Тони Лэнсделл жолугушууга видеоконференцбайланыш аркылуу кошулду.