KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Эгер сиз чет өлкөгө чыгууну пландап жатсаңыз, карыз абалыңызды текшерип алууңуз керек

09 октября 2024

Эгерде жаран сот аткаруучулардын багыты боюнча карызын убагында төлөбөсө, ага карата чектөө чаралары көрүлөт.


Кабыл алынган превентивдик чаралардын ичинде республиканын чегинен тышкары чыгууга байланышкан чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар болушу мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карызкорлорго убактылуу чектөө коюуга мүмкүн болбогон милдеттенмелердин (карыздардын) суммасын чектөө каралган эмес.


Ушуга байланыштуу чектөө чараларынын көпчүлүгү ар кандай айып пулдардын, анын ичинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдардын негизинде коюлат. Сот аткаруучулар карызкорлорго жарандардын жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүлүүчү карыздар боюнча чектөөлөрдөн тышкары, алименттик жана кредиттик милдеттенмелер жана башка аткаруу документтери боюнча чет өлкөгө чыгууга убактылуу чектөө коюшу мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жарандарды сот аткаруучулардын багыты боюнча карыздарын өз убагында төлөп, жагымсыз укуктук кесепеттерге жол бербөөгө чакырат.


Карыздын бар экендиги жөнүндө маалыматты 0(312) 25-01-54 номерине чалып билсе болот.


Сот департаментинин жана УКМКнын Чек ара кызматынын тышкы миграцияны эсепке алуу тутумдары синхрондоштурулган жана күнү-түнү иш алып барат.


Сот департаментинин расмий сайтындагы ( www.suddep.sot.kg)  “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн жеке идентификациялык коду менен карызкор катары ага карата аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.


Ошондой эле, карыз абалын текшерүү сервиси Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы «Түндүк» менен интеграцияланып, аткаруу документи боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалымат (www.portal.tunduk.kg) порталынан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.


Мындан сырткары, жарандар карыз абалын «Мбанк» жана «MegaPay» мобилдик тиркемелери аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.