KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 августа 2024

Урматтуу мекендештер!


Сиздерди маанилүү мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен жалпы жамааттын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!


Бул өзгөчө майрам  –  муундардын уланып, таралышын, Мекенибиздин келечеги үчүн өлкө жарандарынын жоопкерчилигин эскертип турат эмеспи. Учурда бардыгыбыз заманбап демократиялык коомду куруп, мамлекетибиздин натыйжалуу экономикасын калыптандырууга катышып, анын тургундарынын жашоосу жана иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатында эмгектенип жатабыз.


Биргелешкен аракеттер менен гана биз бүгүнкү жетишкендиктерибиздин жемишин элдин жыргалчылыгы, өлкөбүздүн бакубатчылыгы үчүн көрүп, аны көздүн карегиндей сактап жана көбөйтө алабыз.


Аталган майрам эртеңки күнгө болгон ишенимди арттырып, балдарыбыздын жана неберелерибиздин бакубат келечегинин символу болуп, жалпы максаттарбызга жетүүгө өбөлгө болуп, күч-кубат берет деп ишенем.


Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди дагы бир ирет жаркын майрамыңыздар менен куттуктайм! Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган бардык ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!


Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!


 


Урматтоо менен, 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу


Сот департаментинин директору


Урмат Кожомбердиев